Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:05

Быйыл 31-августта Кыргызстандын Москвадан төбөлсүз мамлекет болгонуна 20 жыл толду. Маанилүү датага байланыштуу тыш мамлекеттердеги Кыргыз элчиликтери түрдүү маданий иш-чарларды өткөрүүнү улантышууда.

Кыргыз Республикасынын Беларус, Литва, Латвиядагы элчиси Эрик Асаналиев элчилик уюштурган маданий иштер, кыргыз-беларус мамилеси тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Сентябр, август айларында Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде өлкөнүн эгемендигинин 20 жылдыгына байланыштуу түрдүү салтанаттар өтүп атты. Беларустагы Кыргызстан элчилиги да өткөн аптада бирин-экин маараке өткөргөн экен. Мына ушул кандай мазмунда өткөрүлдү?

Асаналиев: Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгы жөнүндө сөз болуп аткандан кийин, бул бир эле күндүк иш-чара деп айтууга болбойт. Себеби биздин бул жылдагы иш-чара пландарыбызга элчиликтин да, министрликтин да, өкмөттүн деңгээлинде да бир топ иш-чаралар планга киргизилген.
Эки өлкөнүн ортосундагы байланыштын негизиндеги соода-сатыктын жыйынтыгы быйылкы жылы 160 млн. долларга жетип атат.

Ушунун алкагында элчиликте жылдын башында Токтогул Сатылгановдун чыгармачылыгына арналган кече өткөрүлгөн. Андан кийин Курманжан датканын жылын белгилеп аткандан кийин бул жерде Кыргызстандын тарыхындагы аялдардын ролу, макамы, алардын укуктары, тарыхыбыз жөнүндө кече өткөрдүк эле.

Элчиликтин демилгеси менен бул жердеги окумуштууларды, парламенттин өкүлдөрүн, министрликтерден, интеллигенция, жазуучуларды, журналисттерди чакырдык. Биздин тарыхыбызда Кыз Сайкал болду эле, кичи эпостордо аялдарга берилген роль чоң эле. Тарыхый инсан Курманжан апанын басып өткөн жолу, анын элди бириктирип, сактап калуудагы кошкон салымы зор.

Аялдарга карата өзүбүздүн салтка айланган сый ордубуз, алардын бүгүнкү деңгээлде кылып аткан иштери айтылды. Мисалы, Зууракан Кайназарованын, Телегей апанын, Уркуянын кылган иштери.

Мындан тышкары бизде бир топ аялдар министр болуп келген экен. Тышкы иштер министрлигин башкарган Сагын Бекматова, Күлийпа Кондучалова, Роза Отунбаева 3-4 жолу министр болуп, андан кийин президенттик такка чейин көтөрүлдү.

Кыргыздардын өзүнүн салтында аялдарга берген орду, жолу бар деген деңгээлде ушундай иш-чараларды өткөрүп келе жатабыз. Муну Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгынын астында, 24-августта өткөргөнбүз. Кыргызстанды туризм өлкөсүнө айландырууга болгон иш-чаралардын бири катары тасмаларды көрсөтүп, кыргыз музыкасын жаңыртып, улуттук тамак-аш бердик.

Минск шаарында Советтер Союзунун баатыры Жумаш Асаналиевге орнотулган эстелик бар. Ошол эстеликти шефке алган мектеп, ветерандар коому бар, ошолорду чакырып, элчиликте ачык эшик күнүн өткөрүп, Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү менен жаңы келаткан муундарды тааныштырбасак, ортодогу байланыш бир аз үзүлүп калгандай. Жылдын аягында Кыргызстан-Беларус достук коому менен биргелешип, өлкөнүн белгилүү инсандарынын бири Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган кече өткөрөбүз.

“Азаттык”: Туризм, өнөр-жай, соода-экономикалык тармагын алсак ,Кыргызстан менен Беларус ортосундагы карым-катнашты жандандыруу маселесинин бүгүнкү абалы кандай?
Бул жерде бир жерде компактуу түрдө жашаган жамаатыбыз жок. Бул көбүнчө Беларустун мигранттарды кабыл алуу боюнча ички мыйзамдарына байланыштуу.

Асаналиев: Туризм жөнүндө айтуу биз үчүн бир аз оор. Беларус Европага жакын экен, ал жерде инфраструктура өнүккөн, жолдун жакындыгы, арзандыгынан туристтердин көбү Европаны көздөй өтүп кетет экен. Биз жакка альпинисттер, же экология туризмине кызыккандар гана барбаса, башка жагынан тартуу кыйын болуп турат.

Ал эми экономикалык байланыштарыбызды айтсак: көпчүлүк учурда өткөн жылдагы окуяларды салыштырып, анализ кылып көрдүк. Ортодо болуп аткан интеграциялык мамиле кээде саясий абалга да баш ийбейт экен. Буга чейинки соода-сатык кандай болсо, ошондой эле өнүгүп жатат. Атайын бирөөнүн көзөмөлүнө алынып, анын көрсөткөн жолу менен эмес, базар соодасынын өзүнүн өнүгүү жолу бар экен.

Жеке ишкерлер, чоң компаниялар, өзгөчө Европа менен байланышкан соода-сатыктын транзиттик жолу Беларус аркылуу өтөт экен. Мисалы, биздин Транспорт министрлиги чоң жүктөрдү ташып өткөн унааларга Беларус аркылуу өтө турган транзиттик жолдомого уруксат алат экен. Быйыл 3 жолу кайра-кайра улантып, бизге алынган жолдомолор уруксаттар жетпей калып, акыркысын өткөн жумада жөнөттүк, жылдын аягына чейин.

Байланыш өсүп атат. Биз саясий нерселерге байланыштырбай карай турган болсок, бир гана нерсе – биздин Бажы менен Статкомитеттин берген маалыматтары бир аз башкача, Беларустун маалыматтары башкача болуп калууда. Ошентсе да Беларус тараптын берген статистикалык маалыматы боюнча, биз аны текшерип көргөнгө аракет кылып атабыз, эки өлкөнүн ортосундагы байланыштын негизиндеги соода-сатыктын жыйынтыгы быйылкы жылы 160 млн. долларга жетип атат.

“Азаттык”: Элчилик өткөрүп жаткан маданий, саясий иш-чараларга Беларустагы, анын ичинде өлкө борбору Минскидеги кыргыз жамааты да катышып атса керек?

Асаналиев: Бул жерде бир жерде компактуу түрдө жашаган жамаатыбыз жок. Бул көбүнчө Беларустун мигранттарды кабыл алуу боюнча ички мыйзамдарына байланыштуу. Туруктуу жашаганга ниеттенип келгендер бар. Алардын көпчүлүгү бөлөк улуттагылар экен. Биздин улуттагылардан аз, анча-мынча аспиранттар, студенттер бар. Алардын жакында эле сабактары башталып, жаңыдан келип атышат. Бул жерде Орусия, Казакстан, Европадагыдай компактуу, бир жерде жашаган кыргыз улутундагы диаспорабыз жок.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG