Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

Суу тартыштыгы чыр-чатакка алып келүүдө


Баткендеги жүгөрү талаасы.
Баткендеги жүгөрү талаасы.

Аба ырайынын ченден ашык ысып, кургакчылданып жатышынан Баткенде суугат суунун тартыштыгы чыгып, калкка түйшүк артты.

Мунун айынан дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү төмөндөп, жер жерлерде нараазычылыктар да жаралууда. Бийлик өкүлдөрү мындай болоору тууралуу калкка алдын ала айтылып, көрсөтмөлөр берилген дешет.

Баткен шаарынан анча алыс эмес жерде 10 сотиктей помидор, жашылча жемиштерди жана 1 гектарга жакын тамеки айдаган Сапаргүл күз жакындап калса деле базардан 25-30 сомдон помидор сатып алып жейт. Анткени өзү айдаган эгини суунун тартыштыгынанбы, же аба ырайынын жылдагыдан башкача болгонунанбы, айтоор ойдогудай өспөй жатыптыр.

Таң атпай сууга кезек күтмөй, кошуналары менен жаңжалдашмайы да бар. Мындай болсо ижарага алган жерине сарпталган чыгымы актаар актабасы арсар турганын айтат.

- Таңкы саат беште туруп сууга чыккам. Мына саат он болду, дагы деле кезек жетпей, эгинге суу жеткире албай жүрөм. Быйыл аба ырайы жылдагыдан башкача болуп жатабы, билбейм. Помидорлорум бышайын деген түрү жок, куурап кетүүдө. Бир аз помидор менен жашылча-жемиш, тамеки айдаганбыз. Кошуналар менен суу талашмай. Жерди ижарага алганбыз, актап-актабасын билбейм. Кошуналардын эгиндери да куурап кетүүдө.

Сапаргүлгө окшоп айдоо талааларынан жетиштүү түшүм ала албай калабыз дегендер четтен чыгат. Аба ырайынын минтип жылдагыдан кургакчыл келип, күндүн ысык болушу дыйкандар үчүн кыйла түйшүк жаратып, жыйналып жаткан дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн бир топ төмөндөттү.

Түшүм аз болот

Облустук акимчиликтин жаратылышты пайдалануу жана агро өнөр жайды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ачылбек Бекташов:

- Оруп жыйноо иши 42 пайызга аткарылды. Жалпы түшүмдүүлүк гектарынан орто эсеп менен 17 центнерге айланууда. Бул былтыркыдан 7 центнерге төмөн болууда. Себеби эгиндин өсүү учурунда күн кескин ысык болуп кеткени болду.

Тоолордон келген суунун көлөмү жылдагыдан өзгөргөн жок.

Эгин талааларына да көрсөтмөдөгүдөй берилип жатат. Бирок дыйкандарда суу тартыштыгы күч алды.

Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын 20 чакты тургуну эгин талаалардын кургап кеткенине чыдабай райондук акимчиликке нараазы болуп келишти.

Алар жергиликтүү бийлик дыйкандарды суу менен камсыздоо үчүн чараларды көрүшү керек болчу дешет.

Нааразы болгондордун бири Ыргал Пазилова дыйкан чарбанын бак дарактары да кургай баштаганы үчүн келдик дейт.

- Суу тарыштыгы аябай кыйынчылыкты пайда кылды. Жашообузга түйшүк алып келди. Акимге келүүгө аргасыз болдук. Эгиндерибиз чаңкагандан чаңкады, куурагандан куурады. Ушул 8-айга карап эгинибиз 3 жолу суу ичти. Канчалаган чыгым менен өстүргөн эгиндерибиз куурап калса кыйналат экенсиң да.

Жыл башында быйылкы жылы суу тартыштыгы чыгаары алдын ала билинген. Мындай болоору тууралуу айтылып, жер жерлерге сууну үнөмдүү пайдалануу тууралуу көрсөтмөлөр да берилген. Бирок бул көрсөтмөлөр, сууну азыраак талап кылчу эгин айдоо тууралуу маалымат дыйкандарга толук жетпегендей.

“Үнөмдө, дыйкан”

Облустук акимчиликтин бул жааттагы адиси Ачылбек Бекташовдун айтымында, тоолордон түшкөн суунун көлөмү азайган жок.

- Суу быйылкы жылы аз болоору тууралуу жыл башында бизге Гидрометеорологиялык борбордон маалымдашкан. Биз жер-жерлерге сууну үнөмдүү пайдалануу тууралуу көрсөтмөлөрдү жөнөткөнбүз. Бирок суунун көлөмү аз болгон жок. Болгону эгин талааларына сууну ырааттуу пайдалануу керек.

Баткен облусунда жалпысынан айдоо аянты 61 миң гектардайды түзөт. Анын 35 миңи суулуу, ал эми 25 миңден ашыгы кайрак жерлер. Суу тартыштыгы аба ырайы кургакчыл келбесе деле бул аймакта жыл сайын кайталанчу көрүнүш.

Суугат суунун айынан дыйкандардын майда жаңжалдарынан баштап кетмендеп чабышууга чейин барган учурлары кездешет. Чек аралаш аймактарда болсо кошуна өлкө жарандарынын ири тирешүүлөрүнө алып келгени да бар.

XS
SM
MD
LG