Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:00

Кыргыз уздар Берлин жарманкесинин ажарын ачты


Германиянын баш калаасында өтүп жаткан "Import Shop Berlin" көргөзмө-жарманкесиндеги кыргыз көл өнөрчүлөрдүн сатык жайынын бири. Берлин, 11-ноябрь 2011

Германиянын баш калаасында өтүп жаткан "Import Shop Berlin" көргөзмө-жарманкесиндеги кыргыз көл өнөрчүлөрдүн сатык жайынын бири. Берлин, 11-ноябрь 2011

12-ноябрда Берлинде акыркы элүү жылдан бери жыл сайын өткөрүлчү "Import Shop Berlin" көргөзмө-жарманкеси аяктады.

Бул эл аралык көргөзмөгө дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнүн кол өнөрчүлөрү өздөрү жасаган сербаа, адеми буюмдары менен элдик мотивдердин негизинде жараткан товарларын алып келип сатышат.

Чебер уздар жарманкеде европалык кардарлардын табитин үйрөнүшүп, кесиптештери менен тажрыйба да алмашышат.

Германиянын баш калаасындагы жарманкеге кыргызстандык да чеберлер катышты. Уздардын бир тобу менен "Import Shop Berlin" көргөзмө-жарманкесинин өзгөчөлүгү, алардын колунан жаралган товарлардын өтүмдүүлүгү, кардарлардын табити, алган тажрыйбалары жөнүндө "Азаттыктын" кабарчысы телефон аркылуу маектешти.

Эл аралык Import Shop Berlin көргөзмөсүнө катышкан кыргызстандык уз айымдар менен маек -1



Жылдыз Асанакунова: Шырдакты Европага сатабыз

"Азаттык": Жылдыз Асанакунова - Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылындагы кол өнөрчүлөрдүн «Залкар» студиясын жетектейт. Жылдыз, биринчи жолу чет өлкөгө чыгып атасызбы же буга чейин башка өлкөлөрдө болдуңуз беле?

Эл аралык "Import Shop Berlin" жарманке-көргөзмөсүндө кыргызстандык чебер Мээр Кошоева өзү жасаган буюмдарын кардарларга көрсөтүүдө. Берлин, 11-ноябрь 2011

Эл аралык "Import Shop Berlin" жарманке-көргөзмөсүндө кыргызстандык чебер Мээр Кошоева өзү жасаган буюмдарын кардарларга көрсөтүүдө. Берлин, 11-ноябрь 2011

Жылдыз Асанакунова: Биз "Берлин импорт шоп" көргөзмөсүнө биринчи жолу катышып атабыз. Биз дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө кыргыздын кол өнөрчүлүгүн таанытып жүрөбүз. 2000-жылдан бери 14-15 өлкөгө бардык. Анын эң көрүнүктүүсү Лос-Анжелесте "Ротари" клуб жана Парижде ЮНЕСКО уюштурган көргөзмөгө катыштык. Былтыр Перс булуңундагы Оманда «Масат» фестивалына барганбыз.

"Азаттык": Эл аралык көргөзмөлөргө катышуу тажрыйбаңыз өтө чоң экен. «Берлин импорт шоп» фестивал көргөзмөсү 50 жылдан бери өтүп келе жатат. Ушул көргөзмөнүн башкалардан эмне айырмасын байкадыңыз?

Жылдыз Асанакунова: Бул көргөзмөгө биринчи жолу биз Кыргыз-немис маданият коому жана «Шардана» коомунун чакыруусу менен катышууга мүмкүнчүлүк алдык.

Башка көргөзмөлөргө салыштырмалуу, бул жерде биздин кийиз буюмдарды Европа өлкөлөрүнө таанытууга абдан чоң мүмкүнчүлүктөр бар экен. Анткени буга чейин Европа өлкөлөрүнөн Швейцария, Германия, Австриядан кардарлар келип, атайын биздин шырдак, башка кийиз бумдарга кызыгып жүрүштү эле. Бирок өзүбүз алып келгенге мүмкүнчүлүк болбой жүргөн.

Эми кардарларга түздөн-түз чыгууга, айрыкча шырдактарды дүң сатууга көп мүмкүнчүлүктөр пайда болууда. Себеби кечээтен бери кыргыздын шырдактарын Европанын түстөрүнө буруп, 500дөн 5 миң даанага чейин сатууга кандай мүмкүнчүлүктөр бар экени сүйлөшүлүп жатат.

Бул жарманкенин дагы бир өзгөчөлүгү, бул жерде жыл сайын «Берлин импорт шоптун» уюштуруучулары 100 кв. метр жерди «конок өлкө» деп ижарасыз берет экен. Араб өлкөлөрүнөн Марокконун көл өнөрчүлөрү, өнөрпоздору өзүлөрүнүн презентациясын жасашты. Алар тамак-аш, элдик (фольклордук) музыка, улуттук кийим, болгон каада-салтын мүмкүн болушунча Европа элине жайылтып атат. Бул туристтик багытта да өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүк берет экен.

Биз да Асел Темиралиева менен сүйлөшүп атабыз. Ал «Шардана» фонду жана Кыргыз-немис маданият коомунун арты менен бизди ушул жарменке-көргөзмөгө чакырды. Биз кийинки жылы «Берлин импорт шоп» көргөзмөсүнө конок катары келип, Кыргызстанды көрсөтсөкпү деген аракеттебиз. Анткени бул биздин Кыргызстандын экологиялык туризмин да өнүктүрүүгө чоң жардам берет деген ойдобуз.

Эл аралык Import Shop Berlin көргөмө-жарманкесине катышкан кыргызстандык уз айымдар менен маек- 2



"Азаттык": Жылдыз, сөзүңүзгө караганда, соодаңыздар да жакшы жүрүп аткан экен?

Жылдыз Асанакунова: Абдан туура. Калканова Асел деген кызыбыз элечектерди, калпактарды жасап алып келген. Элчиликте 16-ноябрда Курманжан Датканын 200 жылдыгына карата жакшы иш-чара бизди күтүп жатат. Фарзана Шершенбиева деген эжекебиз да жибекке кыргыздын улуттук шырдак, ала кийизиндеги ою-чийүүлөр салынган абдан жакшы моюн орогучтарды алып келген, аларга дагы кызыгуулар абдан чоң. Ошондой эле Кошоева Мээр Жаңы жылдык балатыны кооздоочу кийизден жасалган оюнчуктарын алып келген. Буюмдарыбыз, кудайга шүгүр, аз-аздан болсо дагы сатылууда.

Бирок биздин эң негизги максат - байланыштарды түзүү жана Кыргызстанга кардарлардын көңүлүн буруу. Жалпы-жонунан айтканда, Кыргызстандын кол өнөрчүлүгү Европада дагы бир деңгээлге бир тепкич болсо дагы өзүн алдыга алып чыкты.

Асел Калканова: Элечек көрүүчүлөрдү таң калтырды

"Азаттык": Асел Калканова - Ак-Суу районундагы «Мурас» фирмасын жетектейт. Жергиликтүү кыз-келиндерди кол өнөрчүлүккө үйрөтүп, ишке тартат. Асел, сиз Кыргызстанда элечек орогон өтө сейрек уздардын бири экенсиз. Берлин көргөзмөсүндө элечекке кызыгуу кандай?

"Import Shop Berlin": Кыргыз-немис маданият коомунун активисти Ширин Маданова (солдо) менен уз Асел Калканова (оңдо). Берлин, 10-ноябрь 2011

"Import Shop Berlin": Кыргыз-немис маданият коомунун активисти Ширин Маданова (солдо) менен уз Асел Калканова (оңдо). Берлин, 10-ноябрь 2011

Асел Калканова: Эртең менен көргөзмөнүн уюштуруучусу элечекке аябай таң калып, Берлиндин журналисттерине айткан экен. Биз Жылдыз экөөбүз элечекти кийип алып тепкичтен чыгып баратканда эле африкалыктар аябай таң калуу менен карап, кол чаап жиберишти. Мен элечектин оролуш шарттарын, тартиптерин, ким кийерин түшүндүрүп бергенимде араб өлкөлөрүндөгү адамдар аябай таң беришти.

Биз көчмөн калк болгондуктан, аялдар төрөгөндө бул балага жалаяк болот, кокустуктан жараат алган желдеттерге жараат таңа турган медициналык каражат болот жана акыркы сапарга адамды узатып атканда кепин болот деп түшүндүрүп бердик. 25 метрди орогондо оордугу 5 килограммдай болуп калды. Ушуну кийгенде апалар кантип башында көтөрүп жүргөнүн сурашты.

Элечек улгайган адам кийе турган баш кийим, мунун аябай улуулугу бар дедик. Курманжан датканын 200 жылдыгына атайын элечекти даярдап келгенбиз. Менде күмүштөр менен жасалган элечектердин сүрөттөрү бар эле, ошолорду көргөзгөндө мындайды дүйнөдө көрбөгөнүн айтышты.

"Азаттык": Алым жердеги көргөзмөгө катышканда, арийне, кол өнөрчүлөр жол киресин актап алгылары келет. Элечекти да сатып атасыздарбы? Аны сатып алууга кардар бар бекен?

Асел Калканова: Биз элечекти саткан жокпуз. Биз ошондой эле калпактын көргөзмөсүн жасайбыз. Анткени Европа өлкөлөрү биздин өлкөдө болуп жаткан акыркы оош-кыйыш убактарда бизди калпагыбыздан көбүрөк тааныйт экен. Анан калпакты көргөндө эле "революция" деп көп айтып атышат. Бул жерде калпакка эркек кишилер эмес, аялдар көбүрөк кызыгууда. Биз муну эркек кишилер кийет, аял кишилерге сатылбайт деп, саткан жокпуз. Эркектерге болсо, бул Ала-Тоонун улуулугун, бийиктигин, ак мөңгүлүү экенибизди билдирет деп түшүндүрүп жатабыз.

Эл аралык Import Shop Berlin көргөзмө-жарманкесине катышкан кыргызстандык уз аялдар менен маек- 3



"Азаттык": Асел, сиз эл аралык көргөзмөлөргө биринчи жолу катышып жатасызбы же мурда дагы катышып жүргөнсүзбү?

Асел Калканова: Эл аралык көргөзмөлөргө катышып жүргөм, бирок Европага биринчи ирет чыктым.

"Азаттык": Европалык кардар аялдар башка мурда сиз көргөн өлкөлөрдөгүдөн эмнеси менен айырмаланат экен ?

"Import Shop Berlin": Уздар Жылдыз Асанакунова(солдон биринчи) , Асел Калканова(солдон экинчи) Фарзана Шаршенбиева(оңдон үчүнчү), Мээр Кошонва(оңдон экинчи) жана "Шардана" корунун башкармалыгынын мүчөсү Асел-Темиралиева-Маер(оңдон биринчи). Берлин, 12-ноябрь 2011

"Import Shop Berlin": Уздар Жылдыз Асанакунова(солдон биринчи) , Асел Калканова(солдон экинчи) Фарзана Шаршенбиева(оңдон үчүнчү), Мээр Кошонва(оңдон экинчи) жана "Шардана" корунун башкармалыгынын мүчөсү Асел-Темиралиева-Маер(оңдон биринчи). Берлин, 12-ноябрь 2011

Асел Калканова: Мени таң калдырганы булар бир гана өзүндө, башка кишилерде жок нерселерди каалашат экен. Өңүнөн болобу, фасонунан болобу уникалдуу нерсе анда гана болуп, башка кишиде болбошу керек экен. Түрлөнүп турган нерсени көп жактыра бербейт экен.

"Азаттык": Кайсы өңгө көбүрөк артыкчылык беришет экен европалыктар?

Асел Калканова: Европалыктар табигый өңдөргө жакшы көңүл бөлүшөт экен. Мисалы, мен малакай жасап келгем. Биздин тоо шартында тебетей- малакайлар кийилерин айттым. Мен аны синтетикалык мех менен жасадым эле, ошого көңүл бурушту. Жаңгактын кабыгына боелгон кийиздерим бар эле, ошолорго көбүрөк көңүл бөлүп атышат. Анан боз койдун, көгүш койдун жүнүн алып атышат. Бойолгон түстөргө көп көңүл бөлгөн жок.

"Азаттык": Кайсы гана көргөзмө болбосун чебер адамга жаңы чыгармачылык дем берет эмеспи. Чет жерлик уздардын тажрыйбасын көрүп, муну мындай жасасам болот экен дегендей ой, илхам пайда болот. Сизде Берлиндеги көргөзмө учурунда кандайдыр жаңы ойлор пайда болдубу?

Асел Калканова: Ооба, көптөгөн жаңы ойлор, жаңы эргүүлөр пайда болду. Европа өлкөлөрүнө кандай нерселерди алып келиш керек экенин билдим, өзүмдүн кетирген кемчиликтеримди сездим. Сапатын аябай карашат экен.

Мээр Кошоева: Ишканама көп чет өлкөлүктөр келет

"Азаттык": Германиянын борбор калаасындагы «Импорт шоп Берлин» деп аталган көргөзмө жарманкеге бишкектик уз-чебер Мээр Кошоева да катышууда. Мээр, сиз көргөзмөгө кандай товарларыңызды алып келдиңиз?

Мээр Кошоева: Мен өзүм жасаган товарларымды алып келдим, көбүнчөсү аялдардын баш кийимдери. Басма сайдырып, терме, сокмо менен жасалгалап, кептакыяга окшош жана кийизден жасалган шляпа жана эркектердин топуларынан алып келдим. Ошондой эле майда кийизден жасалган сөйкө, шакек, билерик жана чачка таккан нерселер, кол курактар менен жасалган кичинекей сумкалар бар.

"Азаттык": Ошонун баарын өзүңүз жасайсызбы?

Мээр Кошоева: Ооба, өзүм жасайм. Он жылдан бери өзүмдүн студиям бар, ошону иштетип жүрөм. Ишканама көп чет өлкөлүктөр келет. Жыл сайын Голландиядан бир айым келет, ал мындай жасасаң болобу деп өзүнүн каалоосун айтат, анан ошондой жасап берем. Кардар кандай түстө эмне киерин кааласа, ошону жасап берем жана өзүм ойлоп чыгарам. Эл кийгенде ырахаттанып калгыдай кылып жасап беребиз.

"Азаттык": Мээр, сиз уз-чеберлик менен катар зергерлик да кыласызбы?

Мээр Кошоева: Жок, зергер эмесмин. Мисалы, желимден жасалган билериктин сыртын кийиз менен ишететип, үстүнө сайма сайып, анан кичинекей майда шурудан тагып койсок кийиз аксессуар болуп калат. Ал өзүнүн жылуулугун да берет, кызыктуу да болот.

"Азаттык": Берлинде сиз жасаган буюмдарга кардарлар көп эле болуп атабы?

Меер Кошоева: Жакшы, кызыктуу, көптөргө жагып атат. Илгери Кыргызстандан кетип калган немистер көп келип атат. Өзүбүздүн мекенибизге келгендей болдук деп, кеткилери келбей, акыбал кандай деп сурашып, эстеликке ар кандай буюмдардан алып кетип атышат.

Фарзана Шаршенбиева: Буюмдарыбыз сапаттуу, чакырык көп

"Азаттык": Фарзана Шаршенбиева - колунан көөрү төгүлгөн бишкектик чебер. Фарзана айым, Берлиндеги эл аралык жарманке-көргөзмөгө сиз кандай товарлар менен келдиңиз?

Фарзана Шаршенбиева: Мен Берлинге жибек менен жүндөн жасалган кыргыздын ою-чийүүлөрү түшүрүлгөн моюн орогучтарды алып келдим. Алар Кыргызстанда өтө популярдуу. Кыргызстанда гана эмес, бизге боордош казак элинде да улуттук оймо-чийүүлөр салынган моюн орогучтар бааланат. Ошону Берлинге алып келгем.

"Азаттык": Берлиндиктерге моюн орогучтар жагып атабы? Ал моюн орогучтар аялдаргабы же эркектерби?

“Import Shop Berlin” көргөзмө-жарманкеси. Берлин, 11-ноябрь 2011

“Import Shop Berlin” көргөзмө-жарманкеси. Берлин, 11-ноябрь 2011

Фарзана Шаршенбиева: Муну аялдар пайдаланат. Өңү-түсүнө жараша чет элдиктерден жапондуктар аял- эркегине карабай алып, мойнуна оронуп алышат. Менин байкаганымда жапондуктарда бөлүнмөй деген жок экен. Берлиндиктерге абдан жагып атат. Ушунча чоң жарманкеден менин шарфтарыма да көңүл буруп, сатып алып атышат.

Буларга жаңылыктай сезилип атса керек. Келгендер абдан жакшы экен, кооз экен деп айтып атышат. Жаныбызда марокколуктар турат, сатуучулар өздөрү жумшак жибектен жасалган, тыкандыкты талап кылган жумуш экен деп мактап атышат. Алар жибекти баалаганды билишет.

"Азаттык": Европалыктар табигый өңгө көбүрөк артыкчылык беришерин сиздин шериктериңиздин бири айтып кетти. Шарфты тандаганда алар кайсы өңдү жакшы көрүшөт экен?

Фарзана Шаршенбиева: Бишкекте немистер келгенде күрөң, боз өндөгүлөрдү алышчу. Бул жерде түрлөрүн алып атышат, кээ бири өңү ачыктарын алып атат, бардыгы бирдей эле кетип атат.

"Азаттык": Эмки жолу дагы келесизби Берлиндеги жарманкеге, же ушуну менен бүттүбү? Маанайыңыз кандай?

Фарзана Шаршенбиева: Маанай жакшы. Эмки жылга дагы пландарым бар. Жалгыз эле Берлинде эмес, Италия, Голландия, Францияда көргөзмөлөр болот. Берлинден кийин Голландияга эки күндүк көргөзмөгө барабыз. Эмки жылга пландарыбыз боюнча төрт мамлекетти камтып өтсөкпү дегенбиз.

"Азаттык": Сиздер үчүн чет өлкөгө чыгуу көнүмүш адатка айланып калган сыңары, сөзүңүзгө караганда?

Фарзана Шаршенбиева: Биздин кол өнөрчүлөрдүн жумуштары жакшы болгондуктан ушундай болуп атат. Кыргыздын кол өнөрчүлөрү жакшы иштесе, чет мамлекеттерге чыкканга, жол киресин төлөгөнгө мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, менин ЮНЕСКОдон алган сапат белгиси сертификатым бар. ЮНЕСКО эки жылда бир конкурс жарыялайт, ошондон уткандар сапат белгиси сертификатын ала алат. Жумуштарыбыз сапаттуу болгондуктан бизди башка жактагылар билет. Ар кайсы жерден чакыруулар болуп атат. Мындан кийин мени Дубайга чакырган. Бир айдай Бишкекте иштеп, кыш айларында Дубайдагы жарманкеге барабыз.

Асел Темиралиева-Майер: Калпак, элечектин презентациясы өтөт

"Азаттык": Асел Темиралиева-Майер кыргызстандык кол өнөрчү айымдарды Берлинде 50-жолу өтүп жаткан көргөзмө-жарманкеге уюштуруп алып келген. Асел, сиз мурда бул көргөзмөгө өзүңүз катышып келгенсиз. Бул ирет чеберлерди кантип тандадыңыз?

"Import Shop Berlin": кыргыз кол өнөрчүлөрдүн бир павильону, 11-ноябрь 2011

"Import Shop Berlin": кыргыз кол өнөрчүлөрдүн бир павильону, 11-ноябрь 2011

Асел Темиралиева-Майер: Мен Берлиндеги бул жарманке-көргөзмөгө биринчи жолу 2003-жылы келип, боз үйүмдү көрсөткөм. Арыз берүү мөөнөтү бүтүп калгандыктан, кат жазып, боз үйүмдүн сүрөтүн жиберсем, мага кезексиз жана пландан тыш эле орун беришкен.

Бул жакка келсем кийиз көп экен, Непалдан, Австриядан келген. Бирок кыргыздын кийизи башкача болуп, мен жакшы кардарларды таап, 2004-жылы Тумар жана Татьяна Воротникова деген уздарды алып келгем. Андан кийин Асел Сапакова келген, ал бүгүн дагы бул жакта жүрөт.

Кардарлар менен жакшы иштеп, кыргыздын, Калипа эженин кол өнөрчүлүгүн элге көрсөтүп атат. Ошондуктан бул жакка келгендер үйрөнүп, сапат белгисин алышат.

Мен «Шардана» деп аталган коомдук фонд ачкам, Кыргызстанда каттоодон өттү, ошол аркылуу долбоорлорду жасагым келет. Азыр биринчи топ Ысык-Көлдөн келишти. Экинчи, үчүнчү топтор Алай, Нарындан келсе деген планым бар. Менин максатым - колунан жакшы иш келген айылдардагы эжелер жаштарга тарбиясын үйрөтө турган социалдык долбоорду иштетүү. Китептерди дагы чыгарсак деген оюм бар.

Көп немистер Кыргызстанга баргысы келет. Мисалы, Бөкөмбаевге барып, Жылдыздын кийиз жасаганды үйрөнүп, кол өнөрчүлөрдү, элдин жашоосун көрүп дегендей. Ушундай тематикалык туризмди өнүктүрүп, Кыргызстандын аймактардагы элине жардам көрсөтүү максатыбыз бар.

16-ноябрда Берлиндеги Ратушада Кыргыз-немис уюму презентация жасаганы жатат. Ал жака биз көп кишилерди чакырдык. Булар атайын келгенден кийин калпактын жана элечектин презентациясын жасап, Курманжан датканын 200 жылдыгы тууралуу тасма көрсөтөбүз.

"Азаттык": Асел, рахмат сизге! Баарыңыздарга ийгилик!
XS
SM
MD
LG