Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:46

Сариев Баткендин бийлигин сынга алды


Премьер-министр Темир Сариев (солдо), унаа жана байланыш министри Аргынбек Малабаев, Баткендин губернатору Жеңиш Разаков. 26-январь, 2015-жыл
Премьер-министр Темир Сариев (солдо), унаа жана байланыш министри Аргынбек Малабаев, Баткендин губернатору Жеңиш Разаков. 26-январь, 2015-жыл

Өкмөт башчы Темир Сариев 26-январда бир күндүк иш сапары менен Баткен облусунда болуп, чек арага жакын аймактарда салынып жаткан жолдордун курулушу менен таанышты.

Облустун 2015-жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйынына да катышты. Өкмөт башчы жергиликтүү бийликтин калкты жумуш менен камсыз кылуу, кысыр калган жерлерди иштетүүдөгү аракеттерине алымсынган жок.

Премьер-министр Темир Сариев Баткенге жасаган бир күндүк иш сапарында кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай айылына барчу, тажик тарапка көз каранды болбогон Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу менен таанышты. Аталган жол чек арадагы жаңжалдарды кыскартуу максатында 2013-жылы башталган. 2014-жылдын башында ушул жолдун курулушунун айынан эки өлкө чек арачыларынын ок атышуусу да болгон.

Жол курулушунун алгачкы бөлүгүнө 92 млн. сомдой каржы сарпталган. Учурда Көк-Таш-Ак-Сай багыты бүткөнү менен Ак-Сай-Тамдык тарабы токтоп турат. Өкмөт башчы Темир Сариев мамлекет колдон келишинче чек ара аймактарын колдоп жатканына токтолду:

- Өкмөт, мамлекет колунан келгенин баарын кылып жатат. Керек болсо карыздап болсо да элибиз кыйналбасын деп, жасап жатабыз. Мына облус жетекчиси элдин маанайы өзгөргөнүн айтууда. Анткени жол боюнча көз каранды болбой калдык деген маанай бар. Эл башкача жүрүп калды.

Жолдордун схемасы
Жолдордун схемасы

Аталган жолдун экинчи бөлүгү - Ак-Сай-Тамдык жолун курууга эки жыл мурда тажик тарап каршылыгын билдирген. Ошондон бери ал жердин курулушу токтоп турат. Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев Ак-Сай-Тамдык жолунун зарылдыгын мындайча түшүндүрдү:

- Бул жолдун маниси биз үчүн зор. Анткени мал-жандыгыбыз ушул жол аркылуу өтүшү керек. Бул жол аяктаса, кен-байлыктарыбызды да иштеткенге мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул Ак-Сай-Тамдык жолу эмнеге токтоп турат, биз билбейбиз.

Баткен. 26-январь,
Баткен. 26-январь,

Өкмөт башчы чек аралаш аймактагы жолдордун абалы менен таанышкан соң, облустук акимчиликтин жыл жыйынтыгын чыгарган отурумуна катышты. Жыйында жергиликтүү бийликтин калкты жумуш менен камсыз кылуу, айыл чарба багытын жандандыруу, айдалбай кысыр калган жерлерди иштетүүдөгү аракетине ичи чыкпай, жергиликтүү бийликти сынга алды.

- Башка аймакта жер издеп жүрүшөт. Баткенде болсо 11 миң гектардан ашык жер айдалбай, иштетилбей калып жатат. Ачык айтышыбыз керек: ушунун кесепетинен чек аралар ачык калып жатат. Баары Ошко же Бишкеке барып жашайбыз дейт. А бул жакта ким калат, ким чек араны кайтарып жашайт? Бул түздөн-түз мамлекеттин коопсуздугуна байланыштуу маселе. Мамлекеттин кубаттуулугун арттырып, коопсуздугуна кам көрүшүбүз керек. Мамлекет, өкмөт ушул чек аралаш аймакта калктын жашап калуусу үчүн кандай гана чараларды көрүп, акчаларды салып жатабыз. Эбегейсиз аракет жумшалууда. Ал эми бул жерде болсо аким менен айыл аймак башчыларынын иш боюнча жоопкерчиликтери жок.

Өкмөт башчысы жыйын соңунда өлкөдө жүрүп жаткан иштер тууралуу жалпы баяндама жасап, камсыздандыруу, кендерди иштетүү, социалдык төлөмдөр тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG