Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:21

Кыргыз мыйзамдары ит этинен тамак жасоого тыюу салганы менен Бишкектеги корей ашканаларында ал чүйгүн тамак катары кастарланып келет.


Иттин терисин тескери сыйрыгандар

Кыргызстанда иттин бир гана этинен эмес, терисинен да акча жасашат. Бишкектеги ири базарларда кийизден же төрт түлүк малдын терисинен жасалган батектер 20 сом болсо, иттин терисинен жасалганы 200 сом турат. Ал эми белдемчилер 500 сомдон.



Сатуучу Назиранын айтымында, кардарлар аталган товарларды издеп келип алат:

- Иттин терисинен жасалган батектер кышкысын жакшы өтөт. Кардарлар атайын издеп келип алат. Бул батектер суук өткөрбөйт, суукта абдан жылуу болот. Соодагерлер өздөрү да ушул батектерди колдонушат. Көбүнчө мусулмандар алат. Дарылык касиети да бар экен.

Назира аталган товарларды дайыма орус улутундагы бир кишиден аларын кошумчалады. Сатуучулардын айтымында, ит терисин иштеткендер базар кыдырып, товарын өздөрү таштап кетет.

Ош базарын кыдырып жүрүп, жолбун иттерди атып өлтүрүп, анын терисин акчага айланткан адамды да кезиктирдик. Ал аты-жөнүн атабаганы менен төмөнкүдөй маалымат менен бөлүштү:

- Жолбун иттерди көрүнгөн жерден атам. Кээ бирөөлөрүн кармап туруп эле бычак менен соём. Жолдо жүрөбү, башка жакта жүрөбү, кармасам болду да.

Бул көчө иттеринен акча жасоонун бир гана мисалы. Болбосо, иттин этин жана майын дарылыкка колдонгондор да жок эмес.

Бишкек шаарындагы үй-жайсыз ит-мышыктардын так санын айтуу мүмкүн эмес. Айрым маалыматтарда алардын саны 50 миңге чейин жетери айтылып келет. Бишкектеги жолбун иттерге каршы күрөшүү “Тазалык” муниципалдык ишканасына жүктөлгөн.

Аталган мекеменин кызматкери Болот Асыгалиев баш калаада жыл сайын 10 миңге жакын ит атыларын жана ага 4 миллион сомго жакын каражат бөлүнөрүн айтат:

- Бишкекте 8 ит кармагыч иштейт, ар бир райондо экиден. Ит атууга көп деле каражат бөлүнбөйт. Күнүнө ар бир топко 6 литрден май жана 4-5 ок берилет. Эгер кароосуз жүргөн итти кармоого мүмкүн болсо өлтүрбөй кармап, ишенимдүү колго беришет. Эгер каршылык көрсөтсө, атып жок кылышат. Иттерди көбүнчө эртең менен эрте же кечинде атабыз. Күндүз кабанаак же кутурма иттер чыгып калганда гана атабыз. Иттердин сөөгүн шаар сыртындагы атайын жайга алып барып көмөбүз.

“Тазалыктын” кызматкери мэрияда жолбун иттерди эмес, кароосуз калган адамдарды багууга акча жок экенин айтып, ит-мышыкка каршы күрөшүүнүн эң арзан жолу атуу экенин кошумчалады.

“Мэрия мыкаачылык менен майнапсыз иш кылууда”

Деген менен “Үй-жайсыз жаныбарларга жардам берүү” фондунун төрайымы Ольга Рохмонова мэриянын жолбун иттерге каршы күрөшүн мыкаачылык менен жасалган майнапсыз иш деп баалады. Анын айтымында, кароосуз иттердин азайышын алардын төлдөшүн хирургиялык жол менен чектөө аркылуу камсыз кылса болот:

- "Тазалык" ондогон жылдардан бери эле майнапсыз иш кылып келатат. Иттерди атуу маселени чечпешин жолбун иттердин көптүгүнөн эле билсе болот. Негизи чыныгы үй-жайсыз иттердин саны аз эле, бизде кароосуз калган жандык көп. Тагыраагы, көбүнүн ээси бар, бирок карабайт. Иттер көчөдөн тамак таап жейт. Борбор Азияда үй жандыктарына карата ушундай кайдыгер мамиле калыптанган. Алар итке эптеп эле үй-мүлкүн кайтартып алса болду. Өз жоопкерчилигин сезбейт.

Рохмонова бир итти стерилизация кылууга миң сомдун айланасында акча кетерин, аталган уюм жумасына 5-6 жандыктын төлдөшүнө чек коёрун айтып өттү.

Корей ашканасына ит эти кайдан келет?

Жолбун иттер корей ашканасынын чүйгүн тамагына айланбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Мындай пикирин үй жаныбарларынын жашоосу үчүн күрөшкөн коомдук бирикменин өкүлү Алла Кобцова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мындай жолго экономикалык кыйынчылыктар себеп болот:

- Бишкекте корей ашканалары бар экенин баарыбыз эле билебиз да. Бирок иттин эти боюнча бизде эч кандай санитардык норма жок. Тагыраагы, элге кафеден иттин этин берүү мыйзамсыз. Бирок иш жүзүндө ошондой чыгып калып жатканын экономикалык кыйынчылыктар тастыктап жатат. Анткени ит атарлар үчүн айлыкка, майга, ок-дарыга акчанын аз бөлүнүшү жолбун иттердин эти кафеге тапшырылышын шартташы мүмкүн. Атуу пайда алып келбесе ит атарлар бул ишти кылмак эмес.

Ушундай жоромолдордон кийин борбордогу “Дом корейской кухни” деп аталган ашкана менен байланышып, ит этинен кандай тамактар бар экенин сурадык. Өзүнүн атын атоодон баш тарткан кафе кызматкери аталган ашканада иттин этинен жасалган тамактын түрү бар экенин, этти жергиликтүү жарандар камсыз кыларын түшүндүрдү. Анын ишендиришинче, эт атайын справка менен келет, бирок справка кайсы орган тарабынан берилгени бүдөмүк.

Ит этин саткан касапчылар

Бишкекте көчө иттерин союп, этин корей ашканаларына тапшыруу менен шугулдангандар да жок эмес. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Айбек Арзиматов Арча-Бешикте былтыр катталган окуяны эске салды:

- 2013-жылдын 15-июлунда Арча-Бешик айылында белгисиз адамдар жолбун иттерди союп, корей ашканасына тапшырат деген маалымат келип түшкөн. Бул факт тастыкталган. 2-3 адамды ит союп жаткан жеринен кармаганбыз. Бирок этти корей ашканасына тапшыруу фактысын тастыктай алган жокпуз. Анткени кармалгандар этин алып барганда корей ашканасы кабыл алуудан баш тартып койгон. Ошондуктан аларга эч кандай чара көрө алган жокпуз.

Ит эти эч бир текшерүүдөн өтпөйт

Корей ашканалары ит этинен түрлөп тамак жасап жатканы менен, Кыргызстандын мыйзамдары буга тыюу салат. Тагыраагы, бул эттин сапатын, тазалыгын аныктоого эч кандай лаборатория жок, эттин жолбун иттики эместигин аныктоо азырынча мүмкүн эмес.

Бул тууралуу өкмөттүн алдындагы ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын бөлүм башчысы Ашырбай Жусупов билдирди.

- Иттин эти биздин ветеринардык, санитардык нормаларга туура келбейт. Ит эти лабораториядан да өтпөйт. Ошондуктан ага биз тараптан эч кандай справка берилбейт. Ит этинин корей ашканасында дасторконго коюлуп жатышы мыйзамсыз көрүнүш.

Аталган инспекция жарандардан арыз келмейин корей ашканаларын текшере албайт. Жусуповдун айтымында, буга чейин эч ким ит этинин кайдан келээрине кызыккан эмес.

Адистер кароосуз калган иттер өлкөнүн бардык аймагында көбөйгөнүн айтып келишет. Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү жолбун иттердин санын жаныбарлардын убактылуу баш калка жайын ачып же төлдөшүн хирургиялык жол аркылуу чектеп келет. Кыргызстан сыяктуу атып жоготуп же ийне сайып уктаткан өлкөлөр да жок эмес. Бирок мындай өлкөлөр жаныбарлардын укугун коргогон эл аралык уюмдар тарабынан катуу сынга алынып келет.
  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG