Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:35

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Бишкек шаарынын күнүнө арналган “Пишпек-Фрунзе-Бишкек борборуна 138 жыл” аттуу китеп-сүрөт көргөзмө өтүп жатат.

Ага Бишкек шаары тууралуу жазылган мамлекеттик, коомдук ишмерлердин, окумуштуулардын, шаар башкаруучуларынын китептери, энциклопедиялык топтомдор, фотодокументтер, публицистикалык макалалар коюлду.

Борбор калаадан билим алып, кийин шаардык аткаруу комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген Абдыразак Мокенов Бишкек шаарынын өткөнү тууралуу мындайча эскерет:

- Мен Фрунзеге 1947-жылы келгем. Ал кезде шаарда ашып кетсе 140 миңдин тегерегинде калк жашаса керек эле. Көпчүлүгү жеке адамдарга таандык бир кабаттуу үйлөр болчу. Ал убакта эки-үч кабат үйлөр өтө сейрек кездешчү. Шаарда асфальтталган эки гана көчө бар эле.

Мокенов учурда Бишкек шаарында көптөгөн бийик үйлөр курулуп, архитектуралык жактан өсүп баратканын айтты.

Шаардын 138 жылдыгына арналып өтүп жаткан көргөзмөгө эгемендиктин 25 жылдыгында бой жеткен жаш муун өкүлдөрү да келген экен. Алардын бири Эрлан Качкынов Бишкек шаары өнүгүп жатат деген пикирге макул эмес:

- Чет өлкөлөрдүн борбор шаарын көргөндөр менин сөзүмө кошулса керек. Борбор шаар деген ошол мамлекеттин символу болгондон кийин ыйык, кооз, өзүнүн колорити менен өзгөчө болуп туруш керек да. Мамлекеттин Бишкек шаарынын өнүктүрүү боюнча максаттуу иш жүргүзгөнүн байкай элекпиз. Эгер азыр шаар ичинде бийик, кооз үйлөр салынып жатса ал деген жеке менчик фирмалардын гана иш-аракети. Андан башка эч кандай өнүгүү жок. Керек болсо даяр парктарды сактап калуунун ордуна кыйып, жок кылып, сатып жатышат.

Көргөзмөдө бир кезде өзүнүн жаштыгы калган шаардын сүрөттөрүн карап жүргөн Асанкожо Айтикеев да шаардын азыркы абалына кейигендердин бири. Ал Бишкек шаары менен кошуна мамлекеттердин борборун салыштырды:

- Эгемендик алгандан кийин Бишкектин абалы ич жылытпайт. Өзбекстандын борбору Ташкентти, Түркмөнстан борбору Ашхабадды, Тажикстан борбору Дүйшөмбүнү карасаңар... Астананы айтпай эле коёлу. Бул шаарлар кыска убакытта таанылгыс болуп өзгөрдү. Бизде болсо бул аралыкта үйлөр башкы плансыз салынып, шаар базарга айланып калды.

Айтикеев Кыргызстандын жүрөгү болгон борбор калаанын коомчулукта кеп болуп жүргөн базар деңгээлине жетишине өткөн жылдар аралыгында жемкорлукка аралашкан шаар жетекчилиги, мэрлердин тез-тез алмашып турганы, ага кошул-ташыл жай тургундардын борбор калаага жасаган кайдыгер, маданиятсыз мамилеси себеп болду дейт.

Мындан ары Бишкектин негизги атрибуттарынын бири болгон курант сааттан ар бир саат сайын комуздун фонунда ойнотулган ооз комуздун ыргактары угулуп турмакчы.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев борбор калаа өткөөл мезгилде ар тарабынан кыйын кырдаалга туш болгону ырас экенин айтып, бирок шаардын келечеги жакшы болоруна ишенем деди:

- Буйруса ошонун баарын иретке салалы деп атабыз. Азыр шаарда жашаган тургундар да көп болуп жатат. Ички миграцияны тактап алышыбыз керек. Чынында шаарда өзүнүн чен-өлчөмүнөн көп эл жашап жатат. Жолдо автоунаалар көп. Биз азыр коомдук транспортту көбөйткөнгө умтулуп жатабыз. Мына бүгүн шаар күнү деп он автобус жүргүздүк. Алар газ менен жүрөт, 105 орундуу.

Кененбаев шаардын көчөлөрүндө газ менен жүргөн көп орундуу коомдук транспорт көбөйсө, жеке автоунаалар азаят деп ойлойт.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов өз сөзүндө быйыл шаардын 138 жылдыгына жана өлкө эгемендигинин 25 жылдыгына карата Бишкек шаарын жашылдандырууга жана түнкү чырактарды коюуга республикалык казынадан 52 миллион, ал эми шаардык казынадан 50 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди.

Учурда улуттук китепканада өтүп жаткан китеп-сүрөт көргөзмө уланып жатат.

"Азаттыктын" архиви: Борбордун өткөнү жана учурдагысы. 02.03.2013

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG