Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:35

Жаңжалды болтурбоого кадам ташталды


Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийинки кырдаал, 28-апрель, 2013-жыл
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийинки кырдаал, 28-апрель, 2013-жыл

Баткенде "Коомдук аракеттер аркылуу жаңжалдардын алдын алуу" долбоору иштей баштады.

ЮСАИД уюмунун бул долбоорунун негизинде түзүлгөн жарандык алдын алуу түйүндөрүнүн максаты - кай жерде кандай чыр болбосун тиешелүү органдарга тез кабарлоо менен чыңалуу жаратчу маселелерди чечүүгө көмөктөшүү.

Долбоорго жергиликтүү элдин көзү түз. Мындай аракет бир эле жолу болуп унутулбай, ар качан туруктуу иш алып барса дешет.

Азырынча жарандык түйүндөр түзүлүп, анын мүчөлөрү коомдук башталышта гана иштеп, атайын окуулардан өтүштү.

Ворухтагы жанжалда жабыркаган унаа, 29-апрель, 2013
Ворухтагы жанжалда жабыркаган унаа, 29-апрель, 2013
Иш натыйжалуу болуусу үчүн бул түйүндөргө техникалык колдоо да көрсөтүлөт. Жаңжал чыгып же опурталдуу кырдаал жаралса, тийиштүү кызматтар жеткенче жер-жерлердеги алдын алуу түйүндөрү баштапкы жайгаштыруу иштерин баштай бермекчи. "Бул чыңалуунун андан ары кеңейип кетишине тоскоол болот" дейт топтун мүчөсү Турсунали Төлөмүшов:

- Демилге натыйжалуу иштеп кетиши үчүн бир топ сунуштарды бердик. Азыр талкууга алынып жатат. Колдоо тапса кыйла жакшы болот. Жер-жерлерде ушундай топтор жакшы иштесе, ар кандай жаңжалдарды алдын алууга жардам бермек. Мисалы, бир жерде чыр-чатак чыгып калса, тийиштүү кызматтар жетип барганча жергиликтүү топтор алдын алуу аракетерин баштай берет. Маселе оорлоп кеткенче токтотуп калууга жетишсе болот.

Жарандык түйүндөр менен тыгыз кызматташчу облустук кеңешме комитетинин төрагасы губернатордун орун басары болгондуктан ыйгарым укуктары бир аз кененирээк. Бирок облустук башкарууда да тынымсыз эле кадр алмашуулар жүрүп, туруктуу болбогонунан улам иштин натыйжасы азыраак болуп жатканы айтылып келет. "Бул комитеттин туруктуу иштеп кетишине мамлекеттик кызматтардын улам реформага тушуга бериши да бут тосот экен" дейт комитет мүчөсү Хаитали Айкынов.

- Облустук кеңешме комитетинин иши жакшы. Анткени ар бир көйгөйлүү маселе боюнча анализ жасап, тийиштүү кызматтарга сунуш берет. Бирок ыйгарым укуктары менен сунушталган маселелердин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн улам төрагасы алмашпай, туруктуу иштесе жакшы экен.

Коомдогу чыңалуулар менен пикир келишпестик, жаңжалдар жаралганда гана мындай маселе бар экен деп ошого жараша аракеттер башталат дегендер да жок эмес. Жергиликтүү активист Зиябидин:

- Менимче качан гана бир жерде жаңжал чыга калганда бул маселени көтөрбөй дайыма иштей турган болушу керек. Антпесе бул иштер качан гана бир жерде чыр күчөгөндө иштеп анан токтоп тургандай уюмдун иши натыйжалуу болушуна ишенбейм.

Ар кандай пикир келишпестиктердин алдын алууда атайын бул багытта иштеп турган кызматтын болгону жакшы. Бирок качан гана эл аралык уюм демилгечи болгондо эмес, ар качан туруктуу болушуна шарт түзүү зарылчылыгы башкы маселедей.

XS
SM
MD
LG