Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:44

Өз жанын кыйган окуучу кимге таарынган?


Иллюстрация
Иллюстрация

Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү 9-класста окуган кыздын өлүмүн иликтеп жатат. Маркумдун энеси буга мектепти күнөөлөп, доомат артууда.

Ысымы белгилүү себептер менен айтылбаган өспүрүм Карача мектебине бир жыл мурда башка жактан келип окуй баштаган. Атасы былтыр каза болуп, апасы Казакстанга иштеп кеткен кызды таежеси тарбиялап жүргөн. Учурда окуучунун эмне себептен өзүнө кол салганын эч ким так айта элек. Өз атын атагысы келбеген кыздын апасы бул кайгылуу окуяга мектепти күнөөлөп жатат.

- Акыркы учурда кызымды классташтары бөлүп-жарып, сабактан сырткары кезде уруп да коюшчу экен. 20-февралда китептерин, күндөлүгүн жыртып кубалашыптыр. Бир кызга жыйырмасы асылып, кордук көрсөтүп жатышпайбы. Анан ал үйгө ыйлап барган. Эжеси ушундан кийин аны мектепке ээрчитип келген. Бирок мугалимдер буга маани беришкен эмес. Кызым жакшы окуп, "Даанышман" деген сынактан жеңүүчү болуптур. Берки кыздар ушуга чычалашса керек. Мага телефон чалып "апа мен бул жерде окуй албайм" деп да айткан, "кызым, үч ай калды чыдап кой" дегем. Анан эле ушул окуя болуп кетти.

Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Аскарбек Канатбековдун билдиришинче, милиция бул окуяны териштирип жатат:

- Бул тууралуу бизге 26-февралда маалымат келип түшкөн. Оперативдик топ барып, каза болгон кызга сырттан медициналык экспертиза жүргүзгөн. Кээ бир адамдардан түшүнүк кат алынган. Ошол учурда маркумдун жакындары сөөктү сойгонго уруксат беришкен эмес. Эч кимге доосу жок экенин билдиришкен. Азыр дагы текшерүү иштери жүрүүдө.

Карача орто мектебинде 580 окуучу билим алып, 41 мугалим эмгектенет. Кыздын класс жетекчиси болсо “Азаттыктын” окуя тууралуу суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

Мектеп директорунун окуу иштери боюнча орун басары Минаш Мамыткулова окуучулар арасында пикир келишпестик, чыр-чатак жоктугун айтып, кыздын өлүмүнө мектептеги кайдыгерлик себеп болгонун четке какты:

- Бул кыз бизге 2014-жылдын сентябрь айында келген. Аябай жакшы окучу. Ошол күнү сабакка келбептир. Телефонуна чалсак, өчүрүлгөн экен. Класс жетекчиси да ошол күнү иштер менен облуска кеткен. Кийин уксак, кыз асынып алыптыр. Мектепте ага чейин эч кандай уруш-талаш болгон эмес, дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз. Шайыр, ачык-айкын сүйлөгөн кыз эле. Бир күн мурда эле эжекесине "мен алдыңкы партага отурайын, чачымды кырксам болобу" деп сураган экен.

Айрым педагогдор кыздын өлүмү үй-бүлөлүк маселелерге да, жаңы чөйрөгө аралаша албай койгонуна да байланыштуу болушу мүмкүн деп болжошот.

Райондук мамлекеттик администрациянын социалдык адиси Дилбара Абдыкалык кызы айрым өспүрүмдөр максаты жана каалоосу орундалбаса, ата-энесинин көңүл буруусу жетишпесе өз жанын кыярын айтууда.

- Бул жерде ата-эненин жоопкерчилиги да чоң роль ойнойт. Анткени көпчүлүк балдар башка колдо тарбияланып жатат. Мындай учурда алардын психологиясы эске алынбайт. Максаты, каалоосу аткарылбай, ата-эне бир гана материалдык жактан камсыздап, ал эми тарбия жетишсиз болуп жатат. Аларга болгон көңүл буруу жокко эсе. Ошол себептүү акыркы учурларда өзүн-өзү өлтүрүү окуучулар арасында көп орун алууда. Ошондуктан бул багытта иш алып баруу керек. Мектепте да иштер жүргүзүлбөй жатат деп айта албайбыз, аздыр-көптүр түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Аскарбек Канатбековдун берген маалыматына караганда, окуучу кыз өлүм алдында кат жазып калтырган. Анда жакындары тарабынан түшүнбөстүк болгону, каалоосу ишке ашпай калганы жазылган экен.

Облус аймагында 2014-жылы 21, быйыл болсо жыл башынан бери беш окуучу өз жанын кыйган.

XS
SM
MD
LG