Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:48

Өкмөттүн токтомуна ылайык, мындан кийин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтан терс негизде бошотулган адамдар атайын тизмеге алынат.

Аталган токтомго 30-декабрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Эгер мамлекеттик кызматчы ишке мас абалында келсе, митингдерди, каршылык акцияларын уюштурса, ишинен тышкары саясий партия же диний уюмдарга мүчө болсо, мал-мүлкү тууралуу маалыматтарды жашырса жана "Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү" мыйзамга каршы келген иштерди жасап иштен бошосо дароо кара тизмеге алынат.

Кара тизме кыйгап өтчү "парашютчулар"

Кыргызстандын мамлекеттик кызматтарында өңчөй тааныш-билиштик менен же заманбап термин менен айтканда “парашют” менен түшкөндөр иштейт. Алар баскычтарды басып өтпөстөн чоң кызматка отурушат. Мындай оюн "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Каныбек Осмоналиев билдирди.

- Биринчиден, өкмөт өзүн өзү тазалоого аракет кылып жатат. Бул келип-келип эле президенттин коррупцияга каршы күрөшүүдө
досторумду, жакын туугандарымды да аябайм деген билдирүүсүнөн улам чыккан нерсе. Болбосо бул үчүн атайын токтом токууга деле негиз жок болчу. "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" деген мыйзам бар да. Андан көрө ошонун аткарылышына көзөмөлдү күчөтүш керек эле.


Вице-премьер-министр Токон Мамытов мамлекеттик кызматка ишкердик менен шугулдангандар, кылмыштуу топтун мүчөлөрү аралашып жатат деген пикирлерди четке какпайт. Мамытовдун ою боюнча мамкызматта мыйзам жол бербеген адамдардын орун алышына күч органдарынын чабалдыгы себеп.

- Мындай мыйзам бизге керек. Албетте каршы чыккандар да болбой койбойт. Негизи мамкызматчы ишкердик менен алектенбеши керек. Ишкерлик кылса кызмат абалынан пайдаланып, мамлекеттин мүлкүн өзүнө ыйгарып алышы мүмкүн. Алар көбүнчө мүлкүн үй-бүлө мүчөлөрүнө каттатышат. Бирок миң балакет жашырган күндө деле күч органдары жакшы иштесе, мамкызматчынын канча байлыгы бар экенин аныктап койсо болот. Бизде тилекке каршы андай болбой жатпайбы.

Кара тизме курмандыкка чалуунун куралыбы?

Жогорку Кеңештин депутаты Ташболот Балтабаев өкмөттүн токтому ак иштеген мамкызматкерлерди иштен алуу үчүн курал болуп калышы мүмкүн деген ойдо.

- Негизи бардык эле кызматкерлердин мыйзамга туура келбеген жагдайлары белгилүү. Бирок ал нерселер керек болгонго чейин ачыкка чыгарылбайт. Маселен, депутаттарга же министрлерге каршы кылмыш иши козгоордо гана алардын мыйзамга каршы келген жагдайлары ачыкталат. Кыскасы бул токтом чынчыл бир кызматкердин канатын кыркуу үчүн пайдаланылып калышы мүмкүн. Анткени бизде саясий маданият, башкаруунун акыйкат принциби деген түшүнүктөр жок.

Балтабаев мамлекеттик кызматкерлер иштен бошотулганынан да кайра башка ишке орношкону бат болуп жатканын кошумчалап, буга ИИМдеги кадрдык саясатты мисал келтирди.

Ал эми коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков мамлекеттик кызматтарда чала сабат, ууру-кескилердин иштеп калышына, министрликтерди партиялардын бөлүп алганы себеп экенин айтууда.

- Партиялык тизме менен бир гана министр же бир-эки жардамчысы келиш керек. Калгандарынын бардыгы мамлекеттик кызмат мыйзамынын негизинде конкурс менен ишке алынышы керек. Бизде кайсы бир партиянын мүчөлөрү басымдуу болуп кетет. Алар мамкызматка эл үчүн эмес, өзүнүн капчыгын толтуруп, байлык топтош үчүн барышат.

2010-жылы мамлекеттик кызматкерлерди люстрациялоо башкача айтканда тазалоо мыйзамы сунушталып, колдоо тапкан эмес.
  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG