Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

11-СЕНТЯБРДАГЫ МҮШКҮЛ ОКУЯ КАЙДАН ЧЫКТЫ?


2001-жылдын 11-сентябрында Америкада болгон террордук актыларга азыркыга чейин түрдүү көз караштар жаралып келет. Кыргызстандык аналитиктер дүйнөнү дүңгүрөткөн ошол теракттар менен Кыргызстанда андан бир аз мурдараак – 1999-2000-жылдары болгон теракттарды бир байланышта карап жатышат.

Ички иштер министрлигинин алдындагы ички аскер бөлүгүнүн башкы командачысы, генерал Ашырбек Бакаев 2001-жылдын 11-сентябрында Америкада болгон теракттар – 1999-жылдын 11-сентябрында, 2000-жылдын 11-сентябрында Кыргызстанда болгон теракттардын туундусу деген ойдо. 1999-жылдын 11-сентябрында Баткен окуясы күчөп турган, ал эми 2000-жылдын терактысына генерал мындайча токтолду:

- Кыргызстанда 2000-жылы да Баткен окуясы кайталана баштаган. Өзбекстанга мурунку жылы кирип кеткен согушкерлер Фергана өрөөнүн аралап чыгып, биз Кыргызстанды бул жагынан бүлгүнгө салабыз деген ойдо Чаткал районуна кирген. Бир чабанды үйбүлөсү менен барымтага алып, койлорун сойдуруп жеп жатканда чабан эптеп бизге кабар жеткирген. Биздин ички аскерлердин отряды аларды дал ушул 11-сентябрь күнү жок кылган. Эл аралык террордук топтор туурасында биздин канкакшап айткан сөздөрүбүзгө дүйнөлүк коомчулук кулак каккан эмес. Ошонун кесепетиненби, кийинки жылы Америкадагы жардыруулар болбоспу... Ошондон кийин гана террорчулукка каршы дүйнөлук коомчулук чара колдонуп кирбедиби.

2001-жылдын 11-сентябрынан бардык ислам кыймылдарына шек туулган жараян башталды. Америка кошмо штаттары Ооганстанга, анан Иракка согуш жарыялады. Соңку кездерде айрым мусулман дин ишмерлери болсо 11-сентябрдагы терактыларды исламды жаманатты кылыш үчүн исламга каршы күчтөр уюштурган деген пикирди жайылтууда. Диний аалым, Бишкектеги ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов да бул пикирге кошулат жана ага өз жүйөөлөрүн келтирет. Анын айтуусунда, жүрөктүн үшүн алган ошол терактыларга Усама Бен Ладендин түздөн-түз катыштыгы бар деп жарыя салынып, же аны кармашканы, же аны камашканы жок. Анын атын туу кылып, болбогон жерден карапайым калкты – Ооганстанды талкалашты. Саддамды шылтоолоп – Иракты талкалашты.

Бишкектеги борбордук мечиттин имам-хатиби Молдо Шакир Маматов алигиче ошол жер солкулдаткан теракттарды мусулман жасагандыгы далилдене элек деген пикирде. Ал Америка Кошмо Штаттарына барганда ошо 11-сентябрдан кийин кайра Америкада ислам динине киргендер көбөйүп жаткандыгы тууралу маалымат алыптыр.

Көрүнүктүү саясатчы Дастан Сарыгулов 59 өлкө ислам дүйнөсүнө кирерин, ал өлкөлөрдө 1 млрд 259 млн. калк жашарын маалымдады. Анан ислам дүйнөсүнө Америка өзүнүн наркын, коом түзүлүшүн, өзүнүн жүрүм-турумун акчанын күчүнө, куралдын күчүнө салып таңуулаганына каршылык иретинде ошол 11-сентябрдагы окуя болду деп эсептейт.

Эл аралык террорчулукка каршы эл аралык уюмдардын, айрыкча Шанхай кызматташтыгы уюмунун ишин оң баалаган кыргызстандыктар да кыйла. Улуттук коопсуздук кызматынын жооптуу кызматкери Талант Разаков жакында өткөн Бишкек саммитинде Шанхай кызматташтыгы уюмуна кирүүгө талаптангандар арбын экендиги айгине болгондугун баса белгилейт.

Кожогелди Култегин, Бишкек

XS
SM
MD
LG