Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:51

Бишкектеги Ала-Тоо майданындагы “Эркиндик” эстелигинин ордуна Манас баатырдын, анын маңдайына залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелин тургузуу боюнча өкмөттүн чечими расмий айтылды.

Вице-премьер-министр Ибрагим Жунусовдун айтымында, эки айкел тең Москвада даярдалып, дээрлик даяр болуп калды. Учурда айкелди жасоонун негизги иштери аяктап, эстеликтер колого куюлууда.

Вице-премьер-министр эки эстелик тең Кыргызстандын Эгемендик күнүн утурлай ачылаарын жар салды.

- Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы “Эркиндик” айкелинин ордуна тургузулчу Манастын айкелинин бийиктиги 17 метр 55 сантиметр болот. Анда Манастын ат минип, колунда калкан, кынынан суурулбай турган кылычын кармап, бир колун көтөрүп саламдашып турганы сүрөттөлөт. Бул согушка эмес, тынчтыкка чакырууну сүрөттөйт.

Ал жерде жакшы бир энергия пайда болот деп ойлойм. Айкелди профессионал адамдар тандады. Өкмөт бул ишти январь айында эле баштаган. Каражатка байланыштуу ачык айтпай жатканбыз, эми акча маселеси чечилди.


Ал эми мурдагы Агропром имаратынын алдына орнотула турган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин бийиктиги 7 метр 60 сантиметр болот.

Бул эки эстелик 28 млн. сомго бааланууда. Айкелдерди даярдоого каражаттар бюджеттен бөлүнгөн эмес. Жунусовдун айтымында, ага жергиликтүү демөөрчүлөр жардам беришүүдө. Учурда керектелчү сумманын 10 миллиону табылган.

Сынак болду беле?

Буга чейин Кыргызстандын жакшы өнүгө албай, бир эмес эки жолу ыңкылапты башынан өткөрүшүн түндүк кармаган канаттуу периште айымдын элесин берген “Эркиндик” эстелиги менен байланыштыргандар болгон. Бир катар тарыхчы, айкелчи, коомдук ишмерлер кыргыз тарыхында түндүктү аял киши дегеле көтөрбөгөнүн айтышып, бийликтен эстеликти алмаштырууну да талып кылышкан.

Анткен менен “Прогресс” кору Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы "Эркиндик" айкели алынат деген маалымат таркагандан кийин эле ага каршы экенин билдирип чыкты.

Кордун жетекчиси Адил Турдукулов "Эркиндик" айкели Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн башкы белгиси болгондуктан аны аянттан алуу натуура иш экендигин белгилөөдө.

Жунусовдун айтымында, эки айкелди иштеп чыгуу үчүн жабык түрдө сынак жарыяланып, натыйжада Манастын эстелигин жасоо озуйпасын буга чейин Кожомкулдун айкелин тургузган скульптор Базарбай Сыдыков утуп алган экен. Ал эми Айтматовдун айкелин скульптор Сооронбек Бейшенбаев жасап жатканы кабарланды.

Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кыдыралиев “Эркиндиктин” ордуна Манастын айкелин тургузуу демилгелерин көтөргөндөрдүн бири. Бирок ал борбордук аянтка коюлчу эстелик үчүн сынак керектүү деңгээлде өткөрүлбөй, бул маселе шышылыш чечилип калды деп эсептейт.

- Бул жерде президенттин кенешчиси Султан Раев жана башкалардын демилгеси менен шаша-буша эки күндүн ичинде эмгектердин бардыгын сүрөт музейине жашыруун чогулта коюп, ошонун негизинде тандалып калган экен. Ошондо өкмөт башчы Атамабев келип "Чыкеге бул, Манас атага бул" деп тандап кеткен экен. “Шашкан шайтандын иши” дейт, деги эле элибизди бактысы ачылыш үчүн саясий иштерден баштап, маданиятка чейин шашпай, бекем, кыраакылык менен жасалыш керек эле. Эми дагы Акаев убагындагы шаша-буша коюлган көпөлөк аялдай болуп калбаса экен деп чочуп атам.

Коом эмне дейт?

"Бул эстеликтин этек-башы ачык болуп турбайбы. Ошон үчүн кыргыз кыздары да ачылып, кантип бузулбасын деп айтып атышпайбы. Ал эми Манасты да жакшылап карайт болуш керек".

"Биз бул эстеликке көнүп калдык. Ушул эле туруш керек го деп ойлойм. Ал эми Манас деген жомок да. Бул биздин өлкө, мекенибиз туурасында бир нерсе айтып турат. Манас тигил жакта да, бул жакта да турат".

"Манас болсо деле жакшы, “Эркиндик” деле жаман эмес. Бул энени көрсөтүп турат".

"Манастын эстелиги бар, бул жерге кыргыздын аксакалын коюп койсо деле жакшы болот эле. Ал эми “Эркиндикти” түшүнбөйбүз. Биздин жашоо миф эмес. Ал эми реалдуу турмушта канаттуу адам жок. Эмне көтөрүп алганы да түшүнүксүз".

""Эркиндик" эстелигинин артында бир идея, түшүнүк деле жок. Орустун канаттуу периштесин коюп койгон. Же Манастын, же кыргызды кыргыз кылып тааныткан Чыңгыз Айтматовдун эстелигин коюп койсо деле жарашат. Себеби өзүбүздүн балдар да".

“Эркиндик” эстелиги Эгемендүүлүктүн 12 жылдыгына, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналып 2003-жылы Лениндин эстелигинин ордуна коюлган эле.

Жунусов “Эркиндикти” башка жакка көчүрүү үчүн анын автору Тургунбай Садыков менен сүйлөшүүлөр жүрүп, эки-үч жер сунушталып жатканын билдирди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG