Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:17

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жаңы биометрикалык технология тесттен өткөрүлдү.

Ага көзөмөл жүргүзгөн өкмөт мүчөлөрү тесттик сыноону канааттандырарлык деп тапты. Бирок өздүк булактардын маалымдашынча, биометрикалык жабдуулар добуш берүүгө келген шайлоочулардын отуз пайызга чукулунун өздүгүн аныктай алган эмес.

Мамлекеттик каттоо кызматы сыноо учурундагы ошол техникалык мүчүлүштүктү тастыктап, андай программалык кемчиликтер жакын арада четтетиле турганын жарыялады.

Бирок талдоочулар парламенттик шайлоодо ушуга окшогон катачылыктар кайталанса, анын жыйынтыгы чыр-чатакка алып келбейби деп кооптонушууда.

Текшерүүдө байкалган мүчүлүштүктөр

Бир катар жергиликтүү кеңештерге болуп өткөн 17-майдагы шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы менен Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык жабдууну сыноодон өткөргөн. Тесттик текшерүү он беш айылдык кеңешке караган 49 шайлоо участогунда колдонулду. Бул жараянга көз салган байкоочулардын айтымында, биометрикалык жабдуу шайлоочулардын айрымдарынын өздүгүн аныктай алган эмес.

Бирок Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова текшерүү учурунда чыккан кемчиликтер четтетиле турганын билдирди:

- Жергиликтүү кеңештердеги шайлоодогу тестирлөөдө ошондой айрым бир учурлар болду. Текшерүүнүн жыйынтыгында көрүнгөн ал кемчиликтер азыр оңдолуп, кайра иштелүүдө. Жашы өтүп калган айрым жарандарыбыздын биометрикалык маалыматтарын жабдуу окуй албай калган бирин-экин учурлар болду. Программалык камсыздоодогу ошол нерселер азыр жөнгө салынууда. Бул жерде добуш берүүгө келгендердин 30 пайызы тууралуу сөз болуп жаткан жок. Ал жалган маалымат.

Тендерден утту деп табылган Германиянын "Гизеке энд Девриент" компаниясы биометрикалык жабдуулар менен камсыздоону моюнуна алган.

Бүгүнкү күнү жарандардын биометрикалык маалыматтарын каттоочу жана аныктоочу 950 даана жабдуу Мамкаттоого алынып келинген. Жапон грантынын эсебинен дагы 3000 комплект алынары айтылган. Мына ошол жабдуулардын программалык камсыздоосунун сапаты буга чейин текшериле элек болчу.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы кызматкери Бакыт Сүйүнбаев жабдуунун кынтыксыздыгы суроо жаратарын айтты:

- Отуз пайызга чукулун тааныбаса, анда программалык камсыздоо так эмес. Бардык тапшырган адамдардын арасынан айрымдарыныкын болсо да манжасын тааный албаса, демек бул программа башында эле туура эмес да. Жабдуу аныктай албай жатса, демек каттоодон эки жолу деле өтүп кетсе болот. Бул добуш берүүнү бурмалоого шарт түзөт. Мен Кыргызстандын жараны болуп, бир жерден тапшырсам, башка жерге барганда маалыматтар базасынан чыгып калыш керек. Жок. Андай база азыр иштеген жери жок. Мурда ошондой деп айтылды эле. Азыр ар ким катталган жана добуш бере турган жеринен гана биометрикалык каттоодон өтүшү керек деп калышыптыр. Эми ошончо акча короткондон кийин программалык камсыздоо мыкты болуш керек эле.

Мыйзамдагы иретсиздик

Биометрикалык долбоорду анын мыйзамдык чийкилиги менен байланыштырган талаш-тартыштарга дагы чекит коюла элек.

"Биометрикалык каттоо жөнүндө" мыйзамдын Конституцияга шайкештиги боюнча былтыр Конституциялык палатага эки арыз түшкөн. Бирок бул маселени кароо кийинкиге калган. Бул боюнча баяндама даярдаган Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулова ишти кароодон четтетилген.

Андан соң Сооронкулова "Биометрикалык каттоо жөнүндө" мыйзамды оңдомойунча аны Баш мыйзгамга шайкеш келет деп корутунду чыгаруу татаал экенин айтып чыккан. Ошондуктан Соттор кеңеши судья Сооронкулованы кызматынан бошотуу сунушун берди.

Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулова мыйзамдагы кемчиликтерге көз жуумп коюу оор кесепеттерге алып келет деп чочулайт:

- Мени азыр душман көрүп жатышпайбы. Мен болсо мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн “келгиле, бир чечимге келели, биометриканы колдонгула, бирок мыйзамды оңдойлу, биометрикалык базаны сактап калалы, болбосо кийинкисинде аны пайдаланалы, шашуунун кереги жок” дегем. УКМК да коопсуздукка кепилдик жок экенин айткан. Шайлоо учурунда маалыматтар базасына хаккердик чабуул болсо, ага ким кепилдик берет? Маселе мына ошондо болуп жатат. Анткени бул мыйзам чийки. Анан анда чыр-чатакка алып келе турган талаштуу учурлар болуп жатат. Ошонун бардыгын бир иретке келтирели, Баш мыйзамга шайкештигин карайлы дегенбиз. Биометрикалык маалыматты чогулутуп жатканда ар бир жаран ага макулдук бериш керек эле. Бирок алардын макулдугун сурабай эле чогулта башташпадыбы. Кандайдыр бир себептер менен шайлоочулар тизмеден чыкпай калып “биометриканы урганым жок, мен шайлашым керек” десе эмне болот? Ошол жагын ойлонгон эч ким жок. Негизинен биометриканы колдонуу эң жакшы нерсе. Бирок азыркыдай түрүндө эмес.

Биометрикалык маалыматтарды тапшыруу

Биометрикалык маалыматтарды тапшыруу

Анткен менен биометрикалык жабдууну тестирлөөнүн жыйынтыгын вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев канааттандырарлык деп баалаган. Бирок биометрикалык каттоо мыйзамынын авторлорунун бири, депутат Абдыжапар Бекматов программадагы техникалык мүчүлүштүктөрдү парламенттик шайлоого чейин токтоосуз жөнгө салуу керектигин белгиледи:

- Сынакта канча пайыз ошондой болгонун билбейм. Бирок технологияда, программа түзгөндө туура эмес жерлери жана бизге ыңгай келбеген учурлары бар экен. Ошон үчүн ошол кемчиликтер алдын ала байкалып жакшы болуптур. Биз ошол программаны түзүп жаткандарга тапшырма бердик. Алар Мамкаттоонун көзөмөлү менен шайлоого чейин программалык камсыздоодогу ошол мүчүлүштүктөрдү оңдош керек.

Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы менен Германиянын "Гизеке энд Девриент" компаниясы кол койгон келишимде биометрикалык жабдуунун жана программалык камсыздоонун сапатына кепилдик берилген. Бирок шайлоо учурундагы биометрикалык жабдуунун программасынын коопсуздугуна кепилдик эмне менен тастыкталары көрсөтүлгөн эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG