Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Депутат Осмоналиевге байланыштуу кылмыш иши козголду


Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиевге байланыштуу УКМКнын коррупцияга каршы кызматы кылмыш ишин козгоп, ишти иликтөө үчүн Башкы прокуратурага өткөрүп берди.

УКМКга караштуу Коррупцияга каршы кызмат Кыргыз-орус Славян университетинин медициналык факультетине 24 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча иш козгоду. Ишти иликтөө учурунда ошол студенттер Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин окуу жай жетекчилигине жазган катынын негизинде кабыл алынганы аныкталган. Студенттерди мыйзамсыз кабыл алууга байланыштуу ишти учурда Башкы прокуратура иликтеп жатканын мекеменин өкүлү Алманбет Абдраманов тастыктады:

- Коррупцияга каршы кызматтан материалдар келип түштү. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Бул факт боюнча Каныбек Осмоналиевден комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Анткен менен “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов партиялашынын күнөөсү жок экенин айтууда.

- Каныбек Осмоналиевич кылмыш иши козголгонун, бирок күнөөсү жок экенин айтты. Башкы прокуратура кайсы фактынын негизинде текшерип жатканы бул кишиге белгисиз.

Куловдун маалыматында, Каныбек Осмоналиевге Кыргыз-орус Славян университетине өтүүгө жардам сурап социалдык жактан аз камсыз болггон 24 абитуриент кайрылган. Осмоналиев болсо кайрылгандардын баарын медициналык факультетке өткөрүүнү өтүнүп, окуу жай жетекчилигине кат жазат. Бирок текшере келгенде аталган тизмеге капчыктуулар да кирип кеткен.

Фракция лидери Кулов козголгон кылмыш ишинде саясий мотив бар болушу мүмкүн деген ойдо. Айтымында, буга Осмоналиевдин мугалимдердин айлыгын көтөрүү сыяктуу талылуу маселелер боюнча бийликти сынга алганы себеп.

- Менимче, бул жерде саясий негиз бар болушу мүмкүн. Бирок прокуратура жакшылап текшериши керек. Ошентсе да бул факт боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, өз корутундусун чыгарат.

Деген менен бул окуу жайдын профессору, саясий серепчи Марат Казакбаев Каныбек Осмоналиевге козголгон кылмыш иш саясатка тиешеси жок деп ишенет. Анын пикиринде, сөз болуп жаткан медициналык факультетке абитуриенттердин өтүшү кыйын жана бул жараян парасыз ишке ашпайт.

- Мунун саясий негизи жок, анык коррупция. Эң чоң коррупция абитуриенттерди кабыл алуу учурунда болот да. Мен иштеген факультетте чоң конкурс болот. Окууга өтүүдө чоң акчаларды ыргытышат. Ал жакта демөөрчүлүк жардам деген да бар, эгер абитуриент өтө албай калса контракттын акчасынан үч эсе көп төлөп анан кабыл алынат экен.

Физика-математика илимдеринин доктору Каныбек Осмоналиев 2005-2007-жылдары билим берүү министринин орун басары жана министр болуп иштеген. 2008-2010-жылдар аралыгында Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттикти башкарган.

XS
SM
MD
LG