Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Бирдикти кымбаттатуунун сыры эмнеде?


"Билайн" компаниясынын сим-карталары. Түркмөнстан. 8-март, 2013-жыл.
"Билайн" компаниясынын сим-карталары. Түркмөнстан. 8-март, 2013-жыл.

“Билайн” операторунун кызматын пайдалангандар 1-апрелден баштап бирдик жүктөө үчүн кошумча акча төлөй баштады. Компания болсо бааны көтөрбөгөнүн, бул ортомчу агенттиктердин иши экенин айтууда.

Бишкек шаарындагы күркө, дүкөндөрдүн дубалдарында 1-апрелден тарта “Билайнга” бирдик жүктөөнүн баасы 9 сом” деген кулактандыруу илинди. Бул оператордун кызматын пайдаланган жарандар үчүн күтүүсүз кабар болду. Бишкектик жеке ишкер Жылдыз Байсаеванын айтымында, анын дүкөнүнө мындай жарыяны “Билайн” компаниясынын кызматкери илип кеткен:

- Мурда бирдик жүктөгөнүбүз үчүн ар бир кардардан 5 сомдон алчубуз. Эми бирдик жүктөгөн ар бир кардардан дагы 4 сомдон кармап калышууда. Мындай үстөк акча кошуунун себебин айтышкан жок.

“Билайн” компаниясынын бирдик жүктөө кызматына болгон баалар бир кылка эмес. Мисалы, Ош шаарында 2 сом 80 тыйынга кымбаттаган. Оштук жеке ишкер Ашим Кочкоров бирдик жүктөгөн акысына мурда 3 сомдон алып келсе, азыр 5 сомдон алууга аргасыз болгонун “Азаттыкка” айтты:

- Бирдик жүктөөгө бааны биз көтөргөн жокпуз. “Билайн” компаниясынын кызматкерлери келип, тариф кымбаттады, кызмат акы үчүн 3 сомдон 5 сомго көтөргүлө деди. Азыр ошол 5 сомдун 2 сом 80 тыйынын компания алып жатат. Бизге болгону 2 сом 20 тыйын калат. Мурда бирдигин толтурган ар бир кардардан 3 сом түшчү.
"Билайн" бирдигинин баасын ортомчу фирмалар көтөргөнү айтылууда.
"Билайн" бирдигинин баасын ортомчу фирмалар көтөргөнү айтылууда.
Бирок “Билайн” компаниясынын маалымат кызматынын башчысы Татьяна Байло бул кабарды төгүндөп, бирдиктин кымбатташына “Билайндын” тиешеси жок деп ишендирди:

- Бирдик жүктөөнүн баасын ортомчу агенттиктер аныкташат. Ошондуктан алардын аракеттерине биз эч кандай комментарий бере албайбыз. Кимдир бирөөлөр сатылган бирдик үчүн ортомчу фирмаларга акы төлөөдөн “Билайн” оператору баш тартып жатканы себеп деген сөздөрдү чыгарышыптыр. Бирок “Билайн” компаниясы ортомчу фирмаларга сатып берген бирдик үчүн акы төлөөнү токтоткон жок. Сиздер “Билайн” компаниясынын бирдиктерин таратуучу ортомчу фирмалардан эмне үчүн бир эле учурда элден да, “Билайн” компаниясынан да акы алып жаткандарынын себебин сураңыздар.

Бирдик маселеси парламентте каралабы?

“Билайн” оператору менен кызматташкан “Киви”, “Кыртелсат” жана “Мобильник” фирмаларына кайрылып, комментарий алуу аракетибизден майнап чыккан жок. “Билайн” оператору жалпысынан бирдиктерди таратуучу 20 ортомчу фирма менен кызматташат. “Мобильник" фирмасынын атын атоону каалабаган кызматкери кызмат акынын кымбатташын “Билайн” уюлдук оператору келишим шарттарын өзгөрткөндүгү менен түшүндүрүп, ал тууралуу маалымат ачыкка чыкпай тургандыгын билдирди.

Кыргызстандагы ири уюлдук байланыш операторунун айланасында түзүлгөн бул жагдайга эми өкмөт кирише турган болду. Өкмөттүн алдындагы Монополияга каршы агенттигинин баа саясатын аныктоо бөлүмүнүн башчысы Назира Алыкулова маселе жума күнү, 11-апрелде караларын билдирди:

- Биздин оюбузча буга тиешелүү органдар кийлигишүүсү керек. Биздин Монополияга каршы комитет ортомчу агенттиктер менен иштешүүнү чечти. Жакынкы күндөрдө алар менен жолугуп, бирдик жүктөөнүн акысы эмне себептен кымбаттаганын аныктайбыз.
"Билайн"компаниясынын бирдиктери 1-апрелден тарта кымбаттады.
"Билайн"компаниясынын бирдиктери 1-апрелден тарта кымбаттады.
Алыкулова 11-апрелде уюлдук компания жана аны менен кызматташкан ортомчу фирмалардын өкүлдөрүнө жолукканда жагдайга карата сунуштарды даярдарын кошумчалады.

“Билайн” компаниясындагы кошумча акы маселесине Жогорку Кеңеш да көңүл буруп жатканын Транспорт жана байланыш комитетинин төрагасы Нурбек Алимбеков тастыктады:

- Биз бул маселени комитетте карайбыз. Кайсы мыйзамга таянып, кызматтарды кымбаттатканын териштиребиз.

Кыргызстанда “Билайн” уюлдук операторунун кардары эки жарым миллиондон ашса, “Мегаком” компаниясыныкы эки жарым миллионго жакын. Ал эми кийинчерээк пайда болгон “О” уюлдук түйүнү 1 миллионго жакын кардарга кызмат кылат. Мындан төрт жыл мурда "Мегаком" компаниясы ар бир коңгуроо үчүн кардарлардан 60 тыйындан акы ала баштаганы Бакиев бийлигине каршы элдик толкундоолордун чыгышынын бир себеби болгон.
XS
SM
MD
LG