Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:19

ЖЕРГИЛИКТҮҮ УЗ-ЧЕБЕРЛЕР САЛЫКТАН БОШОТУЛАБЫ?


Рита Нурмамбет кызы, Ысык-Көл Чолпон-Ата шаарындагы 27-июлдан бери өтүп жаткан “Оймо-2008” эл аралык фестивалынын алкагында уюштурулган талкууда кол өнөрчүлөдү салыктан бошотуу маселеси каралды. Өкмөттүк эмес уюмдар бул тармакка мамлекет жардам бербей жатканын айтса, бийлик бутактарынын өкүлдөрү андай кинени четке кагып, эл аралык долбоорлор каражаттарын туура бөлүштүрүп, акыйкат иш алып баруусун талап кылышты.

Алты өлкөнүн кол өнөрчүлөрү катышкан бул эл аралык фестиваль Ысык-Көл жергесинде 3-жолу өткөрүлүп жатат. Мамлекет аралык маданий катнаштан улам, быйыл Кыргызстандын уздары деле салык төлөмдөрүнөн бошотулса деген сунуштар көп түшкөндүктөн тиешелүү бийлик органдары менен бирдикте талкуу жүрдү. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаева, Маданият жана маалымат министрлигинен Дамира Алышабева, Каржы министрлигинен Гали Абдрасилов жана салыктар агенттигинен Нургүл Дүйшөмбиева катышты.

Кыргызстандын кол өнөрчүлөрү чет элде бааланган менен өз өлкөсүндө көз жаздым калып жатканын белгилеген өзбекстандык академик буларды айтты:

“Бизде Өзбекстанда он бештен ашык элдик сүрөтчү өсүп чыкты, мамлекет колдоо көрсөткөндүктөн чебер уздар “Республиканын баатыры” деген наамга чейин жетишти. А силердеги чеберлерди чет өлкөлөргө жиберегенге акчаңар болбосо да, жок дегенде ушундай жол менен жардам бергиле да, кымбаттуларым,” дейт чоподон буюм жасаган 63 жаштагы академик Шарафудин Юсупов.

Азия өнүгүү банкынын өкүлдөрү тоолуу аймактагы аялдарды жумуш менен камсыз кылууга эки млн. доллар бөлүнгөнүн айтты эле, отургандар: “ал кол өнөрчүлөргө даректүү бөлүнөбү?”- деген суроону көтөрүштү.

Айнура Абдылдаева Азия өнүгүү банкынан бөлүнгөн эки млн. доллардын каякка сарптала турганын мындайча чечмеледи.

- Биз бош аялдарды иштөөгө айыл өкмөт бөлгөн имаратты оңдоп, шарт тузүп, анан жасаган буюмдарын гана сатып беребиз. Мамлекеттик тармактагылардын бир адаты бар, долбоордон акча төлөп бергиле дегендей. Андай болбойт, биздин иштин багыты бар да. Андай жеңилдиктерди мамлекет түзсүн. Милдеттүү да.

Ал эми Каржы министрлигинин ишкерликти өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Гали Абдрасилов уз-чеберлердин буюмдарын сатуу жана аны өнүктүрүүгө мамлекет каражат бөлүп, бирок шарт койгонун белгиледи:

- 2008-жылга 54 млн. сом бөлүнгөн, жыл аяктап баратат, бирок аны иштетүүнүн рыноктук механизмдери далилденбегендиктен, акчаны министрлик берген жок. Бизнес долбоор болмоюнча бекер акча берилбейт.

Ал эми маданият министрлигинин жетектөөчү адиси Дамира Алышбава маданий очокторду оңдоого мамлекет 30 млн. сом бөлгөнүн айтып, уздар менен чеберлердин конкреттүү сунуштары түшүнүксүз болуп атканын кошумчалады:

- Долбоорлор менен иштегендер чон жаңылык ачып койгонсубай, окмоттук эмес уюмдарды да өкмөттүк органдарды да кандай иштегенин программалын толук изилдеп туруп, так маалымат менен даяр келиш керек болчу. Эмне жетишпейт, эмне керек, ошону конкреттүү айтышса болмок.

Дамира Алышпаева эл аралык конференцияда негизги маселе катары көтөрүлгөн уздарды салыктан бошотуу сунушун колдоп, аны иштеп чыгууну депутаттардан сурайлы деди. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаева Өзбекстан менен Белоруссияда уз-чеберлери салыктан бошотулганын мисалга алып, бул тармакты өнүктүрүүдө Кыргызстан көп тараптан ийгиликке жетишээрин чечмеледи.

Эл аралык конференциянын катышуучулары бул боюнча Жогорку Кеңеш менен президентке жолдоно турган кайрылууну эки күндө иштеп чыгып, расмий жарыялаарын маалымдашты.

XS
SM
MD
LG