Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:26

Чеке жылытпаган кыш камылгасы


Бишкектеги жылуулук борбору. 24-октябрь 2014-жыл.

Бишкектеги жылуулук борбору. 24-октябрь 2014-жыл.

Дүйшөмбүдөн тарта Бишкекте жылуулук бериле башташы керек, бирок Жылуулук борбору 108 миң тонна гана көмүр менен камсыз болгон. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 150 миң тоннага аз.

Быйыл көмүр сатып алуу боюнча тендер үч жолу үзгүлтүккө учурады. Мындан улам “Улуттук электр станциялар” акционердик коому бир фирмадан көмүр сатып алууну өкмөткө сунуштаган. Буга байланыштуу бир нече адамга кылмыш иши козголгон эле.

Учурда Бишкек жылуулук борборунда 16 казан агрегаттын 14ү даяр, экөө жакында пайдаланууга берилет.

Жылуулук борборуна бир жылдык керектөө үчүн 1 млн. 57 миң тонна көмүр керек. Керектеле турган отундун 50 пайызы жергиликтүү көмүр кендеринен, 50 пайызы Казакстандан ташылып келет. Азырынча анын 108 миң тоннасы алынды.

Бирок отун көлөмүнүн аз экени жылуулук берүүгө кедергисин тийгизбей турганын Бишкек жылуулук электр борборунун директору Андрей Воропаев ишенимдүү айтууда:

- Учурда көмүр Казакстандын “Прогресс компани” ишканасы тарабынан Шабыркүл кенинен, андан тышкары жергиликтүү Кара-Кече, Таш-Көмүр кендеринен ташылууда. Суткасына үч миң тоннадан алты миң тоннага чейин көмүр түшүрүлүп жатат. Жылуулук менен камсыздоодо көйгөйлөр жаралат деп жарандар тынчсызданбай эле койсо болот.

Анткен менен кышка даярдыкты сындагандар да арбын. Энергетика министринин мурдагы орун басары Райымбек Мамыров кышка карата даярдык убагында көрүлбөгөндүктөн көмүрдү камдоо талаптагыдай болбой жатат дейт:

- Жай мезгилинде көмүр маселесин чечүү оңой жана жеңил болчу. Бишкек жылуулук борборун көмүр менен эрте камсыздоо керек эле. Натыйжасы – бүгүн Жылуулук борборунда жүз миң тоннага жетпеген көмүр жатат. Финансы министрлигинин маалыматына таянсак, азыр көмүр менен камсыздоо көрсөткүчү болгону 30 пайыздын тегерегинде экен.

Бишкек жылуулук борборундагы даярдыктын начар болгонуна сырттан көмүр ташып келүү үчүн үч жолу тендер жарыяланып, үзгүлтүккө учураганы себеп болгонун адистер айтышат. Маселе өкмөттүк деңгээлде талкууланып, "Электр станциялар" ишканасынын жетекчиси Абдылда Исраилов иштен алынган.

Үч жолу тендер үзгүлтүккө учурагандан кийин “Электр станциялардын” жетекчилиги “Жезказган энергосбыт” жана “Прогресс компаниден” 500 миң тоннага жакын көмүр сатып алуу чечкен. “Жезказган” Кыргызстанга көп жылдан бери бир булактан көмүр сатып келген “Прогресс компаниге” караганда үч долларга арзан сунуштаган.

Бирок Энергетика жана өнөр жай министрлиги “Жезказгандын” көмүрүнүн калориялуулугу төмөн деп, сотко кайрылган. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Электр станциялардын” жетекчилигине “Жезказган” менен келишим түзүүгө мажбурлаган деп, кылмыш ишин козгогон. Биринчи май райондук соту ал кылмыш иштин негизинде Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Нуртазин Жетибаевди, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкери Марсбек Маданбековду жана “Электр станциялардын” коопсуздук кызматынын кызматкери Турсунбек Мамбеталиевди бир айга камакка алууга 29-сентябрда санкция берген.

Жылуулук борборундагы кышка даярдык. 24-октябрь, 2014-жыл.

Натыйжада, Казакстандын “Прогресс компани” ишканасы аркылуу Шабыркүл кесиминен 487 миң тонна көмүр алууга келишим түзүлгөн. Эксперттер бир булактан көмүр сатып алуу мыйзамга каршы келерин жана коррупциянын уюгу экенин белгилешет. Тендердик комиссиянын мүчөсү, укук коргоочу Качкын Булатов казакстандык ишкана сунуштаган көмүр кымбат баада алынып келип жаткандыгын айтты:

- “Прогресс компани” алты-жети жылдан бери көмүрдү кымбат баада сатып келген. Быйыл дагы үч жолу тендер болуп үзгүлтүккө учурагандан кийин кайра эле бул компаниядан сатып алмай болушту. Орто жолдо "Жезказган" ишканасынан көмүр алып жүрүшкөн. Бирок анын келишимин жокко чыгара салышты. Эгер алар көмүрдү жеткирсе 2 млн. доллар эконом болмок экен.

Бишкек жылуулук борборуна учурда көмүрдөн сырткары жаратылыш газы жана мазут пайдаланылат. Энергетика министрлигинен кабарлашкандай, көгүлтүр отко баанын арзандаганына байланыштуу Жылуулук борборуна учурда пайдаланылган 22.5 миллион куб газды 100 миллион кубга чейин көбөйтүү каралып жатат.

Бул жергиликтүү көмүрдү 400 миң тоннадан 550 миң тоннага чейин көбүрөөк жагууга, импорттук көмүрдү 630 миң тоннадан 400 миң тоннага чейин кыскартууга, ошондой эле мазутту пайдаланууну 13.6 миң тоннадан 10 миң тоннага чейин азайтууга мүмкүнчүлүк берет.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG