Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Кыргызстан биометрикалык паспортко өтөт


Кыргызстанда 1-майдан тарта жарандарга биометрикалык паспорт бериле баштайт. Аталган паспорт тек-жайын ырастоочу электрондук маалыматтарды камтып, колдонуу чөйрөсү кеңейтилет.

Бир нече жылдан бери сөз болуп келаткан биометрикалык паспорттордун 1-майдан тарта берилери 28-апрелде президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда өткөн жыйында айтылды.

Анда өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков менен президенттик аппарат жетекчиси Сапар Исаков электрондук паспортко даярдыктар тууралуу маалымат беришти.

Исаков бул жаатта тиешелүү мамлекеттик органдар камылгасын бүтүргөнүн билдирди:

- Биз бул жаатта ири кадам шилтеп, чоң жеңишке жеттик десек болот. 1-майдан тарта биометрикалык паспорттор бериле баштайт. Бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр дал ушул биометрикалык паспорттун жардамы менен көрсөтүлөт.

Маалыматка караганда, сыртынан азыркы ID картага окшогон электрондук паспорттун ичинде атайын чип болот. Анда жаран тууралуу 19 маалымат камтылат.

Улутту жазбаган паспорттун утушу

Улутту жазбаган паспорттун утушу

Биометрикалык паспортто жарандын улуту менен жеке өзүнө тиешелүү маалыматтар жазылбай турган болууда. Улуту жазылбаган паспорт бара-бара элдин тегин унутууга алып барат деп коомдо ага каршы болгондор да арбын.

Ички паспорттогудай эле аты-жөнү, туулган жылы, жашаган жери, паспорттун жарактуу мөөнөтү сыяктуу жалпы маалыматтар чыгарылат. Ал эми улуту, үй-бүлөлүк абалы сыяктуу калган маалыматтар паспорттогу чипке камтылат.

Мындай паспортту алууну каалагандар 1-майдан тарта Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмдөрүнө кайрылса болот. Кайрылгандарга эки жума аралыгында паспорт берилүүгө тийиш.

Биринчи жолу алып жаткан бардык жарандарга электрондук паспорт акысыз берилет. Бийликтер электрондук биометрикалык паспорт Борбор Азияда алгачкы жолу киргизилип жатканын белгилешүүдө.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрага орун басары Дастан Догоев "Азаттыкка" сүйлөп жатып, жаңы үлгүдөгү паспорттун коргоо белгилери эл аралык талаптарга жооп берет деп билдирди:

- Тиешелүү техникалык жана уюштуруу иш-чаралары аяктады. 1-май майрам болот. 2-майдан тарта республиканын бардык аймактарында жарандардан арыздарды кабыл алууга даярбыз. Ал эми паспорттогу маалыматтардын коопсуздугу боюнча техникалык, функционалдык жана электрондук жагынан эл аралык талаптарга жооп берет. Муну ырастаган эл аралык, көз карандысыз адистин күбөлүгү бар.

Кыргызстанда биометрикалык паспорт берүү демилгеси 2014-жылы жарандардын биометрикалык маалыматын топтоо башталгандан тарта көтөрүлгөн эле.

Бул жаатта Мамлекеттик каттоо кызматы даярдык көрүп, өз ишин жыйынтыктап калганын айтып келишкен. Ал тургай аталган органдын биометрикалык паспортто жарандардын улутун көргөзбөө боюнча сунушу коомчулукта талкууга түшүп, ар кыл пикирлерди жараткан.

Эми өлкө жетекчилиги "Таза коом" аттуу долбоор баштап, мамлекеттик органдарды туташ электрондоштурууга бел байлаган мезгилде мындай паспорттордун берилери белгилүү болду.

Ал ортодо өлкөдө электрондук документ жүргүзүү жолго коюлбагандыктан улам, биометрикалык паспортту толук кандуу колдонуу кыйын болорун айткандар да жок эмес. Мындай пикирлерди кармагандардын бири паспорт даярдоо жаатындагы эксперт Таалайбек Жумадылов:

- Заманбап технологияларды киргизүү бул мезгил талабы. Аны эч ким четке кага албайт. Бирок маселе кайсы бир жаңычылдык киргизүүдөн мурун, ал иштеп кеткендей тиешелүү шартты түзүү керек. Биометрикалык паспорт анын ээси тууралуу электрондук чөйрөдө маалымат берүүчү документ. Аны менен электрондук саламаттыкты сактоо, электрондук банкинг деген сыяктуу чөйрөлөрдө колдонсо болот. Бирок Кыргызстанда бул тармактарда электрондук кызмат көрсөтүү жолго коюла элек. Ошондуктан, азыр биометрикалык паспорт берүү деген үй салынбай туруп эле, анын ачкычын адамдарга берип койгондой болуп жатат.

Кыргызстанда документтерди электрондук түрдө жүргүзүү, электрондук өкмөт түзүү боюнча долбоор көп жылдан бери айтылып келет. Бул жаатта өзгөрүү жок экенин бийлик органдары да, эксперттер да белгилешет. Бийликтер дал ушундай кырдаалды "Таза коом" долбоору аркылуу жөнгө салабыз деп үмүт артып турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG