Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

Кыргызстан Бажы биримдигине ашыгууда


"Дордойдун" кожоюну туңгуюктан чыгуунун жолун Бажы биримдигинен көрөт. (Сүрөттө: "Дордой базары, 23-январь, 2013.)
"Дордойдун" кожоюну туңгуюктан чыгуунун жолун Бажы биримдигинен көрөт. (Сүрөттө: "Дордой базары, 23-январь, 2013.)

Кыргыз өкмөтү Бажы биримдигине батыл кирүү аракетин күчөттү. Бул арада айрым ишкерлер биримдикке кирүү менен солгундаган соода жанданаарын айтып чыгышты.

19-майда Бишкекте “Бажы биримдигине кошулган соң соода жана жеңил өнөр жай тармагын эмне күтөт?” аталышында талкуу өттү. Ага “Дордой” баштаган өлкөдөгү ири базарлардын жана тигүү тармагынын өкүлдөрү катышты.

Салымбеков Бажы биримдигине кирүүнү самайт

Кыргызстандагы ири базар ээлеринин, жеңил өнөр жайчылардын башын бириктирген жыйында Бажы биримдигинин пайда-зыяны талкууга алынды. Буга чейинки талкууларда Кыргызстан Бажы биримдигине бириксе оң болору айтылса, бул жыйында мүмкүн болушунча тезирээк кошулууну колдогон пикирлер басымдуу болду.

Борбор Азиядагы эң ири базарлардын бири саналган “Дордойдун” кожоюну Аскар Салымбеков базарларда соода солгундабай эле таптакыр токтоп калганын айтат. Ал туңгуюктан чыгуунун бир гана жолун Бажы биримдигине кирүүдөн көрөт.

- Кыргызстандын экономикалык, саясый изоляцияда калганы туура эмес экенин убакыт көргөзүп жатат. Анткени биздин чек арабыз бир жагынан Кытай менен, экинчи жагынан Бажы биримдигине кирген өлкөлөр менен чектешет. Бизге келип жаткан товарлардын баары четке чыгышы керек болуп жатат. Товарлардын 80 пайызы реэкспорттолот, 20 пайызы гана бизде калат. Казакстан чек араны жапты эле товарларыбыз өтпөй, "Дордой" токтоп калды.

Талкууда аталган биримдикке киргенде Кыргызстан үчүн айрым товарлардын баасы кымбатташы да айтылды. Экономика министринин орун басары Данил Ибраев тобокелчиликтер бар экенин танбаганы менен биримдиктин кыргыз эли үчүн зыянынан пайдасы көп болооруна ишендирүүдө:

- Албетте, тобокелчиликтер жок эмес. Бажы төлөмдөрү 12 пайызга чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бирок бул баалардын өсүшүнө анча деле таасир этпейт. Эгер биз Бажы биримдигинин пайдасы тууралуу сөз кылсак, анда мындай: биздин турмушка эң керектүү, баалуу буюмдар Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдөн келет. Ошол эле күйүүчү-майлоочу майлар, темир-тезектер, тактайлар, буудай жана башка товарлар. Эгер биз биримдикке кошулбасак анда баалар асмандашы турган иш. Эмне, биз ушуну каалап жатабызбы?

Ибраев кошумчалагандай, Кыргызстандын жеңил өнөр жай товарларынын 90 пайызы Бажы биримдигине кирген өлкөлөргө экспорттолот жана биримдикке киргенден кийин бул тармак өсүш алат.

Жыйынга катышкан соода тармагынын өкүлдөрү Бажы биримдигине кирүүдө Орусия, Казакстан жана Беларус тарабынан каржылык жана материалдык-техникалык жардам кепилдене турган кыска мөөнөттүү программа иштеп чыгууну кыргыз өкмөтүнө сунуштады.


Шашып кайда барабыз?..


Деген менен айрым жарандык активисттер жана экономисттер өлкөнүн Бажы биримдигине кириши көз карандысыздыгына шек келтирип, айрым товарлардын баасы асмандаарын какшап келишет.

“Бажы биримдигине каршы” кыймылынын мүчөсү Аида Алымбаева кыргыз өкмөтүнүн биримдикке шашылыш кирүү аракетин сынга алды. Алар буга чейин өкмөттү аталган биримдикке кирүүдөгү негизги документ саналган жол картасын элге түшүндүрбөй жатат деп расмийлерди айыптап келишкен.

Алымбаева биримдиктин залакасы катары буларды атады:

- Товарлар 15-20 пайызга кымбаттарын көп изилдөөлөр айтып жатат . Маселен, дары-дармектин 98 пайызы сырттан келет. Тагыраагы Бажы биримдигинен тышкаркы өлкөлөрдөн. Ошол эле автоунаалардын кымбаттай турганы турган иш. Азыр Казакстанда машинелердин тетиктери кымбат болгондуктан Бишкекке келип оңдотуп жатышат. Товарлардын 45 пайызы гана биримдикке кирген өлкөлөрдөн келет. Анын көбү күйүүчү-майлоочу майлар. Калган товарлар чет өлкөлөрдөн импорттолот. Ошондо товарлардын 65 пайызы 15-20 пайыз кымбаттайт.

Адистердин айтымында, кыргыз өкмөтү учурда Бажы биримдигине батыл кирүү аракетин күчөттү. Алар буга эртең, 20-майда жол картасы парламенттик талкууга шашылыш коюлушун жүйө келтирүүдө.

Кыргыз өкмөтү 12-майда Бажы биримдигине кирүү боюнча жол карта кабыл алган. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев ага 29-майда Евразия экономикалык шериктештигинин Астана шаарында өтчү саммитинде кол коюларын билдирген.

XS
SM
MD
LG