Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

Батукаевдин анализин сураганы жатышат...


Азиз Батукаев Нарын түрмөсүндө "жайыл дасторкондун" четинде отурган учуру.
Азиз Батукаев Нарын түрмөсүндө "жайыл дасторкондун" четинде отурган учуру.

Башкы прокуратура кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыккан Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул иштин натыйжасында Батукаевди бошотуу жагдайлары иликтенип, ага тиешеси барлар жазага тартылышы мүмкүн.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулунун “Азаттыкка” билдиришинче, Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошотулушу боюнча кылмыш иш Жогорку Кеңештеги Батукаев боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде ачылды:

- Кылмыш иш Кылмыш кодексинин 304-беренеси боюнча (кызмат абалынан пайдалануу) 18-июлда факттын негизинде, медициналык корутундулардын карама-каршы болуп жатканына байланыштуу козголду. Бул иш боюнча Батукаевди алып келип, же алып келбесек да Орусияга кан, анализдерин бергиле деп өтүнүч жиберебиз. Бул ишти УКМКга өткөрүп бердик. Эми алар тергөөнү баштоо үчүн Батукаевдин анализдерин алууга өтүнүч жибериши шарт. Ал биздин өлкөлөрдүн ортосундагы Минск конвенциясынын алкагында ишке ашат.

Темирбек Бекмамат уулунун айтымында, эгер бул иштин алкагында Батукаевди абактан мөөнөтүнөн мурда чыгаруу үчүн жалган анализ коюлганы аныкталса, тиелешүү кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылат. Ал эми Батукаевди Кыргызстанга алып келүүгө аракет көрүлүшү мүмкүнбү деген суроого башкы прокурор орун басары так жооп бере алган жок:

- Эми аны алып келебиз, же мындай болот деп айта албайбыз. Бирок бир нерсени айтсак болот, эгер мунун жыйынтыгы менен Батукаевди бошотуу үчүн жасалма жол колдонулганы аныкталса, тиешелүү кызматкерлер жоопко тартылат.

Ал эми УКМКдан болсо бул иш жаңы эле өндүрүшкө келип түшкөнүн айтышып, бирок анын жүрүшү тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышты.

Жогорку Кеңеште Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн бошотулушу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия май айынын аягында корутундусун чыгарган. Анда "мыйзамдагы ууру" айыккыс ооруга чалдыкканы боюнча күмөндүү жагдайлар бар экени белгиленип, өкмөткө буга тиешелүү деген ошол кездеги вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ички иштер министри, саламаттыкты сактоо министри, жаза аткаруу кызмат башчысы баштаган бир катар жетекчилерди кызматынан алуу сунушталган. Окуяга укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага эки ай мөөнөт чектелген.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү Алмазбек Баатырбеков бул боюнча иштин жанданганын колдогону менен андан майнап чыгаарынан күмөн санайт:

- Албетте, Башкы прокуратура кылмыш ишти ачып, аны УКМК тергеп, өздөрү жасай турган процедураны аткарып жатышат. Бирок Батукаевдин анализин Орусиядан суратканынан майнап чыгаары белгисиз. Анткени учурда укуктук жактан алганда Батукаев бош адам, ал анализге макулдугун береби, бербейби бул жообу жок суроо. Ошондуктан ал жактан анализ келет, анан жоопко тартылат деген күмөн санатчу нерсе.

Депутат Баатырбеков Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар делген чиновниктердин кызматтан алынбай жатканын да кошумчалай кетти:

- Биз токтом чыгарган соң анын жүйөлөрүн карап чыгуу үчүн өкмөт атайын комиссия түзгөн эле. Азыр ал иштеп жатса керек. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө парламенттеги тиешелүү комитеттерге тапшырылган. Анын негизинде бул токтомдун аткарылбай калышын күзүндө сөзсүз түрдө талкуулайбыз.

Ал эми өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өкмөттүк комиссия жакынкы күндөрү иликтөөсүн жыйынтыктап, коомчулукка жарыялаганы жатат. Анын жыйынтыгына жараша чечим чыгат.

Криминалдык чөйрөнүн анабашы делген Азиз Батукаев бир нече оор кылмыштар үчүн кесилип, жаза мөөнөтү дагы 8 жылдан кийин аяктамак. Ак кан (лейкоз) дартына чалдыкты деген себеп менен ал быйыл апрелде бошотулуп, "Манас" аэропортунун VIP-залы аркылуу жеке учак менен сыртка учуп кеткен. Кийин парламенттик комиссия "лейкоз" деген диагноз жасалма экенин айтып чыккан.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG