Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:58

Ордо калаада дүйшөмбү күнү кичи автобустардын - маршруттук каттамдардын айдоочулары ишке чыккан жок.

Иш таштоого аз күндөн кийин күчүнө кирчү жол эрежесин бузгандарга айып пулдун жогорулашы боюнча мыйзам себеп болду. Жаңы мыйзамга ылайык, шаардык каттамдагы кичи автобустар ичиндеги орундуктарынын санына жараша гана жүргүнчү алып жүрүүгө тийиш. Башкача айтканда азыркыдай үстү-үстүнө адам салып жүрө албай калат. Кичиавтобус ээлери ошондой эле жол акыны 15-20 сомго чейин көбөйтүүнү талап кылышууда.

Айдоочулардын талабы жөндүүбү?

Таң атпай Бишкектин көчөлөрүндө маршрут издеп эле чуркаган киши. Алгач айрым гана каттамдардын ишке чыкпаганы айтылып, түшкө жуук дээрлик бардык каттмадар токтоп калды. Шаарда бирин-серин гана кичиавтобус көрүнгөнү болбосо, жалаң жеңил унаалар каттап атат. Жүргүнчүлөр автобус менен троллейбустарды көрө сала жабыла чуркап жүрүшөт. Алар да эртеден кечке тыгын болду. Таксилердин баасы заматта көтөрүлүп, адамдар айласын таппай калышты.

Шаардыктардын бири Бурайма Токторалиева ары-бери каттай албай кыйналып жаткан экен:

- Кичиавтобустарды көчөдөн чырак менен издеп да таппай калдык. Кудай уруп кеткендей бири да жок. Айласыз такси менен келдик. Таксилердин күнү тууп, алар да акысын асман кылып алышкан. 30 сомдон 8 киши бир машинени жалдап алып жумушка келдик. Жалгыз кетем десең, бир кишиге 300-400 сом болуп кетип атат. Азыр да кайра кеткенге киши топтоп жүрөм. Кичи автобустар баасын жок дегенде 12 сом кылышсын, андан кымбаттатабыз дешсе бизге эле кыйын. Анда бир эле жол акылар эмес башка баалар да көтөрүлүп кетет.

Кичиавтобус ээлери орундуктардын санына жараша жүргүнчүлөрдү ташууну талап кылган жаңы эрежени жокко чыгарууну талап кылып иш ташташкан. Жумушка чыкпаган 113-каттамдын айдоочусу Максат Жамбулов мындай дейт:

- Биздеги маалыматтар боюнча, административдик кодекске өзгөртүү киргизилип, эгер кичиавтобуста орундуктардан сырткары бир адам туруп калса 3 миң сом жаза пул салынат экен. Биз азыр ушуга каршы болуп, жумушка чыкпай жатабыз. Элестет, маселен Спринтерде 15 олтургуч бар, ага 15 киши алып мен 25 км. нары жүрүп, кайра 25 км. бери жүрүп араң 300 сом табам. Жол акы 10 сом болуп атса. Анан ушул эми биздин чыгымдарды актайбы. 3000 миң сомду мен бир күн эмес, кээде 3 күндө да таппайм. Орундуктар толуп калгандан кийин мен ишке шашып аткан, же үйүнө кеч кайтып аткан жүргүнчүнү “кой, сен чыксаң мага 3000 сом жазапул салат” деп албай коё албайм да. Биздин талап - ушуну артка кайтарып берсин.

Кичиавтобус ээлери буга кошо жол акыны көтөрүүнү да талап кылышууда. Бул талаптарды атайын бир жерде чогулуп билдирүү беришпеген менен айдоочулар көпчүлүгү ушундай пикирде. Бири-бирине тилектеш катары айдоочулар каттамга чыкпай атышса, айрымдары “терезелерди талкалап салышат экен” деген кептерден улам каттамга чыгышкан эмес:

- Жол кире азыраак болуп жатат. Күйүүчү май күндөн күнгө кымбаттап жатат. Ай сайын план беребиз, патент төлөйбүз, аркы-беркиге беребиз. Анын ичинде унааны ремонт кылабыз. Анын баарына кайдан акча табабыз эми? Демек жол акыны бизге 20 сом кылып беришсин. Жол акы азыр 10 сом, пенсионерлер 5 сом төлөшөт. Азыр 10 сомго эмне келет?Азыр биздин жетекчилер чалып алып, “иштегиле, жумушка чыккыла” деп атышат. Чыгалы десек, тиги жерде “терезелерди талкалап кетип атышыптыр, уруп кетишиптир” деген сөздөр чыгып атат. Анан ошондон коркуп да чыкпай атабыз., - дейт айдоочулардын бири Арстанбек Карагулов.

Бийликтегилер үн ката элек

Бишкектиктер азыр жол кире үчүн күндүз 10 сом, кечки 9дан кийин 12 сом төлөшөт. Кичи автобус айдагандар эми бир адам үчүн жол кире жок дегенде 15-20 сом болушу керек дешет. Тургундар арасында буга айрымдары гана макул болгону болбосо, көбү караманча каршы.

Шаардыктардын бири Токтобай Назаралиев элдин баары буга нааразы болуп атат дейт:

- Маршруттар ортосуна киши алса 3 миң сом жазапул салуу боюнча берене киргизип, парламент бир иттик кылган экен. Буга жол кайгуул кызматынын жетекчиси Талант Исаевдин айыбы бар. Аталарынын акылары барбы? Булар жеп-ичип жүрүп, эми эч нерсе таппай калышканда карапайым элдин чөнтөгүн кагып алганы атышат. Бирок айдоочулар да аз-маз нысап кылышы керек. 10 сом алышса өлүп калышпайт. Айлыгы аз, жумушсуз калк 20 сом жол акыны көтөрө албайт. Эгер такыр эле болушпаса бийликтер кичиавтобустарды токтотсун да, чоң автобус жана троллейбустарды көбөйтүп койсун. Мына мен азыр 10 сом менен келе турган жерге 150 сом менен келдим, азыр кайра 150 сом менен кеткен атам. Бул эмне дегендик? Кыргызстан кайда баратат деги? Буга элдин баары нааразы.

Бийликтер болсо айдоочулардын массалык иш-таштоосуна байланыштуу чара көрүүгө деле үлгүргөн жок. Бишкек мэриясынын алдындагы шаардык транспорт башкармалыгын башчысы Нурлан Абдыкановдун айтымында, каттам ээлери койгон талаптар бүгүн-эртең каралышы белгисиз:

- Солярка көтөрүлүп жатат, ошого жол акыны көтөргүлө деп талап коюп атышат. Эми биз ал тариф боюнча сүйлөшкөнбүз, ал эми каралат. Экинчи маселеси, орундуктан ашыкча жүргүнчү алууга киргизилген 3 миң сомдук жазаны алып салгыла дешти. Айдоочулардын талаптары Бишкек шаардык кеңеши менен Жогорку Кеңештин кийлигишүүсүз чечилбейт. Аталган эки орган тең жайкы эс алууда болгондуктан, талаптарды дароо кароо мүмкүн эмес экенин айдоочуларга түшүндүрүп жатабыз. Алгач айдоочулардын ишканалары расмий түрдө бизге кайрылышы керек.

Мэрия ошондой эле каттамды тейлеген ишкана жетекчилери менен сүйлөшүү аракеттери көрүлүп жатканын айтышат. Бирок кичиавтобустар иш таштоо акциясын эртең да улантаары айтылууда.

Бишкек шаарында учурда эки миңден эки жарым миңге чейин кичиавтобус бар. Алар жалпы 41 жеке менчик ишканага карайт. Кичиавтобустар 122 каттамды тейлешет.

Маалым болгондой, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун демилгеси менен жол кыймылы тууралуу мыйзамга жана административдик жоопкерчилик кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жол эрежесин бузган айдоочуларга жаза чаралары мындан бир айча мурдараак катаалдаштырылган. Мыйзам 4-августтан тарта күчүнө кирет.

Ага ылайык, жүргүнчү ташуучу транспорттордо орундуктардан сырткары адам алууга 3000 сом, мас абалында рулга отургандар 10 миң сом айыппул төлөйт же 1 жыл айдоочулук менен коштошот. Эгер "жинди суудан" сеп этип алып жол кырсыгына себепкер болсо 20 миң сом акчалай жаза тартат же 3 жылга чейин айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат. Мындан сырткары белгиленген ылдамдыктан ашып айдагандардын жазасы да эки эсеге жогорулатылды.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG