Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:33

Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, 61 эне төрөттөн жана кош бойлуу кезинде каза тапкан. Дарыгерлер энелердин өлүмүнүн азайбай жатышын миграция менен байланыштырат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, соңку кездерде эне болууга даяр эмес 13-17 жаштагы секелектер көбөйгөн. Былтыр 1500дөй өспүрүм көз жарган, алардын арасында каза тапкандары да бар.

Вице-премьер-министр Камила Талиева аялдардын төрөттөн ажал табышы көп учурда дарыгерлердин шалаакылыгынан болорун жыйындардын биринде белгилеген. Эл аралык уюмдардын эсептөөсү боюнча, былтыр КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанда энелердин төрөттөн өлүмү эң көп катталган.

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун тургуну Табалдиевдин үй-бүлөсүндө бир жылда эки аял төрөттөн ажал тапкан. “Аялдын бир ажалы төрөт” дегендей, 2012-жылы 35 жаштагы Фарида жана анын сиңдиси Адилет Табалдиева төрөгөндөн көп өтпөй жарык менен кош айтышкан. Экөөнүн тең артында 3-4төн балдары калды. “Азаттыктын” кабарчысы Мария Колесникова маркум Фариданын балдарынан кабар алып, жолдошу Сүйүнбек Барктабасов менен жолугуп кайтты.

- Эртең мененки саат 10до мен төрөт үйүнө киргиздим. Өзүм болсо балдарды карайын деп үйгө кеттим. Саат 2-3тө аялым чалды, суусун жарып салды деп. Толгооң бат келет деп жарып салыптыр да. Анан саат 4-5те кайра чалды, кесарево кылат экен деп. Мен үч баланы аман-эсен төрөсө, эмнеге кесет экен, азыр барам деп, бардым. Мага азыр врач кирип көрөт, анан чечилет, кандай болору деди. Мен мейли дедим. Анан Жыргалбаева аттуу врач карагандан кийин кесебиз деди, себеби суусу бүтүп, бала кургап калыптыр, колуктуң менен кошо бала да кыйналып баратат деди.

Айласы кеткен Сүйүнбек жубайы Фарида Табалдиеваны Каракол шаарына алып кетүүнү эп көрөт. Бирок дарыгерлер буга уруксат берген эмес. Ошентип, Фаридага кесарево операциясы жасалып, эркек төрөйт. Сүйүнбек мырза кыйналып, операция менен төрөгөн аялына дарыгерлер убагында жетиштүү көңүл бурган эмес деген пикирде:

- Көтөрүп, каталкадан керебетке которуп жаткырып жатканда кан кетип жатты. Анан врач “Бул эмне кан?" деп кыйкырып жиберди. Анан ошол жердегилер жабышып калган кан экен, ошол уюп түшүп кетти деп жооп беришти. 30-октябрь күнү саат күндүзгү саат 11 чамасында жубайым "3 миң сом алып кел, мени чыгарганы жатышат" деп чалды. Барып акчасын берип, чыгарып кеттим.

Төрөт үйүнөн чыгып келгенден 7-8 күндөн кийин Фариданын башы айланып, өзүн жаман сезе баштаган. Түн ортосунда эсин жоготуп жыгылган келинчегин Сүйүнбек райондук ооруканага жеткирет.

- Байкемдин машинесин айдатып алып ооруканага таңкы беште алып бардым. Бир да дарыгери жок, кыйкырып-өкүрүп жатып эшигин ачтырып, жеңем экөөбүз эптеп көтөрүп киргиздик. Медайымдар врачтар келмейинче эч нерсе кыла албайбыз дешти. Келинчегиме нашатыр спиртти жыттатып жатканда башын ала качып жаткан, дарыгерлер саат 6да келишти...

Бирок канча аракет кылышпасын жаңы төрөгөн эненин өмүрүн дарыгерлер сактай алган эмес.

- Эртең мененки алты жарымдарда абамды чакыртып кетишти. Аркасынан чуркап чыксам, келин балабыздан айрылдык деп ыйлап келатыптыр... Бир кезде абамды издеп барсам, ага “Биз ооруканага келе жатканда эле каза тапкан” деп тил кат жаздырып жатышыптыр. Мен сойдургула, эмне себептен каза тапты экенин билейин дедим.

Раматылык Фарида Табалдиеванын сөөгүн сойдурган соң анын өпкө-жүрөгүнө кан уюп калган деген жыйынтык чыккан. Маркумдун жолдошу Сүйүнбек жубайынын өлүмүнө себеп болгон жагдайларды аныктап берүүнү өтүнүп, кайрылбаган жери калган эмес. Саламаттыкты сактоо министрлиги Жети-Өгүз районунун бириккен ооруканасынын башкы дарыгери жумуштан алынып, бир катар дарыгерлер катуу сөгүш алганын айткан. Бирок балдары энесиз калган Сүйүнбек дарыгерлерге жеңил жаза берилди деп эсептейт.

Фариданын артында төрт баласы калган. Улуу кызы биринчи класста окуса, экинчи кызы алты жашта. Андан кийинки уулу үч жашта. Кичүү уулу Бекназарга 1,4 ай болду. Аны маркум Фариданын ата-энеси кызынан калган акыркы эстелик деп багып алууну суранышкан экен.

Бул үй-бүлөдө төрөткө байланыштуу дагы бир каргашалуу окуя Фариданын өлүмүнөн кийин эки ай өткөндө болгон. Раматылык Фариданын бир тууган сиңдиси Адилет да гүлдөп турган учурунда үчүнчү баласын төрөгөндөн көп өтпөй каза тапкан. Сүйүнбек Барыктабасов балдызынын өлүмүн да ак халатчандардын кайдыгерлигинен көрөт. Бирок ал атын атаган Жети-Өгүз райондагы дарыгерлерге байланышууга мүмкүн болгон жок.


Миграция – эне өлүмүнүн бир себеби

Дарыгерлер эне өлүмүнүн азайбай жатышын миграциянын айынан көптөгөн аялдар кош бойлуу кезинде каттоого турбаганы менен тыгыз байланыштырат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Айгүл Бообекованын белгилешинче, кош бойлуулар арасында аз кандуулук, бөйрөк, жүрөк ооруларынын жогору болгону да буга себеп:

- Негизги себептери - төрөт маалында кан кетүү, бөйрөк оорусу, кан басымынын жогорулашы, канга инфекциянын кирүүсү себеп. Мындан сырткары, кош бойлуу аялдар арасында аз кандуулук жогору. Энелердин жоопкерчилиги аз, төрөгөнгө чейин ден соолугуна кам көрбөйт, дарыланбайт. Оорусу өтүшүп кеткенде келет. Ар бир баланын ортосу жок дегенде эки жыл болушу керек. Муну да сактабайт кыргызстандык аялдар.

Былтыр төрөттөн каза тапкандардын алтоо Орусияда иштеп, Кыргызстанга төрөт маалында гана келген мигранттар болгон. Ону ички мигрант, башкача айтканда, ар кайсы аймактан келип, борбор калаада иштегендер.

Мисалы, Бишкектин четиндеги Ак-Бата, Ак-Жар жаңы конуштарына суу, жарык киргизилгенине аз эле убакыт болду. 12 миң киши жашаган эки конуш үчүн бир бейтапкана бар. Бул эки айылда жылына 300дөн ашуун аял төрөсө, аларды караган жападан жалгыз гинеколог иштейт. Аталган конуштарда көбүнесе ар кайсы аймактан көчүп келген, каттоосу жок адамдар жашайт. Ак-Батадагы №7 бейтапкананын жетекчиси Батма Акматова кош бойлуу келиндердин эртерээк кайрылбаганына нааразы.



- Аялдардын 50% өздөрү келип, каттоого турат. Калганынын артынан чуркайсың, кел, анализ тапшыр дейсиң. Үймө-үй кыдырып, кош бойлууларды издеген учурлар да болот. Азыр жаштар, 16-17 жаштагы өспүрүмдөр көп төрөп жатат. Алардын ата-энеси Орусияда, Казакстанда же керелден кечке базарда иштеп, көзөмөл аз болууда. Жаш төрөп, балдарын карашты билбейт. Өткөндө эки аял келди. Ак-Батада батирде турушат экен. Мурдагы балдарымды деле каттого турбай төрөгөм деп болбой койду. Анан эмне кыласың, биз аларды мажбурлай албайбыз.

Анткен менен жаңы конуштун тургундары шарт жоктугун, кош бойлуу кезде шаар аралап же баткак кечип бейтапканага барарын белгилөөдө. Мындай маселелерди төрөгөнүнө үч-төрт ай болгон Самара Айкынова да белгиледи:

- Мен төрөп чыккандан кийин врач келген жок. Өзүбүздүн машинабыз болгондуктан биз төрөт үйүнө барганга жетиштик. Машинасы жокторго кыйын эле. Тез жардам деле келсе келет, болбосо жок. Ак-Жарда жашагандар Ак-Бата конушуна барат, анализ тапшырганга, УЗИге түшкөнгө башка жакка барат. Ал жакка барса да кезек күтүшү керек. Кээде балдарын таштай албай, алыс деп, барбай коюшат. Жайкысын абдан эле кыйын. Эл тыгылган, чаң маршруткада жүрүү кооптуу дагы. "Дордой" базарына чейин биринин үстүнө бири минип эле барышат. Айрыкча талгак убагында кыйналасың.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жылына 160 миңге жакын аял төрөсө, алардын 1,5 миңдейи 13-17 жаш курактагылар. 150дөй аял үй шартында төрөгөндөр. Былтыр 61 эне төрөттөн жана кош бойлуу кезинде каза тапкан. Бул эне өлүмү 2012-жылга салыштырганда 22% кыскаргандагы көрүнүш. Энелердин төрөттөн өлүмгө учурашы Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Бишкекте көп катталууда. Былтыр эне өлүмү катталган оорукананын төрт жетекчиси кызматтан четтетилип, кээ бирлерине катуу сөгүш жарыяланган. Эми кызматтан алынган жетекчилердин бардыгы кайра соттон утуп, кайтып келүүдө.

Энелердин өлүмүнө дарыгердин шалаакылыгы себеп болгон учурлар көп эле кездешет. Бирок аны далилдөө кыйын. Ошол себептенби, дарыгердин эне өлүмүнө себеп болду деп жоопкерчиликке тартылган учурлары жокко эсе. Экинчиден, адамдардын кенебестиги, курсактагы бала менен өзүнүн өмүрүнө көңүл кош карап, төрөткө маани бербегени да ажалга алып барчу жол болуп калышы ыктымал. Азыр ушул эки маселе тең Кыргызстанда маанилүү болуп турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG