Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:57

Баткен окуясынын таржымалы


Ооганстандын Кундуз провинциясындагы Өзбекстан ислам кыймылынын желдеттери. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.

Ооганстандын Кундуз провинциясындагы Өзбекстан ислам кыймылынын желдеттери. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.

“Манаста” коалициялык күчтөрдүн базасы ачылганга чейин Кыргызстан 1999-2000-жылдары террордук кол салууну баштан кечирген

Өзбекстан ислам кыймылы деп аталган куралдуу топ эки жыл катары менен өлкөнүн аскердик даярдыгын сыноого алган. Мындан он эки жыл мурун болгон ал окуя “Баткен коогалаңы” деген ат менен тарыхта калды.


Куралчан караандар, алгачкы туткундар


Баткендин Зардалы айылында 1999-жылдын 30-июлунда жыйырмага жакын куралдуу адамдар байкалган. Жергиликтүү бийлик аталган адамдар айылдан тамак-аш сатып алып жатышкандыгын борборго билдирет. 6-августта согушчандар менен сүйлөшүүгө барган райондун акими Абдрахман Маматалиев менен бирге үч аскер адамы туткунга алынган. Барымтадагылар бир жумадан соң бошотулуп, бирок коомчулукта анын акысына элүү миң АКШ доллары жана тамак-аш берилгендиги туурасында маалымат тараган.

Бирок ошол учурдагы ички иштер министри Өмүрбек Кутуев барымтадагыларды бошотууга акча төлөнбөгөндүгүн ырастады:

- Анда элүү миң деп кандайдыр бир акча туурасында сөз жок болчу. Анткени андай каражатты каяктан алууга болот эле. Казынада болсо андай чыгымдар каралган эмес. Бирок ошондой сөз тарап, элүү миң алып алышып, согушчандар ага курал сатып алышып кайра бастырып киришкен экен дегендер болду. Бирок мындай нерсе болгон эмес.

Кыргызстандын аймагына кирген куралчан топтор Өзбекстан ислам кыймылына таандык экендиги жана анын жетекчилери Тахир Юлдашев менен Жума Намангани туурасында маалыматтар ачыкка чыккан. Баткенге кирген куралчандарды Абдували Абдулазиз жетектеп, ал өлтүрүлгөндөн кийин амирликти Юсуф Абдурахманов деген можахед өткөрүп алган. Согушчандар барымтадан бошотулгандар аркылуу улам-улам Өзбекстанга өтүүгө коридор берүүнү талап кылып турушкан. Бирок Кыргызстандын бийлиги алар менен жашыруун сүйлөшүүгө барган эмес.


Башкаруудагы шалаакылыктар


Майда-майда топторго бөлүнүп жүрүшкөн согушчандардын негизги күчтөрү Тажикстандын Кара-Тегин аймагынан ашуулар аркылуу кирип-чыгып турушкандыгы мурда эле белгилүү болгон. Ошол кездеги Улуттук коопсуздук министринин орун басары Мирослав Ниязов коогалаңдан төрт жыл мурун өлкөнүн жетекчилигине маалымат берилгендигине карабастан коопсуздук чаралары көрүлбөгөндүгүнө токтолду:

- Биз Ооганстандагы Мазари-Шарифте резидентура ачышыбыз керек деп мен президент А.Акаевге жана өкмөт башчысы А. Жумагуловго кат жазган болчумун. Бирок 1995-жылы, 1996-жылы дагы бул маселеге алар көңүл бурбай койушту. Биз ошондо болгону ал жактан алдын ала маалымат алып туруш үчүн резидентураны кармаганга жылына 300 миң сом сураган болчубуз. Бирок аны угушкан жок. Натыйжада согушчандар кирип келип, биз ага даяр эмес болуп чыктык.

15-августта Өзбекстандын аскер аба күчтөрү можахеддердин жайгашкан базаларына сокку урам деп, Чоң-Алайдын Тажикстан менен чектешкен Кара-Тейит айылын бомбалаган. Анын натыйжасында айылда адам курмандыктары жана оор материалдык зыян келтирилгендиги катталган.

Бийлик менен можахеддердин ортосундагы сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурагандан кийин алар Баткендин Зардалы, Кожо-Ашкан жана Кан айылдарын өз көзөмөлүнө алып алгандыгы туурасында маалымат тарайт. Кыргызстанда жарым-жартылай аскерге чакыруу башталып, Баткенге эки миң адамдан ашуун куралдуу күчтөр түшүрүлгөн.

Өмүрбек Кутуев ошол учурда кырдаалды жөнгө салууда башынан баштап эле туура эмес чечимдер кабыл алынгандыгын белгиледи:

- Аны жөн эле атайын операция катары ИИМ, УКМКнын күчү менен эле согушчандарды жок кылсак болот эле. Анын ордуна биздикилер олчойгон аскер техникасын алып барышып, миңдеген адамдарды ал жакка жөнөтүшкөн. Ойлоңузчу, Зардалынын тоолоруна тягачтын же танктын кереги бар беле? Башында ал жакта он сегиз эле согушчан жаткан. Кийин аскерлердин киргенинен чочулап тигил жактан кошумча күчтөр келбедиби. Анан калса бул жактан буйруктар чыгып, коргоо министри М. Субанов менен анын орун басары И. Исаковду кызматтан алышты, мени болсо Чоң-Алайга койушту. Анан ал жакты Топоев менен Жанузаков башкарып калбадыбы.


Шамкеев менен жапон геологдордун туткундалышы


Согушчандар он сегизинчи августтагы биргелешкен операциянын натыйжасында артка сүрүлүп, өкмөттүк аскерлер Баткен менен Чоң-Алайдагы куралдуу топторду толук тазалаган. Бирок 22-августта Тажикстандын аймагынан кайрадан кирип келишкен куралдуу топтор Алтын-Жайлоо аймагынан жапониялык геологдорду жана ички аскерлердин генералы Шамкеевди туткундашкан. Бул жолу согушчандар менен сүйлөшүү демилгесин укук коргочу Турсунбек Акун өз мойнуна алган.

Турсунбек Акун маанилүү маалыматтар менен бирге колго түшкөн генералдын жана жапон геологдорунун жазган каттарын алып келгендигин мындайча эскерди:

- Мен аксакал имамдар менен биргеликте Зардалы менен Кожо-Ашканга чейин барып, алар менен сүйлөштүм. Можахеддердин чоңу Юсуп Абдурахманов менен жолуктум. Алар бизге генерал Шамкеевдин жана жапон геологдордун жазган каттарын беришти. Биз ошол каттарды алып, генерал Чотбаевге тапшырдым.

Бирок барымтадагыларды бошотуу аракеттери оң натыйжа бербей, можахеддер менен өкмөттүк аскерлердин ортосундагы кагылышуулар улана берген. Эң оор салгылаштар Айдаркен шаарчасынын үстү жагындагы жана Кадамжайдын этегиндеги Сырт жана Газ аймактарында орун алган. Капыстан болгон кол салуудан Сыртта жыйырмага жакын аскер окко учкан.


Чет элдеги сүйлөшүүлөр


Күзгө таяп, күн сууктап, аба-ырайынын бузулушу Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө жагымдуу шарт түзгөн. Баткендеги жана Чоң-Алайдагы ашуунун жабылышынан чочулашкан согушчандар артты көздөй чегинишип, колго түшкөн барымтадагыларды өздөрү менен кошо ала кетишкен. Бирок мындай жагдай Кыргызстандын бийлигин согушчандар менен сүйлөшүүлөрдү эл аралык деңгээлде жүргүзүүгө мажбурлаган. Сауд Арабстанда, Пакистанда, Ооганстанда жана Тажикстанда можахеддердин башчыларына таасир эте ала турган адамдар менен сүйлөшүүлөр орун алган. Бул сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү укугу ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулуна жана диний аалым Садыкжан Камаловго тапшырылган.

Садыкжан ажы Камалов мына ошол сүйлөшүүлөр оор шарттарда өткөндүгүн кошумчалады:

- Биз барымтадагыларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө өз жолубуз менен аракеттерди жасадык. Бир катар диний аалымдар менен диндар таасирдүү адамдарды ортомчу кылып, мына ошол талап коюп жаткандар менен сүйлөштүк. Биз аларга барымтадагыларды кармап, кадыр-барк таппай тургандыктарын түшүндүрүп, Кыргызстан алар үчүн коркунуч жарата турган мамлекет эмес экендигин айткандан кийин гана иш оң жагына чечиле баштады. Бирок мына ошонун бардыгы бир канча түйшүк, убаракерчилик менен коштолгон оор шарттарда өткөн. Эми мунун бардыгы тарых болуп калды. Биз мына ошол ишти мекенибиздин тынчтыгы үчүн жасадык.

Маалыматка караганда, бул кагылыштарда Кыргызстан жетимиштен ашуун аскеринен ажырап, жүздөгөн жоокерлер жараат алышкан. Ошондой эле армиянын жана башка күч түзүмдөрүнүн чыгымына деп миллиондогон сомдор жумшалып, бирок каражаттын көбү орто жолдон жок болуп кеткендиги жазылып жүрөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG