Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

Мугалим эне эки баласын өлтүрдү


Азербайжан түрмөсүндөгү аял. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)
Азербайжан түрмөсүндөгү аял. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)

Чиедей эки баласын өз колу менен бычактап өлтүрдү деп шектелген мугалим - эненин окуясы коомчулуктун төбө чачын тик тургузду.

Каргашалуу окуя 15-февралда Бишкектеги Арча-Бешик конушунда таламандын так түшүндө орун алган. Милициянын маалыматында, 34 жаштагы келин балдарын алгач дары берип уктатууга аракет кылат. Ою ордунан чыкпай калганда балдарына бычак урган. Шаардык милициянын маалымат катчысы Олжобай Казабаев “Азаттыкка” буларды билдирди.

- Ал күнөөсүн толук моюнуна алды. Тергөөнүн жүрүшүндө анын борбор шаардагы №44 мектепте англис тили мугалими болуп иштеп келгени аныкталды. Ал төрт жашар кызы Нурайымга уктатуучу дары берет. Андан кийин үч жаштагы Чыңгызга дары берейин десе, ыйлап туруп алат. Ошондо ал ашканадагы бычак менен балдарын төшкө сайып өлтүрөт.

Буга чейин өзүнө да кол салган

Чиедей эки баласын бычактап өлтүрдү деп шектелген аялга кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камалды. Ал тергөөчүлөргө көрсөтмө берип жатып, буга чейин эки ирет Республикалык психикалык саламаттык борборунда дарыланганын жана балдарын өлтүрөм деп мурдатан эле мерчемдеп жүргөнүн, мындан мурда өзүнө да кол салганын айткан.

Милициянын маалыматында, кылмышка шектелген аял ушул жылдын октябрына чейин Кант шаарында англис тилинен сабак берип иштеп келген. 2009-жылы турмушка чыгып, күйөөсү менен Кантта турушкан. 2013-жылдын жайында Бишкекке көчүп келишет. Күйөөсү базарда жүк ташуучу машине айдайт.

Психикалык жактан оорулуу адамдын мектепте кантип иштеп калганы коомчулукта бүйүр кызыткан талаштарга жол ачты. Билим берүү министрлигинин маалымат катчысы Амантур Акматов өз балдарына кол салган мугалимдин кандайча ишке киргени териштирилип, күнөөлүүлөр жазасын алат деп ишендирүүдө.

- Учурда биз тараптан териштирүү иштери башталды. Анын кандайча ишке алынганы териштирилет. Атайын комиссия баарын иликтеп чыккандан кийин тийиштүү жетекчилерге чара көрүлөт.

Амантур Акматов аталган мугалим иштеп кеткен мектептерди санап берди.

- Эң алгач Бишкектеги №49 мектепте, андан кийин №64 мектеп-гимназияда, ошондой эле Ысык-Атадагы орто мектепте иштептир. Өткөн жылдын октябрынан тарта Бишкектеги №44 мектепте англис тилинен сабак берчү экен. Директору мектептеги үлгүлүү мугалимдердин бири болчу, эмне себептен мындай ишке барганына таң калып жатабыз деп айтып жатат.

Психикасы бузулгандарды ким көзөмөлдөйт?

Балдарды коргоо лигасынын башчысы Назгүл Турдубекова жаз мезгилинде психикалык жактан жабыркагандардын оорусу козголорун, андыктан мындай адамдарга көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын айтууда.

- Психикалык жактан оорулуу экени белгилүү болгондон кийин аны дарыгерлер тыкыр көзөмөлгө алышы керек эле. Тиешелүү врачтар тарабынан тизмеге алынып, текшерилип туруш керек болчу. Үй-бүлөсү да караса болмок да. Мындай карасаң, мыйзам боюнча андай адамдардын иштешине тыюу деле салынбайт. Анткени укуктары бузулуп калат да. Болгону мындай адамдар дайым көзөмөл алдында болушу шарт.

Билим берүү тармагынын адистери психикасы бузулган адамдардын мектепте сабак бериши туура эмес экенин баса белгилешүүдө. Алардын пикиринде, өз балдарына кол салуудан кайра тартпаган адам өзгөлөргө коркунуч туудурбайт деп эч ким кепил боло албайт.

XS
SM
MD
LG