Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:37

Кытайда эки миңден ашуун кыргызстандык студент билим алууда. Бээжинде окуган балдар түзгөн "Патриот KG" уюмунун ишмердүүлүгү тууралуу “Азаттыкка” анын теңтөрагасы Улан Таалайбеков айтып берди. Нарында төрөлгөн Улан 23 жашта. Учурда Бээжиндеги Саясий илимдер жана укук университетинин 2-курсунда окуйт.

“Азаттык”: Кытайдын жогорку окуу жайында бекер билим алуу укугун алуу оңой эместир...

Таалайбеков: Албетте, абдан кыйын болду. Бишкекте Кыргыз-кытай институтунда окуп жүргөндө эле Кытайга келүүнү эңсечүмүн. Ал жакта кытайлар аз болгондуктан тил чөйрөсү жок. Ошондуктан Кытайга келүүнү көздөгөм.

Үч жыл бою чуркап, жанталаштым. Ар кандай мамлекеттик программаларга катыштым, гранттарды издедим. Биринчи жылы документим туура эмес болуп өтпөй калдым, экинчи жылы дагы бирдемеси чыкты. Аягында талыкпаган эмгегимдин үзүрүн көрүп, Кудай жалгап тилегим ишке ашып өтүп кеттим.

“Азаттык”: Тил үйрөнүү кыйын болгон жокпу?

Таалайбеков: Негизи кытай тили дүйнөдөгү эң татаал, оор тилдердин катарына кирет эмеспи. Оор болду. Бирок адамдын өзүнүн каалоосунан, аракетинен көп нерсе көз каранды. Үйрөнөм деп максат койсо, ошого жетсе болот.

“Азаттык”: Эмне себептен кытай тилин тандап алдың эле?

Таалайбеков. Кичине чагыман эле Кытайга келүүнү самачумун. Балким, кытай кинолорун көп көрүп калгандыктанбы... Таасирленип, кытай тилин үйрөнсөм деп эңсегем. Ушул максат менен келатам.

Албетте, жөн гана тилди үйрөнбөстөн, келечекте кытайча жакшы сүйлөп, Кыргызстанда кытай тили боюнча чоң даражадагы адис болгум келет. Мекенимдин өнүгүшүнө кичине болсо да өз салымымды кошуп, эки мамлекет ортосунда көпүрө болуп, ынтымак, достук мамилелерди өнүктүрүүгө жардамдашсам дейм.

“Азаттык”: Силердин уюм “Патриоттор” деп аталат экен. Качан түзүлдү эле, максаты кандай?

Тааалайбеков: “Патриот KG” коомдук бирикмеси 2013-жылы Кытай Эл Республикасында окуп билим алып жаткан жигердүү жаш кыргыз жигиттеринин демилгеси менен уюшулган.

“Азаттык”: Орусияда кыргызстандык мигрант балдар-кыздарды видеого тартып, мазактап интернетке чыгарган окуяны уккан болушуң керек... Алар өзүлөрүн “Патриоттор” деген уюмбуз деп жарыялаган. Ошондон уламбы, азыр коомчулукта патриот деген сөздүн мааниси, баркы түшүп кеткендей...

Таалайбеков: Адам кандай жаман иш жасаса да аны уруп-сабап, тепкилеп чыгарган мен үчүн аябай терс, акылга сыйбаган көрүнүш. Балким ошол эле балдардын өздөрүнүн карындаштары, эжелери бардыр. Ошолорду кордолгон кыздардын ордуна коюп карап көрүшсө кандай болот эле? Бул тууралуу айтуу өтө оор. Кээде ыйлагың да келет. Кыргызда “Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба”, деген жакшы сөз бар. Анын сыңарындай, эгер күнөөсү болсо бир күнү өзү эле чыгып, билинип калмак.

Биз уюмубузду эмне үчүн “Патриот KG” деп атадык? Себеби патриот десеңиз ар кайсы тилде түшүнүктүү. Англисче деле, орусча деле, мисалы, патриот десе мекенчил дегенди жакшы түшүнөт. Анан аягына KG деп Кыргызстандын кыскартылган белгисин кошуп койгонбуз.

Биздин коомдук бирикме ачылып, жаңыдан иш баштаганда жанагы сиз айткан уюм жок болчу. Тилекке каршы, кийин алардын ошондой иштери чыгып кетти. Бирок кандай болгон күндө да эч нерсеге карабайбыз, өз тандап алган жолубуз менен кете беребиз. Саясий, диний максаттарыбыз жок. Бир гана билим, маданият жана спорт тармактары боюнча иш-чараларыбызды уюштура беребиз.

2014-жылы Гуйлин технологиялык университетинде Кыргызстандын Маданият күндөрүн өткөрдүк. Ага Гуанчжоу шаарындагы Башкы консул келип катышты. Башка сыйлуу коноктор да болду.

Ошол эле жылы жайында Кытайдан беш бюджеттик орун алып, Кыргызстандан өзүбүз сынак өткөрүп, татыктуу балдарды тандап, бекер окуу мүмкүнчүлүгүн тартууладык. Буга чейин коомдук бирикме ушундай иш жасаганы бир да жолу болгон эмес эле. Сынактын талаптарын өзүбүз иштеп чыгып уюштурдук. Орун сатып алуу, туугандарга тартуу дегенге жол берген жокпуз.

Негизи эле биздин уюм Кытай менен гана чектелбейт. Дүйнөнүн булуң-бурчунда билим алып жүргөн мекендештерибиз менен байланышып, түрдүү акцияларды уюштуруп келатабыз.

“Азаттык”: Силер сыяктуу жаштар Сириядагы согушка катышканы кетип жатат. Көбү ошол жактан мерт болууда. Алардын агымы токтобой жатканына эмне себеп деп ойлойсуң?

Таалайбеков: Бир чети аларды да туура түшүнсө болот. Балким учурунда жакшы тарбия албай калгандыр, ата-эненин мээримин көрбөй калган болушу ыктымал. Балким, жашоонун түрткүсү болду... Акчага азгырылды...

Ислам дининде бир адамды өлтүрүү дүйнө жүзүндөгүлөрдүн баарын өлтүрүү менен тең каралары белгилүү эмеспи. Ислам тынчтыкка, Мекенди, ата-энеңди сүйүүгө, улууну урматтоого чакырган дин да!

Каяктагы согуш? Каяктагы жихад?

Ар кандай уюмдарга азгырылып кирип алып, туура эмес маалымат алгандын кесепети ушундай болуп жатат го деп ойлойм.

“Азаттык”: Кытайга бир нече күнгө келип биз интернеттен аябай кыйналып жатабыз. Социалдык түйүндөргө кире албайт экенбиз. Силер ушундай шартта кантип байланышасыңар башкалар менен?

Таалайбеков: Чынында эле бул аябай көйгөйлүү маселе. YouTube, Facebook, Google, Instagram дегендерге такыр кире албайбыз. Кытай мамлекети өзү кандай маалымат берсе, эл ошону эле алат экен. Бирок биз айрым атайын программалар аркылуу кээде кирип турабыз. А негизинен Skype менен эле байланышып турабыз.

"Азаттык": Ишиңерге ийгилик каалайбыз.

Таалайбеков: Рахмат.

  • 16x9 Image

    Рахат Кеңешова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG