Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:37

Бишкекте бүгүн шаар күнү белгиленүүдө. Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков шаар маданияты, элдин жүрүм-туруму тууралуу кеп салып берди.

“Азаттык”: Советтер Союзу учурундагы Фрунзе шаарын жакшы билесиз. Салыштырып айтып берсеңиз. Бишкектеги азыркы шаар маданиятына, элдин жүрүм-турум маданиятына кандай баа бересиз? Ал учурдан бери кандай өзгөрүүлөр болуп кетти?

Ишенбай Абдуразаков: Илгерки Фрунзе болсо, баягы Совет заманындагы адеп-ахлак маданият боюнча түшүнүктөрдүн негизинде өсүп келген шаар болчу. Ал кезде шаардын калкы анчалык көбөйүп кеткен эмес. Беш жүз миң кишиден ашпаш керек деген да түшүнүк бар болчу. Шаардын инфраструктурасы да ошого жараша пландаштырылып, ошого жараша каражат бөлүнүп келген. Эми андан бери жыйырма жылдай өтүп кетти.

Ошол эле жылдары эмнелер өзгөрдү? Биринчиден, мурдагыдай каттоо, андай мындай деген жок болду. Айыл-жеринде жумушчу орундар азайгандыктан эл жапырт эле борборду көздөй келе баштады. Ошентип отуруп, азыр шаарыбыздын калкы бир миллиондон ашып кетти. Мурдагы пландаштырылган шаарыбыз азыркы шаардын калкынын талабына дал келбей калды. Ошол боюнча көп кемчиликтер азыр сезилип жатат.

“Азаттык”: Ал эми тургундардын жүрүм-турум маданиятына кандай баа бересиз?

Ишенбай Абдуразаков: Жүрүм-турум маданияты да ал кезде бир аз башкараак болгон. Себеби, ошол кезде мына Фрунзе шаарында жашаган, айрыкча интеллигенциянын өкүлдөрү өздөрүн борбордо жашаган адамдар катары санап, жүрүш-туруштары мүмкүн болушунча маданияттуу болсун деген аракет болоор эле да, ошол кезде. Мына көчөгө чыкканда болобу, кийген кийимин да таза кармап, эл менен сүйлөшкөндө да сөз маданиятына, жүрүм-турумдун маданиятына көбүрөөк көңүл бөлүшөр эле.

Эми азыр мен айткандай, ар жактан бер жактан элдер көп келе баштап, ошол мурдагы салт дейбизби, баш калаанын эли башка жерлерге караганда көбүрөөк маданияттуу болуш керек, башкаларга мындай үлгү көрсөтө турган шаар болушу керек, ошол шаарда жашаган адамдар да ошого татыктуу болушу керек деген көз караш азыр кичине тайыздап баратат.

“Азаттык”: Мына сиз бир катар өлкөлөрдүн борбор шаарларында болуп келдиңиз. Кээ бир өлкөлөрдө калк баш калаага сый-урмат көрсөтүп, атайын борборго зыяратка келип турушат экен. Кыргызстандыктардын Бишкекке мамилеси кандай? Жарандар борбор шаар деп сый урмат көрсөтүшөбү?

Ишенбай Абдуразаков: Эми ал деле элдин өзүнүн салт-санаасына, өзүнүн бир тарыхый көз карашына карата калыптанат да. Чындыгында эле көп өлкөлөрдө жаш балдардан баштап баш калаасына саякатка келип, ушул жерден үлгү өрнөк алабыз дегендей, баш калаадагы маданий борборлорго келип таанышып, анан ошондогу мыкты өрнөктөр болсо, ошону жер-жерлерге дагы тараталы деген аракеттер болот, көп жерлерде. Мына ошондуктан бул өзүнчө витрина катары каралат да. Экинчиден, башка шаарлардагы элдин чет мамлекеттен келип калган элдерге, туристтерге өзүнүн шаары жөнүндө, өзүнүн өлкөсү жөнүндө оң таасир калтырганга, жакшынакай ыраазы болуп кете тургандай аракет кылганы сезилип турат.

“Азаттык”: Кыргызстандыктарда мындан нерсе аз дегенди айткыңыз келип жатабы?

Ишенбай Абдуразаков:
Ар кандай адамдар бар да. Кээ бир адамдар ошого аракет кылганын байкап жүрөм. Бирок көпчүлүгү ага маани бербей келатат. Кайдыгер да. Биздин шаар жөнүндө келген кишилер кандай таасир алат экен, ошолордун көңүлүнө жага тургандай сөздү, биз дагы салым кошолу деген аракетти көп учурда көрбөй жатам да. Бирок бар ошондой адамдар. Илгертен бери шаарда жашап келаткандар шаарга көңүл бөлөт. Анда шек жок.

“Азаттык”: Башка өлкөлөрдүн борбор шаарларына салыштыртыра келсек, бир өлкөнүн борбор шаарын, анын ичинде Кыргызстандын борбор калаасы кандай болушу керек? Бишкек бул талаптарга канчалык деңгээлде төп келет?

Ишенбай Абдуразаков: Бул бекеринен баш калаа деп айтылбайт да. Борбор дейт. Баш калаа деген айрыкча башка жактан келген элдер үчүн да, өлкөнүн баягы кирип келаткан дарбазасы деп айтсак болот. Ошо башкалар да алган таасирлер, ошондогу тартип, ошондогу шаардын тазалыгы, элдин маданияты, ошо биздин өзүбүздүн өлкөбүз, Кыргызстан жөнүндө көп маалымат берет. Башка жактан келип, айылдарга барбай эле шаарга келип кетип калган кишилер бар да. Ошолор Кыргызстан деген өлкөнү шаардагы, Бишкектеги алган таасири боюнча пикир түзүлүп, барган жеринде айтып беришет.

Бир-эки сөз менен айтканда, баш калаа жөнүндө өзүнчө шаардын статусу болушу керек. Мыйзам кабыл алыш керекпи, анан биздеги көп кемчиликтерди азайтыш үчүн шаардагы салык маселесин ирээтке келтирүү керек. Шаардын өзүндө көп нерселерди калтыруу керек.

“Азаттык”: Маегиңиз үчүн рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG