Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Өкмөттүн электр баасы боюнча жаңы сунушу


29-сентябрда Бишкектин райондор аралык соту өкмөттүн электр энергиясына болгон тарифти жогорулатуу токтомун жокко чыгарган.
29-сентябрда Бишкектин райондор аралык соту өкмөттүн электр энергиясына болгон тарифти жогорулатуу токтомун жокко чыгарган.

Кыргыз өкмөтү электр кубатынын жаңы тарифин коомдук талкууга койду. Ага ылайык, электрди айына 700 кВт/сааттан ашык колдонгондор 1 сом 20 тыйындан төлөшү күтүлөт.

Энергетика министрлиги иштеп чыккан жаңы тарифтик саясат боюнча токтом долбоору элден бир ай ичи сын-пикир, сунуш кабыл алат. Эгер электр кубаты үчүн сунушталып жаткан баалар бекип калса, 2015-жылдын 1-апрелине чейин айына 700 кВт/саат жаккандар 70 тыйындан, андан ашканы 1 сом 20 тыйындан төлөшөт. 700 кВттан көп жаккандар 1 сом 20 тыйындан сырткары, Казакстандан импорттолгон энергия наркын кошо төлөшмөкчү. Бул тууралуу Отун-энергетикалык комлексти жөнгө салуу департаментинин башчысы Нурбек Элебаев “Азаттыкка” билдирди.

- 70 тыйын жалаң калк үчүн, ал эми 1 сом 20 тыйын көп жаккандарга болот. Айына 700 кВт жаккандар импорттолгон энергиянын баасын да төлөшөт. Бирок канча экени азырынча белгисиз. Өкмөт башчысы Оторбаев бул боюнча Масимов менен да, Назарбаев менен да сүйлөштү. Бирок 1 кВт импорттолгон энергиянын баасы канча болору боюнча келишимге кол коюла элек.

Өкмөттүн тартыштыкты жабуу айласы

Кыргыз өкмөтү учурда кыштан кыйналбай чыгуу үчүн 1 млрд. кВт электр кубатын сатып алуу боюнча казак бийлиги менен сүйлөшүп жатат. Боордош өлкө электр кубатынан каралашарын билдиргени менен энергиянын баасын ачык айта элек. Азырынча импорттолгон энергия 3 -3,5 сомдун айланасында болору болжолдонууда.

Элебаев кошумчалагандай Кыргызстан кыштан аман-эсен чыгыш үчүн 2,4 млрд. кВт/саат электр кубаты жетишпейт. Казакстан таңсыктыктын 1 миллиардын камсыз кылса, кыргыз бийлиги калган электр тартыштыгын ички резервдин эсебинен жана Түркмөнстандын жардамы менен толтуруу аракетинде. Буга чейин өкмөт Тажикстандан кышка дагы 500 млн. кВт/саат энергия аларын кабарлаган, бирок жыйынтыгы болгон эмес.

“Түндүкэлектр” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Сапар Аргынбаев өкмөттүн мындай кадамын аргасыздык катары баалады. Анын пикиринде, айына 700 кВттан ашык электр жаккандар 1 сом 20 тыйындан төлөгөнү аз келгенсип, ага кошумча Казакстандан импорттолгон энергия баасын төлөсө, эл ичинде нааразылыктар туулушу мүмкүн.

- Өкмөт эмне үчүн импорттолчу энергиянын баасын ачык айтпайт? 3 сом же 5 сом болобу? 1 сом 20 тыйынды кошуп төлөсө эл кандай кабыл алат? Бул баага бири макул болсо, экинчиси баш тартат. Анан каршы болгондордукун өчүрүп, кымбат баада электр алгандарга өзүнчө линия тартабы? Мунун баары техникалык жактан иштелип чыга элек.

Эл төлөгөн акчасын кайра алабы?

Өкмөттүн мурдагы тариф саясатын сот аркылуу жокко чыгарткан адвокат Нурбек Токтакунов электр энергиясына сунушталып жаткан баалар элдин оюн эске алуу менен бычылышы керек деген пикирде. Ал сот чечимине ылайык, 29-октябрдан тарта мурдагы тариф боюнча 1 сом 20 тыйындан төлөгөндөр акчасын кайрып алса болорун билдирди.

- Соттун чечими күчүнө киргенде эл төлөгөн акчасын кайра алса болот. Өкмөт сот чечимин жогорку инстанцияга арызданган жок да. Андыктан мурдагы тариф мыйзамсыз болуп, күчүн жоготту.

29-сентябрда Бишкектин райондор аралык соту өкмөттүн электр энергиясына болгон тарифти жогорулатуу токтомун жокко чыгарган. Ал чечим 29-октябрда күчүнө кирет. Эске салсак 17-июнда чыккан токтомго ылайык, электр кубатын 3 фазада колдонгондор 1-сентябрдан тарта 70 тыйындын ордуна 1 сом 20 тыйындан төлөп башташкан.

Өткөн жумада президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн электр кубатын өчүрүүлөр аркылуу үнөмдөө саясатын жана сот чечими аркылуу жокко чыгарылган жаңы тарифтерди катуу сынга алып, элди жарык менен камсыз кылуунун жаңы жол-жоболорун иштеп чыгууну өкмөткө тапшырган.

XS
SM
MD
LG