Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

Кара-Булакта бир үй-бүлөнү атып кетишти


Кара-Булак айылы. 6-сентябрь, 2013-жыл.
Кара-Булак айылы. 6-сентябрь, 2013-жыл.

Баткендин Кара-Булак айылында бир үй-бүлөнү белгисиз кишилер атып кетти. Окуя 5-сентябрь түнү болгон.

Милициянын маалыматында, атылган октон Эралиевдин 52 жаштагы жубайы, 27 жаштагы уулу, 25 жаштагы келини жана 1 жаштагы небереси жан берген. Кылмышкер ар бирин аңчылык куралы менен чекеге аткан. Тажибай Эралиев учурда ооруканада жатат.

Баткен шаарынан 30 чакырымдай алыс, тоо тараптагы Кара-Булак айылынын четиндеги Тажибай Эралиевдин үй-бүлөсүндөгү кыргынды кошуналары эртеси эртең менен саат 9 ченде гана байкашкан. Милиция барып, кансырап жактан Тажибай Эралиевди райборбордогу ооруканага жеткиргенче саат 11 болгон.

Кылмыш кандай болгон, кимдер жасаган божомолдор азырынча айтылбай турат. Жергиликтүү милиция бул окуя боюнча комментарий берүүдөн карманууда.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев "Азаттыкка" үй ээсинен башка 3 жаштагы небере кызы аман калганын билдирди:

- Маалымат бүгүн эртең менен түштү. Каза болгондордун бардыгы Тажибай Эралиевдин үй-бүлөсү экен. Алардын арасында бир жаштагы небереси да болгон. Тажибай Эралиев өзү тирүү, азыр ооруканада. Дагы бир 3 жаштагы небере кызы аман калыптыр. Ар кандай версиялар айтылып жатат. Аткандар бир нерсе издесе керек, үйдүн ичи аябай чачылган экен.

Айыл четинде отурукташкан бул үй-бүлөнүн кожоюну мал кармап, дыйканчылык кылчу экен. Анын 52 жаштагы жубайы, 27 жаштагы уулу экөөлөп чакан ишкерлик менен алектенишкен.

Белгисиз адамдар үй-бүлө мүчөлөрүнүн баарын 1 жаштагы небересин кошуп түн ичинде, уктап жаткан жеринен аткан. 3 жаштагы небере кыз үй ичинде болгондуктан көз жаздымда калган деген версия айтылууда.

Бул үй-бүлөнүн кошунасы Акбилек Абдуллаева Эралиевди өз оокатына тың, эч кимге зыяны жок киши болчу деп сыпаттап, окуя түн ичинде болгондуктан кырсыктан кабары жок калганын айтты:

- Биз эч нерсе байкабадык. Качан кошуналар ызы-чуу түшүп калганда билдик. Эч кимге зыяны жок кишилер эле. Тажибай ава үйдө мал кармап, Рахат эже (жубайы) Баткенде соода кылчу. Уулу дүкөн иштетчү. Айылда баарыбызга жакшы мамиле кылчу.

Тажибай Эралиевдин канча саат кансырап жатканы беймаалым. Жөөлүп, көрсөтмө да бере албай жатат. Облустук оорукананын баш дарыгери Тургунбай Айжигитовдун айтымында, абалы оор, кан басымы түшүп кеткен.

- Тажибай Эралиев аттуу 1959-жылы туулган жаранды саат күндүзгү 11лерде алып келишти. Кан басымы өтө эле түшүп кеткен. Колдон келгендин баарын жасап, аман алып калуунун аракетинде болуп жатабыз. Ок жаагына тийген.

Милиция кылмышты уурулук кылуу максаты менен келгендер жасаган болушу мүмкүн деп божомолдоодо. Анткени милиция келген учурда үйдүн ичи чачылган абалда болгон. Бирок окуя болгон аймакта иштеп жаткан күч кызматынын өкүлдөрү бул кылмыш ишиндеги аракеттер өткөн айда кыргыз-тажик чек арасына жакын Чорку аймагында болгон окуяга окшош экенин айтышууда.

Эралиевдин үй-бүлөсү жашаган Кара-Булак айылы Өзбекстандын чек арасынан 30 чакырым, Тажикстандын чек арасынан 100 чакырым алыс аралыкта жайгашкан.

Өткөн айда Баткен менен чектешкен Тажикстандын Чорку аймагында Абдукахор Халлоков аттуу тажик жаранынын үй-бүлөсүн атып кетишкен болчу. Айрым серепчилер муну эки элди чабыштыргысы келген чагымчыл күчтөрдүн аракети катары баалашкан.
Баткенде үй-бүлөнү атып кетишти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:51 0:00

XS
SM
MD
LG