Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:11

Кыргызстан: Кытай товарлары стандартка ылайык эмес


Кыргызстандыктардын көбү кытай товарларын арзан болгондуктан көп колдонушат. Адистер бул өлкөдө өндүрүлгөн буюм-тайымдар ден соолукка терс таасир берерин билдиришүүдө.

Совет убагында эле Кытай товарлары жогору баалынып, калк арасында чоң суроо талапты жаратчу. Эл арасында демейде аларды чоңдор гана алат деген сөздөр да айтылып калаар эле. Азыр болсо адистер кытай товарларынын стандартка туура келбесин, сапатынын жоктугун айтып жатышат. Бирок ошого карабай 3-5 жылдан бери кытайдан келген товарлардын дээрлиги сапат, стандарт жагынан текшерүүдөн өтпөй келет.


Медицина кызматынын полковниги Султанбек Мамбеталиев жыл сайын аскерге чакырылган балдардын саламаттыгын текшерүүдөн өткөрөт. Ал акыркы кездерде балдар арасында май таман оорусунун көбөйгөнүн белгиледи. Дарыгер мунун себебин кытай бут кийиминен көрөт.

- Май таман эмне үчүн көбөйүүдө? Анткени, азыр бардыгы эле кытай бут кийимин кийет да. Жайы-кышы ичинде супинатору жок бут кийим кийип жүрүү май тамандыкка алып келет. Мурда бут кииймдерде сөзсүз супинатор болгондуктан мындай маселелр болчу эмес.

Асылбек Корчуев - керектөөчүлөрдүн укугун коргоо айкын ассоциациясынын аткаруучу директору. Ал барган сайын кытайлык буюм-ьайымдардын сапатына арыздангандар көбөйгөнүн айтат:

- Деги эле Кытайдан келген товарлардын 60 пайызы сапатсыз. Мисалы, телевизорлорду 5-6 миөге алып бир айга жетепй бузулуп бизге кайрылгандардын саны кбөйүүдө. Аларга барып сертификатын сурасак, сертификаты жок. Эптеп акчасын өндүрүп беребиз же ремонтотуп беребиз биздин башкага күчүбүз жетпейт. Бул амселени мамлекеттик деөгээлде карабаса мынадй болбойт. Бир гана ушундай товарларында эмес Кытайдан келген тамак-ашынын да сапаты жок болуп жатпайбы.

Кыргызстанда кандай нерсе болбосун анын стандарттарын аныктоочу “Кыргызстандарт” мекемеси бар. Кытайдан келген товарлардын стандарттарын билүү максатында ушул мекеменин өкүлү Зулайка Абдраимовага кайрылганбыз. Ал мурда аскерге ж.б. ушундай жайларга жиберилчү бут кийимдерди текшерүүдө “Кыргызстандарттын” кызматкерлери комиссиянын катырына кирип келсе, азыр бут кийимдердин сапатын кароо тизмеден такыр эле алынып салынганын белгиледи. Анын айтымында, азыр кыргыз базарында жайнап турган оюнчуктары да стандартка туура келбейт. Оюнчуктарга фармальдегит деген зат белгиленген нормадан ашыкча колдонулгандыктан баланын саламаттыгына кооптуу келет.

- Кытайдан оюнчуктардын көбү пластмассадан жасалат. Стандарт боюнча фармальдегит 00,2 пайыз кошулушу керек. Эгер нормадан ашыкча кошулса ал фармалдигит бөлүнүп чыгат да, баланын нерв системаларына, ички органдарына бооруна терс таасирин тийгизет. Андан сырткары тапочкаларды кийип жүрүшөт резинадан, ал баланын бутуна ыңгайлуу болушу керек. Фармальдегит ага да кошулгандыктан, клеткалар аркылуу организмге өтөт. Чындыгында, революциядан кийин жакшы болот деп ойлодук эле, тескери болууда. Кытай товары башында жакшы келчү. Акыркы 3-5 жылда дээрлик текшерүүдөн өтпөйт. Бизге текшерүүгө тыюу салып койгон. Текшергенде стандартка туура келбей жатат, бирок беш жылдан бери текшерилбей жатат да, - дейт З.Абдраимова.

Ал эми Монополияга каршы мамлекеттик комитеттин керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн кызматкери азыркы тапта сапат маселеси эч ким тарабынан көтөрүлбөй турганын ырастады.

- Бүгүнкү күндө кандай гана товар болбосун Кыргызстанга кирүү үчүн сертификаты болуш керек. Бирок анда товардын адамга зыян алып келбейби, кооптуубу, жокпу ошонусу эле каралып сапаты каралбайт. Мурда сапаты да кошо каралчу. Азыр чындыгын айтканда, сапат боюнча эч ким деле маселе көтөрбөйт. Алуучу эмне алат, эмне албайт өзү тандайт. Биз келген товарлардын сапатын текшерүүгө акыбыз жок. Бизде андай адисибиз да жок. Муну негизи “Кыргызстандарт” текшериши керек.

Адистердин айтымында, пахта деп сатылып жаткан кытай товарлары деле пахтадан эмес. Сатып алуу учурунда атайын лабораторияга барууга мүмкүнчүлүк жок болсо, алып аткан кийимдин кичине бөлүгүн же жибин күйгүзүп көрсө болот. Эгер ал пахтадан болсо кагаз күйгөндөй жыттанат. Ал эми синтетика болсо ал күлгө айланбай кара болуп тоголоктошуп калат.

XS
SM
MD
LG