Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:48

Анапияевдин өлүмүндөгү жаңы жагдайлар


Жаныш Бакиев менен Рустам Сайдуев. Беларустагы “Чындыкты сүйлө” коомдук уюмунун мүчөсү Михаил Пашкевич тартып алган сүрөт. Минск,17-август, 2012-жыл
Жаныш Бакиев менен Рустам Сайдуев. Беларустагы “Чындыкты сүйлө” коомдук уюмунун мүчөсү Михаил Пашкевич тартып алган сүрөт. Минск,17-август, 2012-жыл

Минск шаарында өлтүрүлгөн кримтөбөл Алманбет Анапияевдин жанында болгон жан сакчысынын көрсөтмөсүнө таянган укук коргоо органдары анын өлүмүнө Жаныш Бакиев аралашкан болушу мүмкүн деген божомолго келишүүдө.

Минск шаарында өлтүрүлгөн кримтөбөл Алманбет Анапияевдин жакын жан жөкөрлөрүнүн бири, 25 жаштагы Гүлжигит Абилазизов милицияга өзү келип, көрсөтмө берүүдө.

Абилазизов Алманбет Анапияевдин жакын жан жөкөрлөрүнүн бири болгон. Ал кримтөбөлдүн өлүмүнө чейин аны менен бирге жүргөн. Бул тууралуу Анапияевдин жактоочуларынын бири Данияр Маманов “Азаттыкка” билдирди.

- Гүлжигит Анапияевдин жакын адамы катары үйүндө жүрчү экен. Ал тамак-ашын жасап, дайыма жанында болгон. Окуяга чейин Минскте чогуу болгон. Беларус милициясынын маалыматында Гүлжигит Алманбеттин өлүмүнөн кийин дайынсыз болуп кеткен.

Мындан мурдараак милиция Абилазизовду “Манас” аба майданына учуп келгенде колго түшүргөнүн кабарланган. Бирок ички иштер министри башчысы Мелис Турганбаев ал өз эрки менен келип көрсөтмө берип жатканын айтты.

- Ал окуяга шектүү эмес, күбө катары гана көрсөтмө берип жатат. Ал камалбайт, өз эрки менен бизге келди, болгону кызматкерлер аэропорттон тосуп алышты. Ал өз өмүрүнөн кооптонуп, Бишкеккке качып келгенин айтты.

Ал ортодо Анапияевдин жөкөрү Гүлжигит Абилазизовдун тергөө органдарына берген көрсөтмөсүнүн видеосу“Азаттыктын” колуна тийди.

Анда 25 жаштагы Гүлжигит Анапияевдин колуна кантип барып калганынан тартып, акыркы жашаган жеринен кантип качып чыкканына чейин баяндайт. Абилазизовдун айтуусунда, Анапияев өлтүрүлөрдүн алдында ал жашаган үйгө үч киши келген. Алардын бири 50лөрдөгү киши, экинчиси Айбек аттуу мурдатан тааныш, үчүнчүсү кавказ улутундагы адам болгон.

Гүлжигит Абилазизов
Гүлжигит Абилазизов

Анын берген көрсөтмөсү боюнча кишилер келгенде Анапияев аны сыртка чыгарып жиберген, ошентип таң аткыча подъезддеги тепкичте отуруп, келген коноктор кеткенден кийин гана үйгө кирип, кожоюнун таппай калган. Бир нерсе болгонун сезип калып, Минсктен түптүз Москвага чейин такси менен келип, Москвада эки-үч күн жашаганын айтат. Акырында досторунан өзүн издеп жатышканын угуп, өмүрүнөн корккону үчүн Кыргызстанга милицияга келгенин баяндап берген.

- Мен тепкичте күтүп турсам үйдүн эшиги ачылып, Айбек үйдөн чыгып, кайра кирди. Көп өтпөй чечен жана көз айнекчен киши менен кошо чүпүрөккө оролгон бир нерсени көтөрүп чыгышты. Мен эмне болуп жатканын деле билген жокмун. Анан баягы нерсени Алманбет байкенин машинесинин багажына салып кетишти. Көз айнекчен киши башка тарапка. Сакалчан менен Айбектин машинеси башка жакка кетти.

Укук коргоо органдары бул жерде күбө көз айнекчен киши деп Жаныш Бакиевди, чечен деп анын оң колу болгон Рустам Сайдуевди жана Айбек деп ИИМдин Уюшма кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын мурдагы башчысы Айбек Абдразаковду айтып жатканын боолгошууда. Бул үчөө тең Кыргызстандан качып кетишкен. Айрым маалыматтарда Сайдуев менен Абдразаков Минскте Жаныш Бакиевдин жанында жүргөнү айтылган.

“Колумбиялык галстук” ыкмасы...

Криминалдык дүйнөнүн коен жатагынан бери билген журналист Семетей Талас уулу Анапияевди Жаныш Бакиев өлтүрдү деген жоромолго көбүрөөк ыктайт.

- Мафиялар дүйнөсүндө адам өлтүрүүдө “колумбиялык галстук” деп аталган ыкма КМШ өлкөлөрүндө алгач ирет колдонулду десек болот. Кыргызстанда мындай мыкаачылык менен адам өлтүрүүлөрдүн автору, менимче бир гана Жаныш Бакиев. Анткени ал Садыркуловду аеосуз өлтүрүп, ага чейин адамдын манжасы менен кулагын ага белек катары жөнөткөн болочу.

Алмамбет Анапияевдин сүрөтү чапталган паспорт
Алмамбет Анапияевдин сүрөтү чапталган паспорт

Милициянын маалыматы боюнча Анапияев кримтөбөл Камчы Көлбаевдин түштүктөгү өкүлү болгон жана ошол аймактагы маңзат соодасын толугу менен көзөмөлдөп турган. Мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда анын бир тууган иниси Жаныш Бакиев менен жакын мамиле куруп, бир катар кылмыштуу буйрутмаларды аткарган. Ички иштер министрлиги Бакиевдин администрациясынын башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө Анапияевдин тиешеси бар деп жарыялаган.

Беларус жергесинде мыкаачылык менен мууздалган Анапияевдин жанынан Алмазбек Шакиров деген адамга берилген Орусиянын паспорту табылган. Анда Алмамбет Анапияевдин сүрөтү чапталган.

Алмамбет Анапияев адам өлтүрүү жана уурдоо сыяктуу бир топ оор кылмыштарга шектелип, 2011-жыл Интерпол аркылуу издөө салынган. Ал 1973-жылы 17-августта Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылында туулган.

XS
SM
MD
LG