Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Бий мектебине ата-энелер нааразы


Бишкектеги хореографиялык окуу жайы
Бишкектеги хореографиялык окуу жайы

Бишкек хореографиялык окуу жайында окуган балдардын ата-энелери билим акысы эскертүүсүз көтөрүлүп, окутуу жеке менчик ыкмага өткөнүнө нааразы болуп бийликке кайрылды.

Алар окуу жайдын каржылык абалын балдардын эсебинен жакшыртууну укук бузуу катары сыпатташууда. Ал эми мугалимдер бул кадамга билим берүүнүн сапатын көтөрүү максатында барышканын белгилеп, өзгөртүүлөр тууралуу убагында айтылбаганын өздөрүнүн кемчилиги катары моюнга алышууда.

Чолпонбек Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайында башталгыч класстар үчүн былтыр бир жылдык акы 10 миң 800 сом болсо, быйыл 21 миң сомго көтөрүлдү. Былтыр окуу жайдын окуучусу саналган балдар быйыл хореографиялык багытта менчик ыкмадагы жалпы билим берүүчү мектепке өтүп калышты. Бирок мындан ата-энелер кабарсыз.

Наргиза Мамытованын кызы быйыл 2-класска барды. Ал окуу жайдагы өзгөрүүгө каршы чыккан ата-энелердин бири:

- Мейли, окуу акысын көтөрө берсин. Балдардын келечеги үчүн төлөйбүз. Бирок алар биздин балдарды эч кандай эскертүүсүз эле хореографиялык багытта окуткан менчик формадагы мектепке өткөрүп салышканын түшүнбөй калдык. Алар бизге келишимди 9-10-сентябрда берди. Көрсө, балдар 20-июлда эле ал мектепке өткөн экен.

Окуу жайдагы өзгөрүүгө нааразы болгондордун дагы бири Алия Орозбаева. Ал жаңы ыкмага каршылык көрсөткөн ата-энелердин балдарына мугалимдер басым өткөргөн учурлар да болуп жатканын билдирди:

- Биз балдарыбызды мамлекеттик окуу жайга бергенбиз. Жеке менчикте окуткубуз келсе, каалаган курска жазылып алмакпыз. Эмне үчүн бизге убагында маалымдашпайт? Нааразы болгон ата-энелердин балдарынын алган баалары төмөндөп кетти. Басым өткөрүлгөндүктөн, перзенттерибиз мектепке баргысы да келбей калды.

Сөз болуп жаткан хореографиялык окуу жай баш калаадагы Логвиненко көчөсүндө жайгашкан. Директордун орунбасары Жылдыз Шаршеналиева 4-класска чейинки гана билим берүү формасы менчик ыкмага өткөнүн айтты. Окуучулар 5-класста окуу үчүн сынак тапшырып, эгер андан өтсө мамлекеттик билим берүү ыкмасында окуусун уланта беришет.

- Башталгыч класстагы окутуу ыкмасы менчик ыкмага өткөнү менен алар биздин эле окуучулар бойдон калат. Ошол эле мугалимдер окутат. Ата-энелер камсанабай эле койсун. Билим берүү сапаты да өзгөрбөйт. Окуучуларга басым өткөрүлүп жатат дегенди ата-энелер өздөрү ойдон чыгарган. Биз баарына бирдей мамиле кылабыз.

Окутуу ыкмасы өзгөртүлгөнү тууралуу ата-энелерге эмне үчүн убагында маалымдалган эмес деген сурообузга окуу жай жетекчилиги убакыт чукул болуп, кабарлоого жетишпей калганын билдиришти.

Документте жеке менчик ыкмасындагы мектеп Айнагүл Тулеубековага таандык экени жазылган. Бирок ал менен жолугушуп, сүйлөшүүгө мүмкүн болбоду.

Хореографиялык окуу жайдын директору Эрик Латыпов жагдайды минтип түшүндүрдү:

- Хореографияда окууну каалагандар өтө көп. Алар заманбап имараттарда билим алышы керек. Окуу акысын көтөрүүнүн себеби ошондо. Мугалимдер өзү жарыбаган эле тыйын алышат. Келишимдин акчасын жогорулатуу үчүн окутуу ыкмасын өзгөртүү зарыл. Биз баарын мыйзамдуу жасадык.

Латыпов бизди ээрчитип алып быйыл заманбап ыкмада оңдоп-түзөлгөн окуу жай менен тааныштырды. Сапатты дагы да көтөрүү үчүн алар киргизген жаңы ыкма жардам берерин кошумчалады.

Бирок ата-энелер муну көз боёмочулук катары баалоодо. Алар абалды териштирүүнү суранып Билим берүү министрлигине, Жогорку Кеңешке жана укук коргоочуларга кайрылды. Арызга 30дан ашуун ата-эне кол койгон.

XS
SM
MD
LG