Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

Бишкекте адам өлтүрүү боюнча чуулгандуу эки фактынын бети ачылды.

Өткөн аптада алты айлык боюнда бар келин бычакталган, андан көп өтпөй денеси бычакталып, балталанып бир канчага бөлүнгөн дагы бир аялдын сөөгү табылган.

Балталанган дене

Үрөй учурган окуялардын бири 11-январда Бишкектеги Панфилов көчөсүндө болду. Таштанды салынган үкөктөрдүн биринде адамдын балталанган денеси табылганы тууралуу милицияга эртең мененки саат ондордо маалымат түшкөн.

Шаардык милициянын маалымат катчысы Бакыт Сеитовдун билдиришинче, окуя болгон жерге ыкчам топ барган жана кылмышка шектүү адам изи сууй электе колго түшкөн:

- Бир канчага бөлүнгөн аялдын сөөгүн чүпөрөккө ороп, таштанды челекке салып койгон. Оперативдүү кызматкерлерден турган атайын топ түзүлүп, ошол эле күнү Бишкек шаарынын тургуну Наил Надеев деген адам кармалды. Ал 1987-жылы туулган, билими орто. Ошол сөөк табылган жерден ары, үч-төрт үйдөн кийин жашайт экен.

Азыр кармалган адам кылмышты мойнуна алып, көрсөтмө берип жатат. Шаардык милициянын маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун айтымында, анын үйүнөн кылмышты тастыктаган буюм-тайымдар табылды:

- Кармалган адамдын үйүн тинткенде өлтүрүлгөн аялдын кийимдери, кан болгон бычак, балта табылды. Үйдүн дубалында кандын изи бар экен. Таштанды челектен аялдын башы жок денеси табылган. Кармалган адам кийин башты жылтырак баштыкка салып, Орозбеков көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жер төлөсүнө ыргытып жибергенин көрсөтүп берди. Ал башты биз алдык.

Андан сырткары кылмышка шектүү адамдын үйүнөн куурулган эт табылган, милиция кызматкерлери адамдын эти болушу ыктымал деген шектенүүдөн улам экспертизага жөнөттү жана жыйынтыгы чыга элек. Тергөөдөгү алдын-ала маалымат боюнча, өлтүрүлгөн аял сойкулук менен алектенген. Ким экени азырынча аныктала элек. Бул факт боюнча кылмыш иш козголду.


Арак үчүн жан кыйып...


Бул окуядан эки күн мурда, 9-январда боюнда бар келин бычакталган. Шаардык милициянын маалымат катчысы Бакыт Сейитов окуя таламандын так түшүндө болгонун айтып берди. 34 жаштагы кош бойлуу келин Бишкектин Араван жана Малышев көчөлөрүнүн кесилишиндеги чакан дүкөндө иштечү:

- Үй-бүлөсү менен ошол күркөдөн эки-үч үй ары жашаган. Кечкисин күйөөсү менен чогуу соода кылышчу экен. Күндүз күйөөсү үйдө башка жумуштар менен жүргөн. Дүкөндө келин өзү жалгыз болгон. Тааныш эмес адам кирип, арак сураган. Тааныш болбогондон кийин келин берүүдөн баш тарткан. Ал киши жанындагы бычак менен сайгылап өлтүргөн. Кийин экспертизада 13 жолу бычак сайылганы аныкталды. Алты айлык боюнда бар экен.

Өлтүргөн адам келиндин мойнундагы алтын чынжырын, телефонун жана эки миң сомун алып кеткен. Бул окуя боюнча Чүйдөгү Москва районунун тургуну, мурда жети жолу соттолгон, эки ай мурун абактан чыккан 40 жаштагы Александр Ламакин аттуу жаран кармалды жана күнөөсүн мойнуна алып жатат. Азыр кылмыш ишти тергөө аяктай элек.


Кылмышкерлер эч нерседен айбыкпай калдыбы?


Таламандын так түшүндө мындай мыкаачылыктардын көбөйүшүн өлкөдөгү, коомдогу азыркы абал менен байланыштыргандар да бар.

“Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык кыймылынын Урмат Казакбаевдин баамында, соңку учурда кылмыштуулуктун кулк-мүнөзү өзгөрдү:

- Мурун кылмышкерлер элден айбыгып, күндүз кылмыш кылгандан тартынса, азыр эч нерседен айбыкпай калды, кылмыштуулук жүзүн өзгөрттү, кылмышкерлер эч кимди көзүнө илбей калды. Эмне үчүн мындай болуп калды? Анткени кылмышкерлер акчаң болсо бардык ишти бүтүрсө болоорун билишет. Коомубуз ооруп, ошол оору күчөп жатат. Жалаң эле милицияны күнөөлөө туура эмес. Биз, жарандар өзүбүз да кайдыгер болбошубуз керек. Мисалы көчөдө бирөө жыгылып жатса, же бирөөлөр урушуп-мушташып атса, жардамга чакырса "ач кулактан тынч кулак" деп карабай кетип калабыз. Бул дагы кылмышкерлерге жакшы шарт түзөт.

Былтыр Бишкекте адам өлтүрүү боюнча 54 факт катталган. Бул мурдагы жылкыга караганда 10 кылмышка аз. Кылмыштын мындай оор түрү боюнча козголгон иштин дээрлик көбүнүн бети ачылган. Адам өлтүрүүнүн себептери негизинен социалдык маселелерге, турмуштук чыр-чатактарга байланыштуу болот.

Оперативдүү кызматкерлер соңку кездери коомдо зордукчул маанай күчөгөнүн, адамдар ачууга тез алдырарын, мындан улам өтө мыкаачылык менен киши өлтүрүү фактылары көбөйгөнүн белгилешет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG