Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:33

Минск шаарында өлтүрүлгөн криминалдык чөйрөнүн өкүлү Алманбет Анапияевдин өлүмү боюнча Кыргызстанда айрым билдирүүлөр жасалды.

ИИМ маркумдун башкы күбө болгон жансакчысын суракка алып, кылмышка шектүүлөрдү таанытты. Бирок бул юридикалык жактан алганда канчалык туура? "Азаттыктын" буга байланыштуу айрым суроолоруна юрист, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев жооп берди.

"Азаттык": Кылмыш-процессуалдык кодекстин шарттарына ылайык, кылмыш иши Беларуста козголуп атса, кыргыз милициясынын чет өлкөдө болгон иш боюнча күбөнү суракка алууга укугу барбы?

Мукар Чолпонбаев: Минскиде Анапияев өлтүрүлдү дегендин эртеси кыргыз тарап “бизге Гүлжигит деген келип, көрсөтмө берүүдө” дегени баарыбызды таң калтырууда. Анткени Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы келишим боюнча күбөнү суракка алуунун эки шарты бар.

Биринчиси – Минскиде Анапияевдин өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иш козголо турган болсо, Беларустун Башкы прокуратурасы Кыргызстандын Башкы прокуратурасына чыгып, ошолордун тапшырмасы менен гана тийиштүү адамды суракка алса болот эле. Бул процессуалдык негизги талаптардын бири.

Экинчиси – эгерде чындап эле ошол ишке шектүү адам болсо, балким Беларустан атайын кызматкерлер, тергөөгө катышы бар адамдар гана келип, биздин Башкы прокуратурага, ИИМге чыгып, ошолордун жардамы менен күбөнү чакырып алып, суракка ала турган болсо, процессуалдык бардык талаптар аткарылды деп айтсак болмок. Бирок мындай нерсе болбой эле, кандайдыр бир шашылыш түрдө, илгерки “Юпигейт” сыяктуу чагымчыл иштерге окшошуп кетүүдө.

"Азаттык": Анапияевдин өлүмү боюнча башкы күбө Гүлжигит Абилазизов өзү келгени айтылып жатат. Бирок аны суракка алуу канчалык негиздүү?

Мукар Чолпонбаев: Беларуста, Кыргызстанда эски Советтер Союзунан бери калган Кылмыш-процессуалдык кодекстин талаптары окшош болуп турат. Ошондон улам Кыргызстандын аймагында адамды суракка ала турган болсо, анда аталган кодекстин 156-беренесине ылайык, далил катары өтө турган нерсе – күбөнүн көрсөтмөсү. Ал эми кылмыш иш козголбой туруп күбөнү суракка алууга мүмкүн эмес.

Өзгөчө адвокат катышпай берилген сурактар Кылмыш-процессуалдык кодекстин 81-беренесине ылайык, "мыйзамсыз алынган далилдер" деп эсептелет. Сот актоо өкүмүн чыгарабы, же айыптоо өкүмүнбү, айтор ошол кезде бул далилдерге кайрылууга мүмкүн болбой калат.

Экинчиден, кылмыш иши Кыргызстанда эмес, Беларуста козголсо, бул жактагы сурактардын баарын элге жарыялап жиберүүнүн өзү тергөө амалдарынын купуялуулугун ачыкка чыгарып салуу дегенге жатат.

"Азаттык": Адатта тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн деп жарыяланбай турган көрсөтмө эмнеге коомчулукка чыгып кетти деп ойлойсуз? Бул жерде саясий мотив жокпу?

Мукар Чолпонбаев: Менимче, бар. Себеби мындай кылмыштар көп эле болуп жатат. Аны эч кимге билдирбей эле, Интерпол, же Тергөө башкармалыгы аркылуу өз ара келишип алып, иш далилденгенден кийин гана ачыкка чыгарып келатышкан.

Кыргызстанда иш козгобостон өзгөчө шайлоонун алдында баарын ачык жарыялап жиберүү – балким бийликтин "биз катуу иштеп атабыз" дегени, же Бажы биримдигине өтүп, эми Евразиялык биримдикке кирүүнүн алдында бараткан поезддин дөңгөлөгүнө таш ыргыткан сыяктуу нерсе болуп атабы деген шектенүү бар.

"Азаттык": Анапияевдин өлүмү боюнча Беларуста иш козголду. Эгер алар күбөнү суракка алуу үчүн кайтарып берүүнү сураса, ИИМ ал суранычты аткарууга милдеттүүбү?

Мукар Чолпонбаев: Эгерде Анапияевдин өлүмүнө шектүү Гүлжигитти бергиле дей турган болсо ИИМдин муну чечүүгө укугу жок. Кыргызстандын Баш мыйзамында "Кыргыз Республикасынын жарандары башка мамлекетке өткөрүлүп берилбейт" деп кашкайып жазылып турат. Демек күбөнү өткөрүп берүүгө эч кимдин укугу жок.

Бирок процедуралар бар. Булар атайын өтүнүч жасап, биздин Башкы прокуратурага кайрылып, соттон чечим чыгартып, ошондон кийин гана экстрадиция кылганга болот. Бирок соттун Конституцияны бузганга укугу жок деп эсептейм.

"Азаттык": Күбөнүн берген көрсөтмөсү канчалык деңгээлде чын же калп экенин кодекстин негизинде аныктоо мүмкүнчүлүгү барбы?

Мукар Чолпонбаев: Кылмыш-процессуалдык кодексинде "бир дагы далилге артыкчылык берилбейт" деп жазылган. Тергөөчү же прокурор чечим чыгарып аткан кезде ошол далилдердин баарын чогултуп, анализдеп, карама-каршылыгын, же байланышын алуусу керек.

Күбөнү суракка алганда, эгерде ал адвокаты жок жооп берсе, ошол күбөнү кийин айыпкер катары жоопко тарта турган болсо, күбө катары берген көрсөтмөсү эч нерсеге жарабай калышы мүмкүн. Кылмыш иш козголмоюнча, же болбосо башка жактан кылмыш иш козголуп, ошону тергеп жаткан тергөөчүлөрдүн атайын тапшырмасы болмоюнча, аткарылган тергөө амалдарынын баары жараксыз болуп калат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG