Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

ТИМ Атамбаевдин билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди


Тышкы иштер министринин орунбасары Динара Кемелова бүгүн Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Айымдос Бозжигитовду кабыл алып, президент Алмазбек Атамбаевдин Ewronews каналында сүйлөгөн сөзүнө түшүндүрмө берди.

Министрликтен кабарлашкандай, Атамбаевдин айтканы боюнча Кемелова толук маалымдап, 2010-жылы Казакстан чек араны жапкан учурда жарандар кыйынчылыкка тушукканын, айласыздан Чу каналын кечип өтүүгө аракет кылган кишилердин колундагы ымыркайы каза болгонун билдирди. Кыргызстандын жарандары баланы Казакстанга дарыгерге көрсөтүү үчүн алып баратканын, бирок чек ара жабык экенине байланыштуу суу кечип өтүүгө аргасыз болушканын белгиледи.

Кемелова кошумчалагандай, чек ара бир жарым ай жабык турган кезде, Кыргызстанга дары-дармек өтпөй калып, көп адамдын жашоосуна кооптуу абал түзүлгөн.

Президент Атамбаев 17-февралда Euronews телеканалындагы маегинде журналисттин Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө суроосуна:

- Биз кимдир бирөө менен соода кылып, коӊшулар менен иштешибиз керек. Эгерде ЕАЭБга кирбесек бизди блокада коркунучу тооруп турган. 2010-жылы Казакстан бир жарым ай бизге блокада кылганда адам курмандыктары да болгон. Блокада абдан жаман нерсе, – деп жооп берген.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы "бул билдирүү боюнча кыргыз тараптан түшүндүрмө күтүп жатабыз” - дегенин казак маалымат агенттиктери 20-февралда жазып чыккан.

Кыргыз-казак чек арасында 12 өткөрүү пункту бар. Анын төртөө өкмөттөр аралык макулдашуудагы айрым эреже бузуулардан улам 2003-жылдан бери жабык. (SE)

XS
SM
MD
LG