Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Башкы план эми купуя сыр эмес


Бишкектин башкы планы 2006-жылы иштелип чыккан
Бишкектин башкы планы 2006-жылы иштелип чыккан

“Шаар куруу жана архитектура жөнүндөгү” мыйзамдагы өзгөртүүгө ылайык, мындан ары Кыргызстандагы шаарлардын, калк жашаган аймактардын башкы планы ачык жарыяланат.

Өткөн айда Жогорку Кеңеш кабыл алган бул мыйзам долбоорго президент Алмазбек Атамбаев 8-июлда кол койду.

Соңку учурда айрыкча Бишкектин башкы планы, аны ачыкка чыгаруу боюнча талкуу күчөгөн эле. Жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер башкы план купуя кармалгандыктан шаарда башаламан курулушка жол берилди деп сындап келишет.

“Реформа” партиясынын мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова Бишкек шаарынын башкы планын ачыкка чыгаруу боюнча сотко кайрылып, эки ирээт утулуп калган. Юристтин баамында, шаар жетекчилиги планды сыр катары сактап, коомчулукка жарыялабай мыйзамды бузган:

- Мыйзам боюнча шаардын башкы планы купуя сыр эмес. Ошол эле “Шаар куруу жана архитектура жөнүндөгү” мыйзамда “шаарлардын, эл жашаган аймактардын башкы планы, деталдуу долборлоо планы иштелип жатканда коомдук талкууга чыгарылып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын имаратында илинип турат” деп жазылган. Эгер биз бир документти кабыл алаардан мурун талкуу өткөрүп, ачыкка чыгарсак, анда эмнеге ал документ кабыл алынгандан кийин купуя сыр болуп калат? Мен мисалы сиз менен бир нерсени ачык талкуулап, анан аны кийин купуя сыр деп коюшум мүмкүн эмес да.

Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Жусупалы Исаев мыйзам күчүнө киргенден кийин айрыкча Бишкек шаарындагы башаламан курулуштарды көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтууда:

- Башкы планды ачыкка чыгаруу элдин, айрыкча Бишкек шаарынын тургундарынын талабы болчу. Мыйзам күчүнө киргенден кийин шаардыктар кайсы курулуш мыйзамсыз экенин байкайт. Мониторинг жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк болот. Анткени мыйзамда шаардын башкы планы эл көрө турган ачык жерлерге, интернетке да жайгаштырылышы керек. Кайсы жерде башкы планда жок объект курулса ал объект бузулууга же, дагы башка чара көрүүгө туура келет.

Шаарлардын башкы планын ачыкка чыгаруу маселеси Бишкектеги башаламан курулуштар көбөйүп жатканынан улам чыккан. Архитектура жана курулуш агенттигинин башчысы Турдубек Мамбетов “Азаттыктагы” маегинде шаардын планы эскирди дегендерди сынга алды:

- Бул аткаминерлердин ойлоп тапкан сөзү. Башкы план эскирип калды деген болбогон эле сөз. Ал план 2006-жылы эле 2025-жылга чейин бекиген. Сегиз эле жыл болду.

Турдубек Мамбетов шаар жетекчилери башкы планды ишке ашырбай жатканын белгиледи:

- Башкы план – бул шаар куруунун башкы документи. Аны өкмөт бекитет. Андан кийин деталдуу пландоо долбоору дегенди мэрия иштеп чыгат, аны шаардык кеңеш бекитет. Өздөрү көзөмөл жүргүзүшү керек. Деталдуу пландоо долбоорунан кийин курулуш долбоорлору болушу керек. Аны да мэрия токтому менен бекитип бериши шарт. Мунун баары жасалып атканда коомчулуктун пикири эске алынышы керек. Эми шаардык аткаминерлер эч нерсе жасабай туруп эле планды эскирип калды дешет. Мына, 2006-жылы башкы план кабыл алынгандан бери бир эле, Орто-Сай жакта 750 гектер жерди деталдуу пландоо долбоору даярдалган. Ошондон бери эч нерсе жасала элек. Жыл сайын эле акча бөлдүк, ПДП жасатып атабыз дешкени менен эч нерсе жасалган жок.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ушул тушта Бишкекте 870тей имарат курулуп жатат. Анын 100дөн ашыгы көп кабаттуу үйлөр. Мыйзамсыз курулушка байланыштуу былтыр жана быйыл алгачкы төрт айда 36 кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иш козголгондордун арасында мурунку мэр Иса Өмүркулов да бар. Ал сейил бактын 16 гектарын ижарага мыйзамсыз берген деп айыпталып жатат. Мурунку мэрге сот өкүмү 14-июлда чыгат, прокурорлор аны 8 жылга эркинен ажыратууну сурап жатат.

XS
SM
MD
LG