Линктер

Улуттук банктын эсебинде, Кыргызстанда кредит алгандардын саны 600 миңге жакын болсо, алардын 8 миңдейи карызын кайтара албай жатат.

Карызкорлордун көбөйүшү менен акыркы беш-алты жылда алардын укугун коргоп, карыздарын кечирмекчи болгон ортомчу уюмдар да биринен сала экинчиси түзүлүп жатат. Ошондой уюмдардын бири саналган Насыячылардын укугун коргоо боюнча элдик кыймыл карызга баткандардын саны жүз минден ашканын айтып чыкты. Алар буга чейин Ак үй, Көк үй алдына митингге чыгып келсе, бул жолу түз эле АКШ элчилигине барып доомат артышты. Көпчүлүк, карызкорлор менен элчиликти байланыштыра албай убара тартса, “темир логикалуулары” "кредитти доллар менен алган үчүн го" деп төлгө тартып кала беришти.

Насыясын төлөй албай калгандар кимдер? Алар эмне үчүн алган карызын кайтарбай жатышат? Төрт баланын энеси Анарбү Жоошбаева көпчүлүктүн шары менен коммерция кылып, айланта коем деп Финкадан 140 миң сом насыя алат. Соодасы жүрүшпөй үч айдан соң насыясын төлөй албай калат. Какаганга муштаган болуп ошол маалда 21 жаштагы баласы да каза табат. Эми минтип кокологон кредиттен кутула албай же үй-бүлөсүн бага албай туңгуюкка кептелген.

Жогорудагы каармандарыбыздын окуяларында көрүнгөндөй карызкорлордун көбү каржылык жактан сабатсыз. Жадагалса насыя келишимин окубай, үстөк пайызын карабай туруп кол коюшкан. Энеси болушчаактын кызы ыйлаак болуп бир тараптуу банктарды гана күнөөлөгөн кишилер. Же банктар, микрокредиттик уюмдар жарандарга насыяны мажбурлап, таңуулап бергенби?

Өз алдынча түзүлгөн насыячылардын укугун коргоочу элдик кыймыл өлкөнүн ар бир районунда бирден координатор шайлап, аларга өзүнчө күбөлүк тапшырганга да жетишкен. Маал-маалы менен жер-жерлерде насыячылардын нааразылыгын уюштурган да ошолор. Кыргызстанда насыячылардын укугун коргогон өзүнчө комитет да бар. Элдик кыймыл менен комитеттин максаты бир болгону менен карызкорлордун укугун коргоодогу жолдору эки башка. Бирин-бири банктардан, насыячылардан акча талап кылат деп күнөөлөп келет. Карызкорлордун укугун коргоочу комитеттин жетекчиси Динара Назаркулова юридикалык жардам бергени үчүн насыячылардан акы аларын жашырбайт. Бирок ал элдик кыймыл насыячыларды саясий куралга айлантып баратканын айтат.

Кыргызстанда расмий каттоодон өткөн 25 банк, 168 микрокредиттик уюм жана 118 кредиттик союз бар. Улуттук банктын маалыматы боюнча Кыргызстанда кредит алган жарандардын саны 599 миңди түзөт. Алардын 377 миңи коммерциялык банктардан, 222 миңи микрокредиттик уюмдардан алышкан. Сүткорлукту чектеген мыйзамдын негизинде насыялардын жылдык үстөк пайызы 35,74төн ашпоосу керек. Бул көрсөткүч жыл сайын Улуттук банк тарабынан бекитилет.

  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG