Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Германиянын бир нече аймактарында рейддер жүргүзүлдү


Германияда ушул жылдын июль айында эки терракт болуп, аларга “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчилик алган.
Германияда ушул жылдын июль айында эки терракт болуп, аларга “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчилик алган.

Германиянын бир нече аймактарында 25-октябрда террозимди каржылаган деп шектелген орусиялык жарандардын тобун кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Полиция бир эле маалда 13 батирде жана Гамбург, Саксония, Бавария, Тюрингия жана башка аймактардагы качкындар лагерлеринде тинтүү жүргүздү.

Операциянын өткөрүлүшүнө теги чечен 28 жаштагы орусиялык жаран боюнча 2015-жылдан бери жүргүзүлүп келаткан тергөө себеп болду. Ал мамлекетке каршы жасалган чоң кылмышка шектелүүдө. Тергөөнүн маалыматына ылайык, шектүү Сирияга барып “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулуп кетүүнү көздөгөн.

Тергөө маалында Германиядан башкалка сураган орусиялык жарандардын тобу террористерди каржылап турганы маалым болгон.

Германияда ушул жылдын июль айында эки терракт болуп, аларга “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчилик алган.

XS
SM
MD
LG