Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:13

Мекен чегиндеги табышмактуу өлүмдөр


Бишкектин четиндеги Кой-Таш аскер бөлүгү. 23-февраль, 2012

Бишкектин четиндеги Кой-Таш аскер бөлүгү. 23-февраль, 2012

Аскер жетекчилиги мекен чегиндеги өлүмдөрдү суицидге байланыштырса, ажал тапкан аскерлердин жакындары өлүмдөргө кыргыз армиясындагы өкүмзордук гана себеп деп билишет.

Мындан бир жыл мурда армияда кызмат өтөп жүрүп өзүн өзү жүрөккө атып өлдү делген катардагы жоокер Темирлан Сапар уулунун бир тууган эжеси Аида Курманалиева инисинин "дедовщинанын" курмандыгы болгонун айтып эчкирип ыйлап жатты:

- Аймончоктой болгон балабызды армияга аман-эсен алып кетип, баштыкка салып сөөгүн беришти. Өпкөсүн, жүрөгүн, мээсин алып коюшуптур. Ушинтип атса армияга киши барабы? 18 жаштагы балдар Кыргызстандын келечеги да. Мекенди коргогону барып, өздөрү өлүмгө учурап жатышат. Аскер прокуратурасы суицид деп, ишти жаап койду. Арыздана берип тажадык...

Беловодский айылындагы №16 түзөтүү колониясында аскердик кызмат өтөп жүргөн 18 жаштагы Темирлан былтыр 10-январда көз жумган. Аскер прокуратурасы “Темирлан жанынан кечкен, кылмыш ишин ачууга негиз жок” деп тапкан.

Эжеси Аида көз жашын көлдөтүп, инисинин өлүмүнө себеп болгондор жоопко тартылбай жатканын айтты. Ал “Темирланды уруп-токмоктоп эле өлтүрүшкөн”, - деп ойлойт. Улам жашын аарчый, Темирландын киши колдуу болгонуна өзүнүн жүйөөлөрүн келтирип отурду.

- Темирландын сөөгүн көргөнүбүздө сырткы бушлаты айрылганы менен октун изи жок болчу. Аскердик прокуратурадан эксперттер барып текшергенде кароолдон (вышка) ок атылбаганын айтышкан. Булар гильза менен эле ишти жаап коюшту. Болбосо инимдин денеси бүт көгала болчу. Судмедэкспертиза деле денесинде тактар болгонун тастыктаган.

2 жылда 18 жоокер өз жанын кыйган...

Аскер прокуратурасы 2012-жылы Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн жалпысынан 11 жоокер өз жанын кыйганын, бирөө ага аракет кылганын билдирди. Былтыр да 12 жоокер өз өмүрүнө кол салып, жетөө өлгөнү кабарланган.

Аскер прокурору Марат Эшперов армияда “дедовщина” бар экенин тана албайт. Бирок бардык эле өлүмдөрдү чоңсунууга байланыштыруу туура эмес деп билет.

- Армияда бири-бирине чоңсунган учурлар да жок эмес. Бул учурда биз кылмыш ишин козгоп, күнөөлүү адамдарды жоопко тартабыз. Бирок бардык эле жоокерлердин өлүмүнө “дедовщина” себеп боло бербейт. Көп учурда аскерлерди өлүмгө жеке проблемалары жетелейт. Эгер ушундай иштерге аскер жетекчилигинин күнөөсү болсо, дароо кылмыш иши козголот. Ушуга байланыштуу 2012-жылы 13, 2013-жылы 5 кылмыш иши козголду.

Расмий статистика дедовщинанын саны азайды дегени менен, укук коргоочу Азиза Абдирасулова армияда катталып жаткан өлүмдөр, өкүмзордуктар боюнча аскер прокуратурасы тергөө иштерин толук жүргүзбөй жатат деп билдирди. Ал аскерлердин өмүрүн мамлекет кепилдикке алыш керек деген ойдо:

- Чынында эле, аскерлердин өлүмү боюнча тиешелүү деңгээлде иликтөө иштери жүргүзүлбөй жатат. Бул чынында ушундай. “Кылым шамы” укуктук борбору 5 факты боюнча өз алдынча иликтөө жүргүзүп жатат. Ошонун бири да толук иликтөөгө алынган эмес. Аскер өзүн-өзү өлтүргөн күндө да, эмне үчүн андай болгонуна мамлекет жооп бериши керек. Себеби ата-эне 18-19 жаштагы баласын "армияга барып, мекен коргосун" деп жиберип жаткандан кийин мамлекет тарабынан алардын өмүрү камкордукка алынышы керек.

Абдирасулова мамлекет аскерде өлгөн балдардын ата-энелерине кун төлөп бербей жатканын айыптады.

Жыл жаңырбай жатып дагы 3 жоокер...

2014-жыл жаңыра элек жатып Ошто, Кантта жана Кой-Ташта бирден жоокер мерт болду. Оштогу катардагы жоокер өзүнүн кызматташынын огунан набыт болсо, берки экөө асынып өлгөн. Бирок бул кайра эле - расмий версия. Аскерлердин өлүмү коендой окшош – асынып же атынып өлөт, аскер прокуратурасы болсо кылмыш ишин ачууга негиз жок деген таризде ишти жабат.

Кант шаарындагы №33 665 аскер бөлүгүнөн сөөгү чыккан 20 жаштагы Элдиярдын атасы Камчыбек Асанов спорт менен машыгып жүргөн уулунун муунуп өлгөнүнө ишенбейт.

- Ал жердеги офицерлер дайыма балдарды сабайт экен. Угушума караганда 6-январда да Элдиярды токмоктошкон. Ошол окуя болгон күнү телефон чалып апасы менен, достору менен сүйлөшкөндө жакшынакай эле жүргөн. Анан эле эки сааттын аралыгында ушундай болуп кетиши мүмкүн эмес эле да. Чогулуп алып сабашып, анан асып коюшса керек.

Бул факт боюнча Коргоо министрлиги кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча аталган бөлүктүн командири, анын орун басары жана ошол жерде иштеген үч кызматкерди иштен алды. Жоокердин эмне себептен мындай кадамга баргандыгын азыр Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

Чоңсунуунун бетин ачкан тасмалар

Коргоо министрлиги жана аскер прокуратурасы кыргыз армиясында дедовщина азайды дегени менен интернетке армиядагы чоңсунуу, жаңы келгендерди шылдыңдап, маскаралаган, ур-токмокко алган түрдүү видеотасмалар маал-маалы менен жарыяланып калат. Мына ошондой тасмалардын бири 2013-жылдын 25-октябрында Фейсбук социалдык тармагында жарыяланган.

Солдаттардын ооздорун үйлөтүп, томпойтуп туруп чаап-тепкенде шар жарылгандай үн чыккандыктан ыдык көрсөтүүнүн бул ыкмасын армияда “шарик” дешет. 5 мүнөттүк видео аскерлердин кийим үтүктөөчү бөлмөсүндө тартылган. Анда жапалдаш бойлуу жигит 8 жоокерди тизип алып, ар кандай ыкма менен уруп-согуп жатканы тартылган. Видео чөнтөк телефонго тартылгандыктан, тургандардын жүздөрү жакшы таанылбайт, бирок “Таш-Көмүр”, “кенже сержант Ажикулов” деген сөздөрдү угууга болот.

Видеону Фейсбукка былтыр күзүндө Максат Анарбек аттуу колдонуучу койгон экен, бирок 28-январга чейин тиешелүү органдар тарабынан эч кандай чара колдонулганы айтылган эмес. Качан гана журналисттер бул теманы колго алганда бейкапар жаткан Коргоо министрлиги үн катып отурат. Аталган министрликтин маалымат катчысы Эрнист Эламанов видео тууралуу:



- Бул съемка 2009-жылдын май-июнь айларында тартылган. Окуя Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн биринде болгон. Видеодогу балдардын ким экени баары такталды, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн аттары азырынча айтылбайт. Азыр биз бардык материалдарды Аскер прокуратурасына өткөрүп бердик. Учурда Бишкек гарнизонунун аскер соту тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Эламанов кошумчалагандай ал убакта Улуттук гвардия башында Жаныш Бакиев турган Мамлекеттик күзөт кызматына баш ийип турган.

Бирок “дедовщина” өңдүү көрүнүш андан бери токтоп калды деген кепилдик жок.
Армиядагы чоңсунуу боюнча видеотасмалар да интернетке биринчи жолу чыгып жаткан жок. 2012-жылы да Бишкек аскер окуу жайында тартылган тасма чуу жаратып, күнөөлүүлөр куралдуу күчтөрдүн катарынан четтетилген.

"Данистенин" радио версиясын бул жерден угуңуз



Армияда кыйноонун кандай түрлөрү бар?

Биз Бишкектеги аскер бөлүктөрүнүн биринде кызмат өтөгөн жигит менен байланыштык. Ал бизге аты-жөнүн атабоо шарты менен кыргыз армиясында колдонулуп келаткан дедовщина ыкмаларын түшүндүрүп берди. Анын айтымында, кыргыз армиясы уставда жазылган эрежелер менен эмес, өзүнүн жазылбаган мыйзамдары менен жашайт.

Таалайбек Өмүралиев.

Таалайбек Өмүралиев.

- “Космос” деген бир ыкма бар. Мында аскерлерди тизип алып, кекиртекке согушат же жаткызып алып, бут менен тебишет. Мындан кекиртек үзүлүп кеткен учурлар да болгон. “Афганская стойка” деген бар. Чыканак менен жерге тоңкоюп турганда кур менен жамбашка чабышат. “Өрүк” деген ыкмада жоокерлер баштарын эңкейтип “өрүк, өрүк” деп айтканда желкеге мушташат. Мындан эсин жоготкондор да болот. “Крукосмотр” дегенде автомат менен балдарды төшкө чаап октошот. Ошондо кээ бирөөнүн төшү кирип кетет. “Помидор”, “манты” деген ыкмаларда ийне колдонулат. Колдорду бириктирип туруп ийне менен сайышат. Кан чыкканда “помидор” деп коюшат.

Биздин каарман “дедовщина улана берет” деген пикирде. Ал кордук көргөн солдат сөзсүз түрдө кийинкилерге да кордук көрсөтөрүн кошумчалайт.
Армияда ажал тапкан жоокерлердин ата-энелери перзенттеринин өлүмүнө “дал ошол дедовщина гана себеп” деп билишет.

Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев буга чейин “Азаттыкка” курган маегинде “дедовщина” социалдык илдет экенин белгилеп, тобокел тобуна кирген жоокерлер менен психологдор иштеп жатканын айткан.

- Азыр солдаттарды адаптациялоо боюнча өзүбүздүн программаларды кабыл алып жатабыз. Азыр психологдордун институтун түзүп, ар бир аскердик бөлүккө психологдордун кызматын киргизип жатабыз. Ошолор тобокел тобуна кирген аскерлер менен маектешип жакындан иш алып барышат.

Байысбектин табышмактуу өлүмү

Аскерде ажал тапкандардын арасында оорудан же кокустуктан каза болгондор да жок эмес. Маселен, 2012-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин №64-479 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер Байысбек Тажиматов сууга түшүп жатканда жүрөгү кармап калып тумчугуп өлгөн. Бирок маркумдун апасы Гүлнара Жоробаева бассейни жок аскердик бөлүктө ден соолугу куландан соо уулу кайсы сууга чөккөнүнө эмдигиче түшүнбөйт.

- Байысбектин өлүмү боюнча эч ким күнөөлүү болгон жок. Сот сууга чөгүп өлгөн деген жыйынтык чыгарып койду. Ал жерде эч кандай бассейн болгон эмес, болгону өрт өчүрүү үчүн топтолгон суу болгон экен. Кокустук болгон деп ишти жаап коюшту. Бир жарым жылдан бери кайрылбаган жерим калган жок. Ден соолугумдан ажырап отурам. Эч кимден жардам болбой, үмүтүмдү такыр үздүм. Андан көрө калган балдарыма өмүр берсин кудай.

Жогорку Кеңештин депутаты, Коопсуздук жана коргонуу комитетинин мүчөсү Курмантай Абдиев уландар армияга чакырылганда медициналык кароодон өтөрүн эскертип, ооруп өлдү деген сөздөргө ишенбейт.

- Уландар армияга дени сак келет. Анан кайдан ооруп өлсүн? 18-19 жаштагы жигиттер оорудан каза таппашы керек. Негизи ар бир суицид фактысы тыкыр иликтенбей жатат. Козголгон кылмыш иштеринин саны фактылар менен төп келбейт. Биз бул илдеттин алдын алуу үчүн күнөөлүү адамдарды жазалообуз шарт.

Кыргызстандын күч түзүмдөрүн жетектеген вице-премьер-министр Токон Мамытовдун пикиринде айрым учурларда ыдык көрсөтүүнүн башында “деддер” эмес, командирлер, офицерлер өздөрү турган учурлар да жок эмес.

- Керек болсо офицерлер өздөрү айрым учурда деддер менен кошо арак ичип тартип бузган учурлар болуп жатат. Бирок баары эле ушундай деп айтканга да болбойт. Өз деңгээлине жооп бербеген командирлерди кызматтан четтетүү керек.

“Дедовщина” артта калдыбы?

Ал эми коопсуздук маселелери боюнча эксперт, Коргоо министрлигинин байкоочу кеңешинин төрагасы болуп иштеген Токтогул Какчекеев кыргыз армиясындагы “дедовщина” түшүнүгү эчак эле артта калды деп ишендирүүдө. Ал муну уландар аскер бөлүгүнө бир убакта чакырылып жатканы менен түшүндүрдү.
Какчекеев суицид фактылары, керек болсо, мектептерде болуп жатканын айтып, армиядагы өлүмдөрдү көптөгөн факторлор менен байланыштырды.

- Бүгүнкү күндө мектептерде аскерге чейинки даярдык сабактарын жандантып, балдарга курал кармаганды, аскердик тартипти үйрөтүшүбүз керек. Үй-бүлөдө турмуш начар болсо, баланын дене түзүлүшү, ден соолугу да начар болот. Курсагы жакшы тойбосо, акыл-эси да өспөйт. Азыркылар китеп окушпайт, көргөнү телевизордогу зордук-зомбулук. Мунун баары балдарды чорт кыялдыкка, мыкаачылыкка тарбиялап жатат. Ушунун айынан армиядагы балдар майып болуп калган учурлар да жок эмес.

Какчекеев каза болгон солдаттардын жакындарынын нааразылыгын мамлекеттен кун төлөтүп алуу аракети катары сыпаттады.

Акбар учурда аскер бөлүктөрүнүн биринде кызмат өтөйт. Ал мектепте аскерге чейинки даярдык сабагында курал кармап көрбөгөндүктөн армиянын алгачкы айлары оор болгонун айтууда. Анын ата-энеси армиядан өзү келбей, сөөгү келгендерди угуп баласын алып калуу үчүн военкоматка 40 миң сом сунуштап да көрүшкөн. Бирок ал өз эрки менен кетип калган.

- Биринчи келгенде ант бергенче армияда кызмат кылууну үйрөтөт. Ошол учурда суу бербейт. Ошол кезде үйгө кетип калгың келип, абдан кыйналасың. Чыдап койсо болот эми. Бирок кээ бир аскерлер ошол учурда армиядан качканга аркет кылышат.

Уландар армияга дени сак келет. Анан кайдан ооруп өлсүн? 18-19 жаштагы жигиттер оорудан каза таппашы керек. Негизи ар бир суицид фактысы тыкыр иликтенбей жатат.
Психолог Назира Кубанычбек мүнөзү оор аскерлер психологдун кеңешине муктаж экенин айтууда.

- Жалпысынан суицидге социалдык көйгөйлөр таасир этет. А армияда болсо бул жерде дедовщина деген фактор маанилүү. Көбүнчө армияга социалдык абалы начар үй-бүлөлөрдүн балдары барышат. Алардын депрессияга түшүп калуу коркунучу жогору. Алар ата-энесинин проблемасын телефон аркылуу угуп же чоңдор тарабынан кемсинтүүгө ызаланып өз өмүрүнө кол салышы мүмкүн.

Башында сөз кылган Темирландын өлүмү улам бир аскер көз жумган сайын унутулуп баратканы менен анын бир тууган эжеси жароокер инисинин өз жанын кыйганына дале ишенбейт. Маалымат каражаттарында жаңырган “дагы бир жоокер мерт болду” деген суук кабар анын жүрөгүн тилип өтөт. Аида Курманалиева Темирландын өлүмү боюнча акыйкатка жете албай, күйүтүн аргасыздан ырга салган.
  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG