Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:13

Күн тартибинде коопсуздук турат


Спорт сарайынын жанындагы жардыруудан кийин, 30-ноябрь, 2010-жыл

Спорт сарайынын жанындагы жардыруудан кийин, 30-ноябрь, 2010-жыл

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети экстремисттик топтор жалпы Кыргызстан боюнча 33 жерде жардыруу жасоону көздөшкөнүн билдирди.

Күч кызматтары Оштогу куралдуу топ, өткөн аптада табылган жардыргыч заттар, 30-ноябрда Бишкекте болгон жардыруунун артында диний-экстремисттик-террорчул уюмдар менен алакасы бар адамдар турат деп билдиришүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча экстремисттик топтор Кыргызстандын 33 жеринде жардыруу жасоону көздөшкөн, анын ичинен сегизи Бишкекте, он бири Ош шаарында, он төртү түштүк аймагында жасалмак.

Коопсуздук кызматы мына ушул коркунучтардын баарынын алды алынганын айтып оозун жыя электе 29-ноябрда Оштогу окуяда өлгөн имам Фархад Нарматовдун кармалган тарапкерлери Кыргызстанда дагы алты жерде жардыруу даярдалып жатканын тергөөдө билдиргени расмий эмес булактар тарабынан таратылды. ИИМдин басма сөз кызматы бул айтылган маалыматтарды тастыктабаганы менен, алардын бардыгы боюнча тыгыз иликтөө жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Коогалаң жана имам

Расмий маалымдалгандай кечээ милицияга каршы ок чыгарып, үйүнө курал-жарак, жардыргыч зат топтогон Фархад Нарматов Мажүрүм-Тал мечитинин имамы болуп эсептелет. Ал эми анын бир тууганы, 48 жаштагы Закир Нарматов диний-экстремисттик уюмдар менен катышы бардыгы, мурда Пакистанда атайын талаа лагеринде окуп келгени аныкталган.

Булардан тышкары Коопсуздук кызматы тарабынан Өзбекстандын Ислам кыймылы, “Ислам жихады” кыймылы жана Түркстан ислам партиясы менен байланышы бар, бул уюмдардын жергиликтүү бөлүктөрүн түзүүгө аракеттенген адамдар кармалган. Мына ушуга негиздеген Коопсуздук кызматы Кыргызстанда жардыруу жасоону көздөгөн күчтөрдүн артында диний радикал уюмдар турат деп белгилөөдө.

Июнь коогалаңы башталган түндө Ош шаарындагы бир нече мечитте беймаал азан айтылган, буга байланыштуу кийин бул мечиттердин имамдарынын айрымдары жоопко тартылып, айрымдары имамдык кылуудан четтетилген. Бул жолу да кандуу окуяга дин өкүлүнүн кириптер болуп отурушу дин өкүлдөрүнө ишенимдин жоголушуна алып келбейби? Диний серепчи Кадыр Маликов:

- Исламчылар эмне үчүн Спорт сарайын, "бакиевчилер" отурган жерди жардырмак эле? Себеби күч кызматтары Оштогу куралдуу топ менен Спорт сарайынын жанындагы жардырууну байланыштырып жатышат. Менин оюмча бул жерде июнь окуясынан кийинки ашынган адамдардын тобу турат, алар кандайдыр бир диний радикал уюмдардын жардамы менен өч алууга, кырдаалды туруксуздаштырууга аракеттенген.

Мурдагы апталарда Өзбекстандын ислам кыймылынын Кыргызстандын түштүк, Өзбекстандын түндүк облустарында июнь окуясынан кийин "динсиздерден өч алуу үчүн" жихадга чыгууга чакырган баракчалары, тасмалары таратылып жүргөнү кабарланган.

Радикал уюмдарбы же туруктуулукту көрө албаган күчтөрбү?

Өткөн аптада кармалган тогуз адам, табылган жардыргыч заттар, кечээки Оштогу окуялардын жана бүгүнкү Бишкекте болгон жардыруу баары байланышкан иштер деген бүтүмүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов журналисттерге билдирди:

- Көрүп жатасыздар мунун баары бир чынжырга байланган. 22-ноябрдан баштап ушинтип келе жатат. Биздин оюбузча бул улуттук-сепаратисттик топтордун иши. Алар ар кандай террористтик-экстремисттик уюмдар менен биргелешип алып, биздин элдин үшүн алып, мамлекетке зыян келтирүүнү көздөшкөн. Булардын баары табылат жана мыйзам чегинде жооп берет деп айта алам.

Марат Иманкулов
Марат Иманкулов бул окуялардын артында башка дагы ар кандай топтор болушу ыктымалдыгын айтып, бирок алардын мурдагы тоталитардык, үй-бүлөлүк башкаруу системасын кайтаруу аракети ишке ашпайт деп ишендирди:

- Бизде болуп жаткан демократиялык, алга умтулуу өзгөрүүлөрү кайтарылгыс жолдо. Эч ким бизди кайра артты көздөй кландык, үй-бүлөлүк башкаруу системасына кайтара албайт, биз эч кимге жол бербейбиз. Муну угуп жаткан ошол күчтөрдүн өкүлдөрү үчүн да мен атайын айтып жатам.

Коопсуздук кеңешинин катчысы күч кызматтары күчөтүлгөн режимде иш алып барып жатышканын айтып, өлкөдөгү кырдаал толук көзөмөлгө алынганын кошумчалады.
Мамлекеттин коопсуздугу деген өтө олуттуу нерсе жана ал өзүнө да олуттуу мамилени талап кылат.
Мирослав Ниязов


Өткөн аптада табылган жардыргыч заттар, 29-ноябрда Ошто милицияга көрсөтүлгөн куралдуу каршылык менен Бишкектеги Спорт сарайынын жанында болгон жардырууну байланыштыруу туура эмес деген пикирлер да жок эмес.

Айрым серепчилер Спорт сарайынын жанындагы жардырууну апрель окуясы боюнча жүрүп жаткан соттун үзгүлтүккө учурашына кызыкдар тарап жасады десе, кээ бирлери мунун артында убактылуу өкмөткө каршы мурдагы бийлик өкүлдөрүнүн кылган иши деп белгилешет. Анткени бир нече ай мурун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президенттин уулу Максим Бакиев Кыргызстанда туруксуздук кылуу үчүн айрым экстремисттик уюмдарды каржылоого макул болгону тууралуу маалыматтар бардыгын билдирген болчу.

Спорт сарайында апрель окуясы боюнча сот өтүп жаткан. 22-ноябрь, 2010-жыл
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Көлбай Мусаев Спорт сарайынын жанындагы жардыруу реваншисттердин акыркы аракети болушу ыктымалдыгын “Азаттыкка” билдирди:

- Мындай маалыматтар болгон. Максим Бакиевдин адамдары "Ал-Каида" жана башка эл аралык террористтик уюмдар менен байланышып, аларга акча бергени аныкталган. Азыркы акцияларда да алардын тиешеси бар деген божомол биздин божомолдорубуздун бири. Анткени сиздер жакшы билесиздер, буга чейин деле Кыргызстанда парламенттик шайлоо учурунда тополоң чыгат деп коркутуп, атүгүл мамлекет жоюлуп кетет деген да ушак-айыңдар айылып келген, бирок анын бири да болгон жок. Мына шайлоо өтүп, парламент ишке киришкени турат, кырдаал турукташып, тынчтык болуп калган. Мына ушуну көрө албаган күчтөр бүгүн Спорт сарайынын жанында акыркы аракеттерин жасашты деп айтууга болот.

Мамлекеттин коопсуздугу олуттуу мамилени талап кылат

29-ноябрдагы маалымат жыйынында ички иштер министри Зарылбек Рысалиев 15 килограммдан ашуун жардыргыч зат жана курал-жарактар Бишкекте жардыруу жасоо үчүн даярдалганы 22-ноябрь күнү уурулук деген шек менен кармалган кишилерди суракка алган учурда аныкталганын билдирет. Эгер милиция аларды кармабаган күндө кандай болмок? Коопсуздук кызматы кандай аракет жасады? Бул суроолорду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басарына жолдодук:

- Бизде маалыматтар бар болчу. Биз бул боюнча иштеп жүргөнбүз. Октябрь айында эки кишини, алар Фергана өрөөнү боюнча экстремисттик-террористтик уюмдардын лидерлерин кармаганбыз. Алар Кыргызстанда мына ушундай экстремисттик-диний топторду уюштурууну көздөгөн адамдар болчу. Алардан тышкары Өзбекстанда издөөдө жүргөн дагы бир адам кармалган, аны мекенине кайтарып берүү маселелери чечилүүнүн алдында турат. Бизде маалыматтар бар болчу, ошол убакта милиция дагы абдан жакшы иштеди. Биз ички иштер министри, Коопсуздук кызматы, прокуратура дебей баарыбыз биргелешип, мамлекеттин, элдин тынчтыгына туулуп жаткан ар кандай коркунучтарга каршы чогуу күрөшүп жатабыз. Бүгүнкү күндө бардык эле күч кызматкерлери түшүнүп калышты, алар мурдагыдай бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, ата мекенинин, элинин, эң акырында өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп жатышканын жакшы түшүнүп отурушат.

Спорт сарайынын жанындагы жардыруудан кийин анын айланасы курчоого алынды.
Ошентсе да Кыргызстандын Коопсуздук кызматы акыркы жылдары мамлекеттин коопсуздугу үчүн эмес, бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп, башкаруу режимине каршы чыккандарды куугунтуктаган топко айланган деген терс пикирлер айтылып келген. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов бүгүнкү оор кырдаал он беш-жыйырма жылдан бери топтолуп келаткан жаранын жарылышы деп эсептейт:

- Анткени бийликке ишеним болбосо, бийлик коррупцияга малынып, үй-бүлөлүк башкаруу системасын курганда нааразычылык көбөйүп, мына ушундай радикалдык күчтөр күч алат. Так ушул себеп менен биз бүгүнкүдөй кырдаалга кептелдик. Коопсуздук кызматынын башына жыйырма жылдан бери тиешелүү адистер келип, иштеген жок. Кыргызда “бөдөнө сойсо да касапчы сойсун” деген сөз бекеринен айтылган эмес, Коопсуздук кызматына милиция, окумуштуу, мугалим жана башка кишилер келип иштеп, өз билгендерин жасап келишти. Коопсуздук кызматы милициянын бир бөлүгү сыяктуу болуп калды. Мамлекеттин коопсуздугу деген өтө олуттуу нерсе жана ал өзүнө да олуттуу мамилени талап кылат.

"Азаттыктын" тасмасы: Спорт ордосунун жанындагы жардыруу

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG