Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:25

Баткен: эки жолдун курулушу тең жанданды


Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолу менен катар тажик жарандары үчүн да Ворух-Исфара жолунун курулушу башталмай болду.

Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолу менен катар тажик жарандары үчүн да Ворух-Исфара жолунун курулушу башталмай болду.

Кыргыз-тажик чегинде талаш жаратып келген Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жана Исфара-Ворух жолунун курулушу ишке кирди.

Жолдун курулушуна кыргыз тараптан коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев, ал эми тажик тарапткан коңшу өлкөнүн вице-премьер-министри Муродали Алимардон барды.

Жыл башынан бери чек арадагы жаңжалдарга себепчи болуп келген Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушу жыл башындагы ок атышуу менен коштолгон жаңжалдан кийин токтоп калган жеринен эмес, Ак-Сай тараптан башталды.

Жолдун Ак-Сай айылынан Тамдык жайлоосуна карай бөлүгү өткөн жылы апрель айында башталып, тажик жарандарынын курулушчуларды ташбараңга алуусунан кийин токтоп калган.

Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу.

Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу.

Аталган жолдун курулушу менен бир эле учурда Исфара-Ворух жолу да тажик жарандарынын пайдалануусу үчүн башталды.

Бул жол эл аралык мааниге ээ болуп, эки өлкө жарандары үчүн бирдей пайдаланууга уруксат берилет.

Ак-Сай айылынын Бакай участкасынан жол курулушун баштоого эки тараптын расмий өкүлдөрүнөн сырткары тажик тараптан да жүздөй жай тургун катышты.

Вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев бул жолду кыргыз тарап толугу менен куруп, Кыргызстандын эсебинде болоорун билдирди:

- Биздин аймакта курулушту толугу менен өзүбүз жүргүзөбүз. Эл аралык мааниге ээ болот. Болгону жолду пайдалануу, ким көзөмөлдөп, ким камсыздап турат, кырсык болсо ким карайт ушундай маселелер боюнча келишимге жакынкы күндөрү кол коебуз. Эки тараптын эли зарыл учурда чогуу пайдалана беришет. Бирок Ак-Сай айылын айланып өткөн тарабын негизинен тажик тарап пайдаланат. Биздин жарандар Көк-Таш-Ак-Сай жолун көбүрөөк пайдаланат. Зарыл учурда эки тарап бирдей эле пайдалана алышат.

Жол курулушуна эки тараптан те расмий өкүлдөр катышты.

Жол курулушуна эки тараптан те расмий өкүлдөр катышты.

25 чакырымды түзгөн аталган жол үчүн кыргыз өкмөтү 36 млн. сом бөлгөн. Тажик тарап бул жолдун курулушуна каршы чыгып, эки тараптын чек арачыларынын атышуусунан кийин январь айында иш токтоп калган эле.

Жергиликтүү эл тажик тараптан расмийлер катышып, чек арадагы эки элдин ынтымагын бекемдөө ниетин билдириши иштин андан ары токтоп калбасына кепилдик берет деген ишенимде.

Айыл тургуну Зайнидин Дубанаев өкмөт жол маселеси чечилди деп аймакка көңүл буруу токтоп калбаса деген пикирде. Ал чек араны тактоо, суу бөлүштүрүү сыяктуу иштерди да убагында чечпесе, маселе күн өткөн сайын оорлоп кетет деп чочулайт:

- Жолдун курулушу боюнча жергиликтүү тургундар да талкуу өткөргөнбүз. Кийин маселе жаралбасын, так эреже бекитилсин деп талап койгонбуз. Албетте жол бүтсө, чырлар дээрлик кыскарат. Бири-бирибизге көп кезикпей калабыз. Бирок муну менен эле иш бүттү дегенге болбойт. Алдыда суу жана чек араны аныктоо сыяктуу маселелер бар. Чек аралаш аймакта ишти токтотуп койгонго болбойт.

Жол курулушуна келген тажик жарандары.

Жол курулушуна келген тажик жарандары.

Жергиликтүүлөрдүн демилге башталганы менен маселе толук чечилгенине ишене албай жатышынын да жөнү бар. Анткени өткөн жылы Чарбак окуясынан кийин чыңалууну жеңилдетүү үчүн өкмөт берген убадалар толугу менен сапаттуу ишке ашпай, чек араны тосмолоо сыяктуу иштер орто жолдо калган.

Чек арадагы жаңжалдар боюнча бир топ убактан бери иликтөө жүргүзүп келген жергиликтүү серепчи Хаитали Айкынов чек арадагы маселелер тынымсыз дипломатиялык сүйлөшүү аркылуу чечилиши зарыл деп билдирди:

- Өткөн жылы Чарбактагы жаңжалдан кийин өкмөт убада кылган кээ бир маселелер толук чечилбей калды. Эл азыркы демилге да ара жолдо калбаса экен деп кабатыр болуп турат. Ак-Сай, Самаркандек тарапта суу маселеси курч, аны да чечүү керек. Албетте жолдун курулушун эл көптөн бери күткөн. Дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн негизинде аймактагы бир топ маселелерди чечүүнү улантуу зарыл деп ойлойм.

Тогуз айдан берки сүйлөшүүлөрдөн кийин жол курулушу менен катар Максат-Кулунду көпүрөсүнүн курулушу да башталмак. Бирок Лейлек районунун акими Тилеберди Арипов көпүрө курулушуна тажик тараптан расмийлер себепсиз келбей койгонунан курулуш бул күнү башталбай калганын “Азаттыкка” кабарлады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG