Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:00

Баткен шаарындагы бүгүнкү кыргыз-тажик достук фестивалын утурлай облустун губернатору Арзыбек Бурканов “Азаттыкка” маек курду.

"Азаттык": Ушул фестиваль тууралуу учкай айтып бересизби? Тажикстандан конокторуңуз келдиби?

Арзыбек Бурканов: Азыр конокторубузду күтүп жатабыз. Биздин негизги коноктор Согди облусунун төрагасы жетектеген 120 делегат келип атат.

“Азаттык”: Бул достук фестивал деле жөн жерден уюштурулуп жатпаса керек. Ушул айда эле эки өлкөнүн чек аралаш жашаган айылдарында чырлуу окуялар болду. Мунун баары эмнеден улам болуп жатат? Кайталанбашы үчүн эмне кылуу керек?

Арзыбек Бурканов: Эки өлкө ортосундагы чек ара аймактарында бир топ чыр-чатактар болуп келүүдө. Ошону тынчтандыруу максатында эки элдин ортосундагы достук фестивалын өткөрөлү деп чечтик. Мунун алкагында бир топ сүйлөшүүлөр болот. Ушул эки өлкөнүн чек арасында жашаган жарандар кылымдар бою коңшулаш болуп жашап келгенбиз. Достукту бекемдеп, чырларды азайтып, делимитация жана демаркация бүткөнгө чейин эки элдин ортосунда чыр чыгып кетпеши үчүн бир топ жумуштар аткарылып жатат. Анын ичинде биздин маданияттын, искусство кызматкерлери Айгүл гүлдөгөнүн негиз кылып ушул иш чараны өткөрүп жатабыз.

“Азаттык”: Жаздын келиши менен жайыт, жерге байланыштуу да жаңжалдар тутанат эмеспи. Кыргыз тарап ошол жайытка өтчү жолдор тосулат деп атышты эле. Ал иштер кантип атат?

Арзыбек Бурканов: Бул жаатта бир топ жумуштар жүрүп жатат. Биз кол жетпеген жерлерди зым менен тосолу деп мамлекеттен суранганбыз. Биз чек аранын баарын чек ара кызматы менен, же болбосо тосмо зымдар менен тосо албайбыз. Ошондуктан биздин негизги максатыбыз, чек араны тосуп берсе, ошол жерге элди отурукташтырсак деген үмүттөр менен иштерди жасап жатабыз.

“Азаттык”: Чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөр жанданганы маалым. Делимитация, демаркация иштери кайсыл жерине келди?

Арзыбек Бурканов: Буга чейин тоолуу аймактарда аныкталып келген экен. Эми ушул жылы эки жолу сүйлөшүү өттү. Эми 28-апрелде да өтөт. Фергана өрөөнүндөгү чек араларды аныктоо иштери башталды десек болот.

“Азаттык”: Коопсуздукту камсыздоо үчүн чек араны кайтаруу күчөтүлөт деди эле. Баткенде чек араны кайтаруу күчөгөнү сезилип жатабы?

Арзыбек Бурканов: Чек арага 500 аскер берилип бекемделип атат. Бирок өзүңүздөргө маалым болгондой, бюджеттин тартыштыгынан бул сан аябай эле аз. Бирок ага карабастан жергиликтүү бийлик колунан келгенин жасап жатат. Жана жылма миграция деп коёбуз, жерлерибизди өздөштүрүп, эртеңки күндө Тажикстандын жарандары кожоюн болуп чыкпашы үчүн иштер жасалып жатат. Бирок эгерде биз бул аймакты сактап калабыз десек көңүл бурулушу керек.

“Азаттык”: Тажик жарандары сатып алган үйлөрдү кайра сатып алуу башталды эле.

Арзыбек Бурканов: Ооба, туура айтасыз. Бүгүнкү күндө жумушчу топ түзүлүп, тажик жарандары сатып алган Баткендеги үйлөрдү кайра сатып алып иштерү жүрүп жатат.

“Азаттык”: Кайсы жерлерде канча үй сатылып алынды?

Арзыбек Бурканов: Таш-Тумшук айылындагы үйлөрдү сатып алуу үчүн мамлекеттен 10 миллион сом берилип, ал Баткен облусунун казынасына которулган.

“Азаттык”: Жерди аныктоо боюнча облус жетекчилиги кандай сунуштарды көтөрүп жатат?

Арзыбек Бурканов: Делимитация, демаркация боюнча комиссияга биздин жергиликтүү элден, андан сырткары администрациянын жетекчилигинен кирген. Биз дайыма эле сунуштап турабыз. Жерди аныктоодо көпчүлүк маселени жергиликтүү эл гана билет. Алар биздин чек ара кылымдар боюн кайсы жерден өтүп келгенин билет, биздин аксакалдарыбыз ошол жерлерди аныктоодо өз салымдарын кошууда.

“Азаттык”: Мен сизге ушул суроону бере кетейинчи, Тажикстанда той-аштарды өткөрүүгө чектөө киргизилгенден бери ал жактан Баткендин шаарларына келип той өткөрүп кетет дешет. Бул канчалык чын?

Арзыбек Бурканов: Бул маалымат туура эмес. Тажик Республикасынын жарандары Кыргызстандын ичинде той-ашты эч качан берген эмес.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG