Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

Белгилүү журналист Бейшенбек Бекешовдун эсселеринен.

Эгемендик эсселери

80-жылдарда Союздун кыйрап калышы кимдир бирөөлөрдүн оюна турсун, түшүнө кирген эмес. СССР деген империя өз элин эле эмес, бүткүл дүйнөнүн тең жармын чеңгелдеп, керек болсо канын чыгара сыгып кармап турган. Союздук республикалар Конституция боюнча эгемендүү өлкөлөр деп жазылып турганы менен жөн гана формалдуу нерсе экенин баарыбыз түшүнчүбүз. Себеби алардын өз алдынча мамлекет болуп бөлүнүп чыгышы иш жүзүндө да, ой жүзүндө да мүмкүн эмес эле. Анткени алардын эч убакта бөлүнбөс уюткусу коммунистик партия – КПСС деген бар болчу. Анын айтканы айткан, дегени деген эле. Ооба, ал кезде, сталиндик мезгилдегидей эл душманы деп жарыялоо, репрессиялар, концлагерлер, кишилердин боолап-боолап о дүйнөгө узатуу жок калган. Бирок партия антисоветтик деп жарыялаган кишини мамлекеттик машина сурак-пурак, сот-поту жок эле асфальт таптагычтай тепсеп салат эле. Аты-жыты, бары-жогу билинбей калчу. Айрым Солженицын сыяктуу башы дүйнөгө көрүнүп калган антисоветчиктер менен эле эсептешип, капиталисттик чет өлкөлөрдө абакта жаткан компартия лидерлерине же советтик тыңчыларга алмашылып кетпесе, эркин сүйлөгөндүн баары түрмөдө же жиндиканада болор эле.

Ошентсе да 70-жылдардын экинчи жармынан баштап партиялык-советтик башкаруучулардын ирип-чирий башташына нааразылык иретиндеби же ошол кезде эл кеңири колдонуп калган радио кабылдагычтардан уккан “Голос Америки” деген радиостанциянын үгүтүнөн уламбы, айтор коомдо баканооздор, башкача айтканда, КГБ тыңчылары дээрлик азайып, биздин студенттик мезгил ой жүгүртүүгө деле, сөзгө деле бир топ эркин болуп калган.

Бирок ал кезде маселе эркин ой жүгүртүүдө эмес болчу. Маселе кара түндөй уюган коммунисттик пропагандада болчу. Аны бала бакчанын тарбиячысынан, мектептин мугалиминен тартып, профессор, академиктерге, партиянын Борбордук Комитетинин башкы башкаруучусуна чейин камтыган эбегейсиз зор армия жасачу. Эс-акылы бар киши ага каршы иштечү эмес, тетирисинче, ошонун ичинде өз ордун таап, анан акырын кылтыйтып өз жүзүн көрсөтүүгө, дээринде, канында бир нерсеси болсо ага элдин да, улуттун да кызыкчылыгын аралаштырууга аракет жасайт эле. Сталиндик эт туурагычка түшүп кеткен Касым, Жусуп, Төрөкулдарды айтпаганда да, кийинки эле Аалыкем, Түкем, Чыкемдер да ишинин баарын ошентип жасаган.

Куулук-шумдук дегенди билбеген кайран кыргыз ошол кезде Ленинди өз атасындай сүйөт эле. Ленин болбосо Үркүндө тукум курут болот элек деп ошондо эле айтчу. Согушту жеңди деп Сталинди да жакшы көрчү. Аны ак жеринен жамандады деп Хрущёвду жаман көрөт эле. “Маленков берген байталды, Хрущёв чыгып кайта алды”, - деп анын чарбалык саясатын да келеке кылчу.

Биздин жаштык Брежневдин заманына туш келди. Анын кыргызга пайда-зыяны болгон жок. Ошондой аракетсиздик үчүн ошол мезгил “застой заманы” аталып калды окшойт. Элдин баарына орден тагып, өзү да орден жыйнап өтүп кетти. Ыңгыранып, КПССтин съезддери менен пленумдарынын баяндамаларын эки күн окуйт эле. Акыркы күндөрүндө сүйлөгөнү андан да жайлап, тим эле киши чыдагыс болуп калган. Куудулдар аны укмуш туурашат эле. Бирок сахнада эмес, көчөдө, үйлөрдө, жатаканаларда. Бирок ошол мезгилдин бир өзгөчөлүгү – Брежневди шакабалап туурагандарды кайсы бир баканооз жеткирип барып, кимдир-бирөө куугунтукталганын уккан жокпуз.

Мына ушул эркиндик биздин муундан башталды окшойт. Бизге чейинкилер ооздорунан бир ашыкча сөз чыгып кетсе сөзсүз элеңдеп, эки жагын карап алышар эле. Кыргызстанда обкомдун секретарына, азыркы губернаторлукка чейин көтөрүлгөн бир белгилүү кызматкер болгон. Бала-бакырасы бардыр, атын айтпай эле коёлу. Ошол ашынган аңги чыгып, өзүнө жалгыз-жарым жолуккан келин-кыздын бирин калтырбай зордуктап салчу экен. Кыргызстанда гастролдоп жүрүп кабинетине кирген Союздун эл артисти болгон бир эжекени зордуктап, анысы ошондо Орто Азия республикаларын көзөмөлдөп турган, Өзбекстандын башкаруучусу Рашидовго чейин жетип, анан карга карганын көзүн чокубайт болуп араң басылган дешчү. “Айланып кетейин байкебай, бул аялым эмес, кызым эле, кокуй, коё бер!” – деп анын чеңгелине илинип калган кызын арачалап калгандар да болчу деп айтып беришчү улуу муундагылар.

Биз айраң таң калып: “Буга кандай киши чыдайт?! Колуна өлүп бербейби?!” – деп жиндеп чыксак, “Анда мезгил ошондой эле. Кудай жок эле, обкомдун секретары Кудай болчу”, - деп шыпшынып кутулушчу улуу агаларыбыз.

Ботала молдо

Өнүккөн социализмдин Конституциясын жалпы элдик талкуулоо дегенге катышып калдык. Хрущёв убада кылган коммунизмди кура албай турганыбыз анык болду, бирок кантсе да өнүгүп, дагы бир деңгээлге көтөрүлдүк, мурда ар кайсы эл болсок, азыр совет эли деген жаңы тарыхый жалпылык пайда болду, ошол доорду өнүккөн социализм деп атайлы да, анын өзүнө шайкеш боло турган Конституциясын кабыл алалы деген иш эле. Мен марксизм-ленинизм философиясын илимий атеизми менен кошуп чагып окугандардын катарында элем. Азыр сөзмө-сөз эсимде жок, бирок динге долбоордо сунушталгандан да катуураак каршы чыгып, аны “Советтик Кыргызстан” (ушу тапта "Кыргыз туусу") гезитине жарыяладым.

Айылга келсем раматылык атам таарынат: “Кезитке эмне деп жаздың эле? Молдоке келип, Бейшендин бул эмне кылганы деп аябай нааразы болуп кетти”, - деп. Аалымдыгы боюнча Көлдө теңдеши жок Ботала деген молдобуз бар эле. Молдо атпайдын баары сыйлап, кадырлап турчу. Бирок бир да баланы дин жолуна сала албады. Себеби, балдарга жакындаса эле балээге калмак. Ата-эненин баары балдары үчүн жакшылык динде эмес, мектепте деп билчү. Атама элеттиктер эмнени түшүнмөк эле дегендей кайсар кеп айтып кутулдум. Молдоке болсо менин өзүмө бир ооз жаман сөз айткан жок. Билмексен болду. Ал жүзгө чыгып, кийин мен эс-акылыма, ыйманга келген мезгилди көргөнгө чейин жашады. Бирок айылда, айылда тургай бүт өрөөндө беш маал намазды жападан-жалгыз окуп, элибиздин аруу динин үзбөй, кечээги күндөн бүгүнкү күнгө жеткизген такыба адамдын жүрөгүн канчалык канатканымды кийин өзүм саждага башым тийгенде сездим. Ошондо гана шордуу молдокемдин мен үчүн Кудайдан канча жолу ыйман тилеп жалындым дегенине ишендим.

Молдокем ашкан санжырачы, билбеген балээси жок эле. Азыркы Шинжаңдын ордунда 1944-жылы түзүлгөн, Кытайдан да, СССРден да көз каранды эмес, эгемендүү Шаркы (Чыгыш) Түркстан Ислам мамлекети, анын жетекчиси Ахматжан Касими деген уйгур, коргоо министри генерал Ыскакбек Мониев деген кыргыз тууралуу да, төрт жыл бою жашаган ал мамлекет уйгур менен кыргыздын орток мамлекети болгонун, анын өкмөтүн Сталин менен Маоцзедун кеңешип алып, бир кишисин калтырбай чогуусу менен Бээжинге сүйлөшүүгө деп чакырып, кантип самолёттон авария болду кылып жок кылганы тууралуу да биринчи жолу ошо кишиден уккам. 1979-жылы “Ысык-Көл правдасы” гезитинде стажёрлуктан өтүп жүрүп, ошол өкмөттүн тушунда жашаган, Кытайдан СССРге 50-60-жылдары кайтып келген толгон кыргыздар менен сүйлөшүп, бир чоң журналисттик иликтөө жасасам, аны ал гезит тургай бир дагы басылма баспай койгон. Менин жүрөгүмө эгемендүүлүк тууралуу алгачкы эркин ой мына ошентип Ботала молдокем аркылуу салынган.

Москва университети

Союздун жакшылыктарынын бири Фрунзеде тыңыраак окугандарды борбордук деп аталган жогорку окуу жайларга которушар эле. Мени Москва мамлекеттик университетине которушту. Ал жерде деле өзүмдү окуудан башка эч нерсе билбеген өжөр, ишеними боюнча ашынган марксист катары көрсөттүм окшойт. Бирок студенттердин көбү башкача эле. Биз эзели көрбөгөн кийим, тамак, буюм деген бүт ошол жерде болчу. СССР жылына 36 миллиард долларга Батыш Европага мунайзат сатып, анын көбүн батыштын товарларына айлантып, Москва менен Ленинградды толтуруп койчу. Союздун калган эли ал жакшылыктын бирин көрчү эмес. Мына ошол Батыштын товарлары башын айланткан эл менен окудум. Сабактарды, айрыкча коммунисттик предметтерди баа алуу үчүн гана окушчу. КПСС, анын төбөлдөрү тууралуу жакшы сөз айткан киши жокко эсе болчу. Бирок мунун баары ашкананын айланасындагы гана иштер эле. Өкмөткө, системага каршы уюшуу деген эч кимдин түшүнө да кирчү эмес.

Ар кайсы союздук жана улуттук республикалардан чогулгандар бир топ болуп окудук. Аябай ынтымактуу болчубуз. Чогуу-чаран өткөргөн убактыбыз көп болор эле. Мен ар бир учурга ылайыктуу кыргыздын элестүү жана тамашалуу макал-лакаптарын таап, которуп элди күлдүрө берет элем. “Шо скажет в таком случае мудрый киргизский народ?” – деп бир тамаша күтүп эле менин оозумду карап калышчу. Көбүнчө өз элинин эч нерсесин билбегендер чогулганбы, ким билет, бирок биздин элде ушуга окшош мындай макал же сөз бар деп атаандашкан деле киши чыкканы эсимде жок. Эмнеси болсо да он чакты улуттун өкүлдөрү ичинде кыргыз эли тууралуу жакшы эле пикир калтырдым го деп ойлойм азырка чейин.

Москвада менин да, башкалардын да эсинде калган дагы бир улут чечен болду. Муса Магомедов деген чечен жигит бар эле. Окуу деле билчү эмес, баанын баарын сатып алчу. Акчасы көп болчу. Москванын товарын Чечняга ташуу менен алектенчү. Бирок чатакка жакын эле. Айрыкча энесин оозуна алып сөгүнгөн орустардын катыгын берчү. Биздин тим эле кычуубуз канып калчу. Бир талаш-тартышта кимдир бирөө ага чечендер ушунчалык эле кыйын болсо союздук республика болуп албайбы деп айтты. Ошондо ал жарылып кетип, тигини кокодон алып муунтуп туруп: “Сендей бокко жарабаган союздук республика, сендей бокко жарабаган эл болгуча чечендер сыймык менен өлгөндү артык көрөт”, - деп айтты. Ошондо тигил (анын атын айтып, улутун кемсинтпей эле коёлу) кыңк этпей туруп берди. Ошол жалгыз чечен жигит эгемендүүлүк сенин атыңда эмес, көөдөнүңдө болорун айтканын анда сезбесем да акыркы орус-чечен согушунда айдан-ачык билдим.

Партияга өтүү

80-жылдардагы эгемендүүлүктүн номур биринчи маселеси тил эле. Анда кыргыз тили деп ачык айтып чыгуу кайда! Кош тил деп ураан чакырганга араң жарачубуз. Кыргызстандын баш калаасында кыргызча мектептин, бир дагы бала бакчанын жогун айтып куурачубуз. Иш кагаздарын кыргызча жүргүзүү түшкө да кирчү эмес.

Журналисттик билим алганым менен гезиттерден орун чыкпай, эмгек жолумду басма системасында кенже редакторлуктан баштадым. Беш жылда бөлүм башчылыкка чейин жетип, бир топ эле жооптуу иштерди аткарып калдым. Бирок партияга мүчө болбогон кишинин келечеги анда жок эле. Өзүм өмүр бою даярданган журналистика тармагында партияда жокко андан беш бетер жолдун баары жабык болчу. Интеллигентти болсо партияга эч убакта албайт эле. Ошондо анча-мынча адис жете албаган 180 сомдук маянамды (азыркы 25-30 миң сом болсо керек) таштап, камвол-нооту комбинатына кара жумушчу болуп кирдим. Жумушчуларды болсо эки жылдын ичинде алат эле партияга.

Мага улутчулдук жана мекенчилдик деген сезимдер алгачкы жолу оорудай жуккан жер ошол жер болду. Жумушчулардын ондон тогузу элеттен келген кыргыз жаштары экен. Аларды бир жыл, жарым жыл гана иштетип, анан бир нерсе билип, бир нерсеге түшүнө баштаганда эле кууп кетире беришет экен. Ордуна улам жаңыларды ала берүү системага айланыптыр. Аларды башкарган шаардык орустар менен киргиздерден турган коррупциялык уюшма 20-30 жылдап иштеп, жакшылыктардын баарын (ал кездеги квартира, машина, дача, сыйлык акча, путевка ж.б. толгон нерселерди) ошолор көрөт экен.

Мен буга чыдай албай, жумушчуларды жактап кирдим. Иштеп тапкан мыйзамдуу акчасын да оң бербей, отоп-бутап кууратат экен. Мен иштеген цехтин маянасы жарым жыл ичинде эле мыйзамдуу түрдө 2-2,5 эсеге чейин көбөйдү. Эч ким иштен кеткиси келбей калды. Мени цехтин профкому кылып шайлап алышты. Өзүм да элдин алды болуп, айына 300-400 сом акча таап, бир топ ирденип алдым. Ошол күндөр тууралуу журналист досум Султан Жумагулов “Ай ушу жөн жүрбөгөн Бекешов” деген килейген макала жазып чуу кылган жайы да бар.

Ошентип эки жыл өтүп, партияга кабыл алар күн да келди. Партиялык чогулуш мени партияга алмак турсун, комбинаттан күнчүлүк алыс жерге кууп жок кылыш керек деп чечим чыгарды. Алты киши чыгып сүйлөдү. Баары тең мага улутчул, чатакчыл деген жарлык тагышты. Ошондой болмогун өзүм деле сезгем. Себеби, партия дагы, партиянын жумушчу мүчөлөрү да комбинаттын коррупциялык уюшмасынын колунда болчу.

Ошончо жүргөн соң мен да жөн жүрөт белем. Комбинаттагы уюшкан уурулардын былыгын чукуп туруп, милийсага берип койдум. Анда милиция азыркыдай эмес, башкача иштейт эле. “Ок сенин баланча... жулик, вор...” деп сөгүп-сагып сурап кирди эле, бир жуманын ичинде баары шымдарын булгап салышты. Мен моюндарына койгуч болуп күнүгө тергөөчүнүн маңдайында олтурам... Акыры келишти мага:

- Каалаганың эмне? - деп.

- Менин эмне каалаганымды билбей калдыңарбы? - дейм.

- Сени бир айдын ичинде алалы партияга. Бул ишти эптеп токтот, - дешти.

- Жок, бир ай жарабайт. Эртең даярдангыла да, бүрсүгүнү алгыла. Бирок чогулушта баягы алты кишиден башка эч ким сүйлөбөсүн. Ошондо көрөбүз, - дейм мен.

Алар ошого макул болушту. Чогулушта баягы мени жамандаган алты кишинин бири калбай мени кайра Апендинин кызындай кылып мактап, баштапкы партиялык уюмда мүчөлүккө талапкер кылып бир добуштан кабыл алышты. Милийсаны эми өзүңөр жаап алгыла дедим да ага кайрылып барган жокмун. Милийсага деле мен эмес, тигилердин акчасы керек болчу. Бирок комбинатта андан ары иштөө мүмкүн болбой калды. Мага кекенген уюшкан уурулардын ою бузук болчу. Бирөөнү токко ургузуп же ийрип-тытуучу машиналарга чайнатып өлтүрүп коюу анда оңой эле иш болчу. Андай кырсык күнүгө болбосо да ай сайын болуп турат эле.

Ошентип чогулуштун эртесинде эле арызымды жазып, чечим райондук комитетте бекий электе эле иштен бошоп кете бердим. Элдин баары менин кантип партияга өткөнүмдү угуп, олтуруп-туруп күлүп жаткан. Ошентип өткөн партияга ыраазы элем. Партиянын чыныгы жүзү мен үчүн биротоло ачылган болчу. Эми бул уюмга кайнаса каным кошулмак эмес. Бул 1988-жылдын жайы эле.

Элдик фронт

Гезит-журналдарга кеңири чыккан материалдарыман уламбы, КТР мени ишке дароо эле кабыл алды. Көкөйүмдөгү улуттук жумушчу кадрлар, кыргыз тили жана кош тил маселелери, репрессияланган инсандар, унутулган жана реакциячыл деп аталган адабий агымдын өкүлдөрү, орусчаланып калган кыргыз жер-суу аттары, кыргыз санжырасы сыяктуу темалардын баары жанар тоодой атылып, эфирге чыкты.

Ошентсе да 80-жылдардын аягында чоң турмушка аттанган жаштардын көкүрөгүн өйүгөн эң чоң маселе өлкөбүздүн чыныгы эгемендүүлүгүнүн маселеси болчу. Ал биздин улуттук өзүн өзү аңдап билүүбүз менен эле чыга калды деп айта албайбыз. Анын басымдуу бөлүгү Балтика боюндагы республикалардын таасири менен калыптанды дегенибиз туура болор. Анда азыркыдай интернет деген жок. Маалыматты расмий партиялык-мамлекеттик булактардан гана алабыз. Таза маалымат жокко эсе. Жалаң иштелип чыккан маалымат жетет. Ошентсе да таза маалыматты түз алып турган мамлекеттик мекемелер да болот эле. Мисалы, Юстиция министрлигине ички колдонуу үчүн деп Балтика боюндагы союздук республикалардын баарынын ошол кездеги түзүлгөн жана түзүлүп жаткан элдик фронтторунун программалары келип түшкөн болчу. Ошолорду анда иштеген Жыргалбек Турдукожоев деген досум бар эле, ошол акырын чыгарып берет эле. Анда ксерокс, компьютер деген да жок. Баарын түнү менен машинкага басып, көбөйтүп чыгам. Бир көчүргөндө үч-төрт нуска араң чыгат.

Чөнтөк телефон да жок. Иштеген иши барлардын иш телефону, ал да он чакты кишиге бирөө, айрымдардын үй телефону болот эле. Телефону жокту автобус, троллейбус менен барып, үйүнөн табат элек. Ошентип өзүм тааныган бир топ кишиге таратып жатып, акыры Мелис Эшимканов экөөбүз сүйлөшүп, эл жыйнамак болдук. Жазуучулар союзунун бир бөлмөсүндө өткөн биринчи чогулушубузга алты бала келди: Тынчтык Чоротегин, Сүйүнбек Касмамбетов, Алмаз Акматалиев, Мелис Эшимканов, Райкан Төлөгөнов жана мен. Балтика боюндагы республикалардын программаларынын үчөөнүн тең өзүбүз алгылыктуу деп эсептеген пункттарын жыйнап, Элдик фронт түзмөй болдук. Бирок пикирлештерди көбөйтөлү деп чечтик. Кийинки чогулушбузга он чакты жигит келди. Калпычы болбоюн, ким-кимдер кошулганын так эстей албай жатам. Анда да баягы эле өлкөнү толук эгемендүүлүккө жеткирүү максатын көздөгөн Элдик фронт түзүү маселесин талкуулап, дагы эмне кылууну болжоштук.

Бирок аныбыз КГБ аркылуу жогору жакка жетип калды. Менден акылдуу киши жок, баарын сөз менен, тилим менен жеңем деген Горбачёвдун текеберлиги СССР деген организмге жугуштуу оорудай эле жугуп, бул иште күч структураларын иштетүү оңой болбой калган. Медеткан Шеримкулов агайыбыз Кыргызстанда партиянын идеология боюнча секретары эле. Ал киши да бизди жалаң жүйө менен жайлайм деди окшойт, кайра-кайра чакырып жатып алды. Кантсе да билимдүү, тажрыйбасы ошондо эле мол киши, чогулуп барсак эптеп теңтайлашабыз. Жалгыздап чакырса анын аргументтерине эч кимибиз туруштук бере албайбыз. Ошентип Медеткан агай баарыбызды эжигейдей эзип жатып алды. Болгон талабы Элдик фронт дегенди түзбөгүлө, ал эч качан жакшылыкка алып келбейт дейт. Бирок ушу киши бирибиздин да иштеген жерибизге айтып, ушуларды кыскыла дебегенин, бизге таасир этүү үчүн күч структураларын пайдаланууга аракет да кылбаганын адилеттүүлүк үчүн айтып коюшубуз керек.

Ошентсе да Медеткан агай эч кимибизди муюта албады. Фрунзе музейинин маңдайында комсомолдун бир мекемеси бар эле. Элдик фронттун үчүнчү чогулушу ошол жерде болду. Ага 50дөн кем эмес киши келди. Аны ушул ишти баштаган баягы беш-алты жаш жигит башкарып кеттик деп айта албайм. Биз эзели көрбөгөн, аты-жытын билбеген да кишилер жүрдү. Элге төбөсү көрүнгөн аттуу-баштуулар да келди. Уюмдун, кыймылдын аты элдик фронт эмес, башкача болсун деген сунуштар айтылды.

Ошентип баарыбыз чоң даярдык менен КДКнын Кыргыз драма театрында чогулган биринчи уюмдашуу чогулушуна бардык. Казат Акматов менен Жыпар Жекшеевди мен биринчи жолу ошол жерден көрдүм. Жумагазы Чоң Аюулар жер басып алуу кыймылын түзүп, “Ашар” менен алек болуп жүрүшкөн. Алар да КДКнын бир канаты болуп киришти окшойт. Ошентип толгон кишиден КДКнын башкармасы шайланды. Ага мени да сунуш кылышты. Ошондо кол көтөрүп ордуман туруп: “Урматтуу туугандар! Менин коммунистик бийликке альтернатива боло турган, атаандаша алган коомдук күч түзүү деген бир эле максатым бар эле. Бүгүн мына ошол ишке ашты. Муну менен бийлик эми эсептешпей коё албайт. Мен журналистмин. Журналист деген акыйкат, адилет жана бейтарап болбосо журналист боло албайт. Ошондуктан журналист эч бир кыймылга же партияга кирүүгө тийиш эмес. Мен силерге ыраазымын. Мени эми бул кыймылдын башкармасы тургай, өзүнөн да чыгарып коюшуңуздарды сурайм. Ишиңерге ийгилик каалайм”, - дедим да ушунчалык канагат алып, рахаттанган жаштык ой-сезимиме мас болуп кете бердим.

Ош коогалаңы

Аңгыча 90-жылкы Ош коогалаңы болуп кетти. Бишкекте кыйкырып өкүрүп, ышкырган жаштар алгачкы жолу көчөгө чыкты. Бордордук аянтка бери дегенде 3-4 миңдей эл чогулду. Башкаруучу деген жок, тартип деген жок. Лениндин эстелигинин алдындагы трибунага каалаганы чыгып сүйлөп жатат. КТРден ошол жерде раматылык Сатыбалды Жээнбеков экөөбүз жүрдүк. Ал да чыгып сүйлөдү. Мен да чыдабай сөз алып: “ Кыйын болсоңор Ошко барбайт белеңер...” – деп сүйлөп баштасам, сөзүмдү бүтүрбөй микрофонду жулуп алышып, сүйрөлөп тепкичке түшүрүштү. Аңгыча кайсы бир балдар бир жагыман тартып, алардын колунан сууруп кетишти да, эстеликтин арт жагына алып барып, “Эми көрүнбөй кетип кал. Мынча алып кетпесек, тепкичке жыгылган жериңде бооруңду чыгара тээп салышмак”, - дешти. КГБда иштеген тааныш балдар экен. Курткам да айрылып, асынып жүргөн сумкам да жок.

Аңгыча музейдин алдына өтүп, алысыраакта карап турам. КырТАГдын фотокору болуп жүргөн бир орус жигит бар эле. Шакылдатып эле сүрөткө тартып жаткан. Анын фотоаппаратын жулуп алып жерге чаап, өзүн төпөштөп салышты. Бир кезде караламандын баары селдей агып, бир баланын артынан жөнөштү. Ал куурагыр узай албай чалынып жыгылды эле, кууп жетишип боорун эзе тепкилеп салышты. Көрсө кимдир бирөө өңү саал кыргызга окшобогон, карараак уйгур баланы мына өзбек деп жарыялай салыптыр.

Ошол учурда Кулов ички иштер министри беле айтор, ошонун калкан көтөрүп, каска кийген балдары чабуул коюп кирип, колдорундагы ырзыңке таяктары менен сабап, 5 мүнөткө жеткирбей тынчытып салды баягынча азынаган жаштарды. Көз ачып-жумганча жели чыгып, койчо ийрилип туруп беришти. Эч кимди камакка алып, ызы-чуу деле кылышкан жок. Ошону менен тарап кетишти.

Башкаруусу жок жаалданган карааламандын кандай болорун ошондо биринчи жолу көрдүм. Алар ошол жерден өтүп бараткан Салижан Жигитов агайыбызды да уруп кетишиптир. Аны кечинде эфирге чакырып, сүйлөттүм. Өзү баарын айтып берди. “Силер кан күсөп калыпсыңар, мени жеп анан тынгылачы, ошондон кийин токтогула, алгыла, мени өлтүргүлө!” – дептир курган киши. “Башымдагы шапкемди жулуп ыргытып, колумдагы китепти жулуп алып, ошону менен башка чабышты”, - деп айтып бергени эсимде.

Салижан акени көп киши жаман көрөт эле “Бу кыргызга душман”, - деп. Ал өзү да дегеле эч нерседен тартынбай кыргыздын абийирин айрандай төгүп жамандап сүйлөй берет эле. Көрсө анын баары кыргызды атайылап козутуп, арына келтирүү амалы тура. Кыргыз үчүн күйгөнүнөн өз кадыр-баркын да курмандыкка чалып жиберген андай инсан болбоптур да эми ойлосок. Мени көргөн жерден токтотуп: “Ай, КТРден жалгыз сенин передачаңды көрөм. Сен азаматсың, иштей бер”, - деп айтты байкуш киши бир-эки жолу. Салижан акенин ошол бир ооз сөзү мага өмүр бою эш болду.

Ош коогалаңынан кийин кармалган 200гө жакын кыргыз жигити Өзбекстандын түрмөлөрүнө камалды. Аларды Кыргызстандын түрмөлөрүнө алып келүүгө Абсамат акенин алы жеткен жок. Бул маселени ал өзү дайыма көзүн караган Москва аркылуу да, абайлап-кылчактап мамиле кылган Ташкент аркылуу да чече албады. Жигиттерди болсо ал түрмөлөрдө боштондукка чыкса да узакка жашагыс кылып коюшту. Чынында эле ал жигиттердин дээрлик баары ошондон көп өтпөй эле дүйнө салышты.

Бир күнү мени Кыргызстан КП БКнын идеология бөлүмүнүн башчысы болуп жүргөн Кенжебаев деген киши чакырды. Үй десең үй, кызмат десе кызмат жагын караштырабыз, керек десең партияга дароо кабыл алалы, партия үчүн иште деген сунуш айтты.

Мен бир анекдот айтып берейин ошону уктуңуз беле? - дейм. Ал:

- Эмне анекдот? - дейт. Мен Абсамат акенин ит абийирин кетирип мазактаган бир куудулдун анекдотун айтып бердим. Ал киши:

- Жок, уга элек болчумун, - дейт.

- Мына караңызчы, муну бүт эл билет, бардык жерде айтып, боору катып күлүп жатышат. Бирок аны бир да киши силерге айтып келе элек. Ушундай кадыры бар бийликке кантип иштөөгө болот? Мен ойлонуп көрөйүн, - дедим да кете бердим.

Биздин жаңы тарыхыбыздагы эгемендүүлүк үчүн болгон алгачкы курмандык мына ошол Ош коогалаңында түрмөдө жана андан чыгып набыт болгон жигиттер деп айтканыбыз эң туура болор. Алар болбогондо биздеги Союздан чыкпайт элек, атабыз Ленин эле деген кулк-мүнөздү эч бир күч өзгөртө албайт эле. Анын шылтоосу катары Топчуке тобу менен ачкачылык жарыялап, Ак үйдүн алдына олтуруп алды. Абсамат аке бийлигин тынчтык жол менен өткөрүп берүүгө аргасыз болду.

Коогалаң учурунда Ошко бара албадык. Бир топ кийин, Алайдын Босого жайлоосунда өткөн Курманжан датканын мааракесине барганыбыз эсибизде. Ага бир “Чайка” менен президент болуп Аскар Акаев, экинчи “Чайка” менен партиянын башчысы катары Жумгалбек Аманбаев барды. Раматылык Бекмамат Осмонов кырк жигитти келишкен аттарга мингизип, өзү астына түшүп, Оштун көчөлөрү менен жүрүш жасады. Аттардын туягы асфальтка тийип, чакылдаган үнү чыкканда кыргыздын көзүнөн жаш кетерин, башкалардын оозунан жан кетерин ошондо көрдүк. Эмнеге экенин билбейм, кыргыз атпай баарыбыз ыйладык. Бекмамат аке атчандары менен Ош драма театрынын алдында сыртка чыгып карап турган чоңдорго жакындап келип, атынан ыргып түшүп, тизгинин ошол жерде турган бизге ыргытып жиберип, өзү кадимки баатырлар ханга салам бергендей болуп барып, Аскар Акаевге салам берип, протоколдун баарын бузган.

Бекмамат акелер Оштон Босого жайлоосуна чейин да атчан барышкан. Ош областынын ошондогу акими өзүнө тартуу кылынган аттан шыпырылып түшүп калып, уят болгон. “Аа, мунун ооматы кетти”, - деген элдин баары. Ал чынында эле ошондой болду. Бирок ошол мааракенин да, ошол кездеги кыргыз дымагынын да туу чокусу Бекмамат Осмонов болгон экен эми ойлосок. Бирок Бекмамат Осмоновдун да, кыргыздын дымагынын да, деги эле кыргыздын көөдөнүндөгү эрдик менен эркиндиктин да Аскар Акаевге тыйынча кереги жок болгонун кийинки турмуш көрсөттү.

Горбачёвду бийликтен шыпырам деп КПССти о дүйнөгө жөнөткөн ГКЧП, кыргызча БКЧК деп аталган мамлекеттик кутумга чейин, СССРди биротоло талкалаган Беловеж токоюндагы кийинки ельциндик кутумга чейин да аз эле убакыт калган...

Бейшенбек БЕКЕШОВ

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG