Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Батуминин бусурмандары


Батумидеги намаз
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:29 0:00
Бир караганда баары эле бирдей. Тили деле бир, кийген кийими деле окшош. Анча-мынча сүйлөшө келгенде гана ортодо диний ажырым бар экенин баамдайсың.
Грузиянын курамына кирген Ажарияда бир кезде басымдуу көпчүлүктү түзгөн мусулмандардын катары уламдан-улам суюлуп барат.
Канча кылым Осмон империясынын кол алдында болгон ажар мусулмандары бүгүн жергиликтүү калктын үчтөн бирин гана түзүп калган.
Калгандары кайда кетти?

Бул суроомо жергиликтүү шарап дүкөндүн ээси "ой, аларды түрктөр күчкө салып мусулмандаштырган. Кийин өздөрү эле (исламдан) чыгып алышты", - деди.
"Калгандары деле момун мусулман болуп кыйратмак эмес. Түрктөр алдаштырып, мечит салып берип кармап турат" деп ырастады орус падышанын мезгилиндеги грузин ак сөөктөрүнүн урпагы, чоң атасынын Парижде түшкөн сүрөттөрүн карап отурганыбызда.
Сыртта болсо жаан төгүп жатты. Деги күн ачылаар бекен?

Мейманкананын ээси, жылдыздуу Русико бир келген коногун сооротуш үчүн калп айткысы келген жок: "Батумини "СССРдин табарсыгы" деп коюшчу, басылаар- коёрун кудай өзү билет".
Грузия өз алдынча болуп, виза режими жеңилдеген. Анын үстүнө коңшу Түркия виза талап кылбай калгандан бери ажарларга кудай берди.

Кара деңиз аркылуу соода көбөйүп, дүйнөнүн ар бурчунан саякатчылар каптаган. Деңиз боюна жарашса, жарашпаса деле асман тиреген, менменсинген мейманканалар, казинолор курулган.
Мечит кайда экенин сурасам, мейманкананын кабылдамасында иштеген ак саргыл келген, чачы тармалдашкан орто бой бала ыкластана жол көрсөттү.
Анан "булар бут тосуп, мечит да салдырышпайт", - деди капа болгондой түр менен.
Мечиттин кире беришинде жүдөмүш тарткан аял менен эркек кайыр сурап турду. Короодо эки киши крандагы суудан даарат алып жатышты. Узун орундукта улуураак жаштагы жылаңбаш эки аял бир киши менен кол жаңсап сүйлөшүп отурушту.
Жапыз бойлуу, топу кийген киши мени тил билбейт деп ойлоду окшойт, ичкери кире бер дегендей кол жаңсады.

Орусча сүйлөрүмдү билгенден кийин, "имам азыр намазда, кирип күткүлө",- деди. Мен "сыртта эле күтөм" деп токтоло калдым.
Ошондо бир ирет, атам өлгөндө өз айылымдагы бир бай салдырган жаңы мечитке барсам, ак допу, ак шарвар кийген бирөө арабча чалып сүйлөп, аялдардын да бөлүмүнө киргизбей, жолумду торогонун эстедим.
Жанагы киши кайра жаныма келип, "анда сол жак эшикке бар" деди. Бутумду чечип, ичкери кирсем эч ким жок. Көрсө, аялдар бөлүмү экен.
Эркектер намазга жыгылганын ортодогу чакан терезеден карап турдум. Намаз узакка созулчудай көрүнгөнүнөн жолума түштүм.
Жаан бир аз сээлдеп калыптыр. Кесиптешим менен Тбилисини карай жол тартмакпыз. Шашылып баратсак, арыкчырай бир киши англисче сүйлөп, "кофе ичкиле" деп кыстап, түшүп алды.

Бешенеси жарык, күлсө жаш баланыкындай бүт тиштери көрүнгөн кишинин көңүлүн кыя алган жокпуз.

Каадалана чөнтөгүнөн Аристотелдин китебин алып чыгып барактай баштаса, "ии, профессор турбайбы" деп калдым. Кофе келгенче өмүр баянын бүт айтып үлгүрдү.

Көрсө, түрктөргө арзан сатылып кеткен деңиз соода компаниясынын мурдагы кара жумушчусу экен.

Грузинче демделген кофени ичип бүткөнчө "профессорду" сүйлөтүп алдым эле, көрүп коюңуз.

Ажарлуу "профессор"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:30 0:00
XS
SM
MD
LG