Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:59

Орусиядагы Баткен согушунун жоокерлери


Баткен согушунда барымтага алынган жапон геологдорунун турак жайы. Баткен , 1999-жыл

Баткен согушунда барымтага алынган жапон геологдорунун турак жайы. Баткен , 1999-жыл

Учурда жан багуунун айласын издеп, Орусияга агылган кыргызстандыктардын арасынан Баткен коогалаңына катышкан жоокерлерди да кезиктирүүгө болот.

1999-2000-жылдардагы Баткен коогалаңы - Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарындагы өлкө жана анын куралдуу күчтөрү үчүн чоң сыноо болгон. Баткен жергеси аркылуу Өзбекстанга өтүүнү каалаган “Өзбекстандын ислам кыймылынын” согушкерлери менен күрөшүүдө 87 кыргызстандык жоокер набыт болуп, 50дөн ашууну оор жаракат алган.

Мурдагы жоокер - азыркы котормочу

Түштүк Сахалин шаарында иштеп жүргөн Чолпонбек Жээналиев Алай районунун Кара-Сейит айылынан. Анын айтымында, Баткен согушунда төрт жоокер менен бир жоочуну кармашкан.

Орусиядагы мигранттар

Орусиядагы мигранттар

Чолпонбек Жээналиев учурда ал Орусияда соттук териштирүүлөрдө котормочу болуп, жоопко тартылган кыргызстандыктарды коргоп жүрөт.​

- Менин тактаган тизмем боюнча Түштүк Сахалинде азыр Баткен согушуна катышкан 11 киши бар. Көпчүлүгү коопсуздук кызматтарында иштешет, полицияга да кызматка кирип жатышат, курулушта иштеген жигиттер да бар. Бизге мамлекет карабай жатат. Жыргаганыбыздан келген жокпуз, турмуш- тиричиликти ондойлу деп жүрөбүз Орусияда. Мамлекет тарабынан бизге Баткен коогалаңынын катышуучулары деп эч кандай жардам, жеңилдик жок. Облустарда биздин комитеттин союздары бар. Ошолордун жетекчилери чуркап, мамлекеттик мекемелерге, айыл өкмөттөргө кирип, талашып-тартышып жүрүп, кандайдыр бир материалдык жардамдарды алып берип жатат. Биздин ротада 3 взвод бар болчу, 120дан ашуун жигит. Эми жарадар болгондору көп эле болду. Мен өзүм контузия болгом. Бир балабыз каза тапкан. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көп жардам беребиз дешкен. Бекер батир беребиз, 200 миңге чейин акча беребиз, бала-чакасына жөлөкпул төлөп беребиз деген убадаларды айтышкан. Анын канчасы ишке ашты, канчасы сөз түрүндө калды, ким билет? Согушка катышпагандар үйдө отуруп, сүйлөй берет экен…

"Атам 29 гана жашта болчу"

Москвада соода түйүнүндө иштеген Нургүл Намазбекова атасы Баткен коогалаңында каза болгондо 7 жашта экен. Нургүлдүн сиңдилери атасын сүрөттөн эле көрбөсө, өзүн билбей калышкан.

- Август айында атамды аскерге чакырып кетсе, 18-сентябрда бизге суук кабар келген... Ал убакта атам 29 жашта болчу. Мен жети жашта элем. Кичүүбүз беш айлык эле. Биринчи эки жылда майрам күндөрү белектер, гумжардам берилип турчу. Акча тууралуу эсимде деле жок, апам айтып калчу 10-50 миң сомдой берилди деп. Пенсия деп 800 сом алчубуз. Кийин чуркап жүрүп, акыркы беш жылдан бери бир балага 3 миңден берип калышыптыр. Мектепте, жогорку окуу жайда окуу бекер болот дешкен. Ал убакта сөз түрүндө эле убадалар берилип, мыйзамдуу түрдө эч нерсе жасалган эмес. Менин Москвага келгениме бир жыл болду. Кыйналгандыктан бул жакка келип иштөөгө мажбур болдум. Университетти бутөөрүмө бир жыл эле калган.

Мамлекет жоокерлердин эрдигин унуттубу?

Баткен жоокерлеринин республикалык комитетинин мүчөсү Талантбек Акматовдун маалымдашынча, Орусияда жан багуунун айласын издеп жүргөн Баткен согушунун катышуучуларынын арасында орус жарандыгын алып, контракт менен аскердик кызмат өтөп жүргөндөр бар.

Кыргыз жоокерлери. Сүрөттүн макаладагы каармандарга тиешеси жок

Кыргыз жоокерлери. Сүрөттүн макаладагы каармандарга тиешеси жок

Жакында эле комитеттин Москвадагы өкүлү болуп дайындалган ал бардык жоокерлерди каттоого алып, өз ара жардамдашуунун амалын издеп жаткан кези.

- Орусияда эки жүздөй бала бар, Москванын өзүндө 73. Бул толук тактала элек маалымат, мындан көп болушу да мүмкүн. Бул жакта эми бирибиз эки болсун деп жан багып жүрүшөт. Документтери туура болбой, иштеген акчасын ала албай, паспортун жоготуп жиберип, кете албай кыйналып жүргөндөр да бар. Кээ бирлери үй-бүлөсү менен бул жакта. Орус жарандыгын алып, бул жакка контракт менен аскер кызматына киргендер да бар. Бизге өкмөт көңүл бөлүп, жардам берип койсо, ыраазы болот элек. Мисалы, Ооган согушунун катышуучуларынын макамы, жеңилдиктери бар. Биз болсо, өзүбүздү-өзүбүз көтөрмөлөп жүрөбүз. Өкмөт тарабынан убада эле кылышат, бирок эч кандай жардам боло элек.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмундагы Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү, генерал – майор Шерикбай Султанов убагында эл-жеринин керегине жараган жоокерлерге көңүл бурулбай жатканы өкүнөрлүк дейт.

- Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарындагы эң биринчи каргашалуу окуя ушул Баткен коогалаңы болду эле. Ал жерде биздин жоокерлер Кыргызстандын эгемедүүлүгү үчүн, анын чек арасын коргоо үчүн кызмат өтөшүп, курман болушкан. Ошолор бүгүнкү күндө унутта калып бара жатканы өкүндүрөт.

1999-2000-жылдары болгон Баткен коогалаңына 5887 кыргызстандык жоокер катышкан. Көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн эки жүздөн ашуун жоокер «Эрдик» медалы, кырктан ашууну «Манас» ордени менен сыйланган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG