Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Тендер жарыясы талкууга жем таштады


Президенттин иш башкармалыгынын эки баш жылкы сатып алууга жарыялаган тендери интернеттеги социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратты.

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча интернет баракчада Чолпон-Атада жайгашкан №2 резиденцияга 100 миң сомго бир жылкы же 2 байтал сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. Бул маалымат коомчулукта кызуу талаштарга жем таштады. Көптөн бери мамлекеттик сатып алуулардагы коррупциялык схемаларды сындап келаткан “Прогресс” фондусунун жетекчиси Адил Турдукулов мындай артыкбаш сатып алуулар аткаминерлер үчүн акча кымырып алуунун ийкемдүү жолуна айланганын айтууда.

- Биринчиден, мындай сатып алуулар максатсыз. Экинчиден, чиновниктер ортодон акча жешет. Бул ачык эле көрүнүп турат. Менин эсебим боюнча Чолпон-Атадагы резиденцияга 2013-жылы 1 млн. долларга жакын акчага сатып алуулар болгон. Болгондо да керексиз нерселер алынган.

Турдукуловдун пикиринде, көзөмөл органдары мамлекеттик сатып алуулар боюнча текшерүү иштерин өз деңгээлинде жүргүзбөйт жана аткаминерлер менен келишип алгандай иш алып барышат. Ал буга тиешелүү органдарга бир нече жолу кайрылып, майнап чыкпаганын бир канча мисалдар менен түшүндүрдү.

- Бишкектеги “Ала-Арча” резиденциясына да бир катар түшүнүксүз нерселер сатылып алынган. Мисалы, америкалык жумурткага деп бир топ каражат жумшалган. Анан каякта экени белгисиз болгон баннерлер алынган. Ысык-Көлдөгү резиденцияга мындан мурда да бир канча жаныбар сатып алабыз деп бирок эмне жандык экенин ачыкташкан эмес.

Эмнеге жылкы?

Деген менен Чолпон-Атадагы резиденция директору Жалил Бозкөрпөев тендерде көрсөтүлгөн жылкылар бюджет каражатына эмес, аталган мекеменин иштеп тапкан каражатына алынарын айтууда.

- Бул бюджеттин акчасы эмес, чарбалык эсептен түшкөн акча. Резиденцияда эс алуу жайы бар. Ошондон акча табабыз. Мындан тышкары “Лиман” деген мал чарбабыз бар. Маал-маалы менен тапкан акчабызга уй, кой жана жылкынын башын көбөйтүп турабыз. Жылкыларды да кымыз менен дарылоону өнүктүрүү үчүн сатып алганы жатабыз.

Бозкөрпөев кошумчалагандай резиденциядагы мал кези келгенде союлуп турат. Ал эми жарыяланган тендер боюнча бээ же эки байтал алынат.

Дастан Бекешов мамлекеттик сатып алууларда кол ийрисине тартат болуп, айрым чиновниктер ортодон тыйын өөнөп жатат деген ойдо. Ал сатып алуулардагы ачыктыкты камсыз кылуу жолдорун мындайча түшүндүрдү.

- Эң ириде жарандык көзөмөлдү күчөтүш керек. Ошол эле учурда мониторинг жүргүзүп туруу зарыл. Бизде автомашине аларда анын болжолдуу баасы алдын ала иликтенбейт. Тагыраагы 500 миң сомдук унааны алар миллион сомго алышат. Бул жакта айрым аткаминерлердин жеке кызыкчылыктары бар.

Артыкбаш мамлекеттик сатып алуулар биринчи жолу болуп жаткан жок. Мындан мурдараак Борбордук шайлоо комиссиясы сатып алган автоунаалар да кызуу талаштарга жем таштаган эле. Адистер болсо мамлекеттик сатып алуулар бюджет каражатын кымырып калуунун эң ийкемдүү жолу экенин айтып келишет.
XS
SM
MD
LG