Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

Баткенде кытайлыктар алтын чайкап жатабы?


Суусунда алтын бар делген Көк-Дарыянын жээгинде жүрүп жаткан иштер.
Суусунда алтын бар делген Көк-Дарыянын жээгинде жүрүп жаткан иштер.

Баткендин Кыштут аймагындагы дарыядан кытайлыктар алтын чайкоо аракетин башташы жергиликтүү калкты бейпайга салды.

Тургундар экологиялык абалдан кооптонуп, ылдыйкы айылдардын калкы дарыянын суусу башкача даамданып калганынан чочулашууда.


Кандай иш жүргөнү ачык айтылбаганына эл нааразы

Баткен шаарынан 45 чакырымдай алыста турган Кыштут айылынын четинде кырктан ашык кытайлыктар Көк-Дарыяны ары бери бургулап, алтын чайкоо аракетин баштаганына бир айдан ашып калыптыр. Бирок жергиликтүү тургундардын бири да булар кимдер экенин, эмне кылып жатканын жана кимден уруксат алганын билбейт экен. Анткени бул жерди иштетип, же иштетмекчи болуп жаткандар уруксат кагазды Бишкектен эле алышат да, айыл округ башчысынын макулдугу менен ишти баштаптыр.
Алтын чайкалып жатат делген жер


Кытайлыктар кечип жүргөн суунун төмөн жагында жайгашкан Таян айылынын тургуну Амиракул Алтымышовдун баамында, кен байлыкты иштетүү үчүн алынган уруксатнаамада жергиликтүү калктын кызыкчылыгы эске алынган эмеспи, же бийлик өкүлдөрү “көз кысты, бармак басты” кылдыбы, айтор ачык маалымат жок:

- Кыйла техника иштеп, бузууларды жасап, бирде дарыяны аркы жээке салса, бирде бул жээкке салат. Өтө чоң зыян иштер жүрүп жатат. Келечекте элге, экологияга зор зыян кылат да. Экономикага канча пайда-зыян экенин эл билбейт. Эң башкысы ким уруксат бергенин, кандай иш жүрүп жатканын эл билбейт. Бийликтегилер болсо бири-бирине шылтайт.
Алтын чайкалып жатат делген жер


Бул жергиликтүү тургун иш башталбай жатып ондогон ири техникалар дарыяны ары бери чайкап, төмөн жактан суу ичкендерди, экологиялык абалды эске алган киши жоктугун да кошумчалады:

- Бул иш дагы да күч алса биздин капчыгайдагы бир топ айылдар жабыркайт.

Амиракул Алтымышов аймактагы айылдардын эли өз ара макулдашып, жакынкы күндөрү бул ишти токтотуу үчүн нааразылык акцияларга чыгууга ниеттенип жатканын да эскерте кетти.

Суунун даамы бузулду

Бул жерде иштетилген суу кайра эле дарыяга куюлуп жатканынабы, айтор төмөн жактан суу ичкендер кара май даамданган сууну ичип жатканын айтышат. Чарбак айылындагы Зыйнат аттуу келинди угалы:
Суусунда алтын бар деген Көк-Дарыя


- Ушу кытайлыктар келип иш баштаганы биздин суудан солярканынбы, же башка нерсеби иши кылса бир кызыктай даам чыгып калды. Айла жок ичип жатабыз да...

Кыштут айылындагы мектеп бүтүрүүчүсү Арген болсо бул жерге ири шаймандар коюлуп, иш башталган күндөн тарта мурда бир-эки жерден араң кармачу уюлдук байланыш да тартпай калганын айтат:

- Телефон ушулар келгенден бери тартпай калды. Мурда Жиңген, Жол-Тосор деген жерлерден уюлдук байланышты кармайт элек. Азыр Көпүрө-Башы деген жерге барып сүйлөшүүгө туура келип калды.

Изилдөө иштери жүрүп жатабы, же?..

Райондук бийликтин маалыматына караганда, бул жерге кытайлыктарды Ошто жайгашкан “Эр Мунай” аттуу компания алып келиптир. Баткен районунун акиминин милдетин аткаруучу Сейитмурат Калыковдун айтымында, бул жерде азыр алтын чайкоо эмес, изилдөө иштери гана жүрүп жатат:

- Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары министрлигинен лицензия алып “Эр Мунай” деген компания келди. Кытайлар менен биргелешип иштейт экен. Азыр иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Алтын бар экени аныкталып, булар иштете турган болсо жакшы да. Зыяны да жок. Алар эч кандай зыяндуу нерсе пайдаланбайт экен. Жууп эле алышат экен. Иштеп калышса элге да пайда, районго да пайда болот.
Алтын чайкалып жатат делген жер


Биз иш жүрүп жаткан жерге барганыбызда тосуп чыккан жергиликтүү эки жигит кароолдук милдетин аткарып жатканын, андан ары кирүүгө мүмкүн эместигин айтып, жумушчулар менен жолугушууга уруксат бербей койду:

- Сүрөт тартканга, жаздырганга уруксат бере албайбыз. Бизге ошондой тапшырма болгон. Кырктан ашык кытайлыктар иштеп жатат. Алар эмне кылып жатканын биз билбейбиз...

Канткен менен темир тор менен курчалган жердин ичинде кандай иш болуп жатканы сырттан караган кишиге көрүнүп турат. Ушундан улам жергиликтүү тургундар райондук бийликтегилердин “тек гана изилдөө иштери жүрүп жатат” дегенинен күмөн санашууда. Анткени бул жерде алтынды казып албай, суудан эле чайкап эле алууга болоору өткөн кылымдын орто ченинде эле изилденип бүткөн экен.

XS
SM
MD
LG