Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Жер талашуу кезеги окуу жайга жетти


Музыкалык-педогогикалык колледждин имараты
Музыкалык-педогогикалык колледждин имараты

Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педогогикалык колледжине таандык 1 гектарга жакын спорт аянтчасы ар кандай жолдор менен жеке менчикке өтүп, учурда курулуш иштери мыйзамсыз жүрүүдө.

Борбор калаанын Ахунбаев көчөсүндөгү №121 дарегинде жайгашкан музыкалык-педогогикалык окуу жайына 1983-жылы Фрунзе шаардык советинин чечими менен 2,4 гектар жер берилген болсо, бүгүнкү күндө анын бир гектардан ашык спорттук аянтчасы жеке менчикке өтүп кеткен.

Мындай маалыматты аталган окуу жайдын деректири Кубанычбек Осмонов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аталган жер тилкеси мурдагы шаар бийлиги тарабынан 2007-жылы эле 4 кишинин жеке ээлигине айланган.

Осмоновдун ырасташынча, мэриянын мурдагы аппарат жетекчиси Александр Богатов аттуу жаран 0,3 гектар жерди менчиктеп, азыр көп кабаттуу үйдүн курулушун баштоо алдында турат.

Курулуш жүрүп жаткан жер
Курулуш жүрүп жаткан жер
- Богатов жерди менчигим деп аң каздырып салды. Мыйзам боюнча билим берүүчү мекемелердин жери менчиктештирилбейт. А булар болсо кызмат абалынан пайдаланып, жерди документтештирип алышыптыр. Буга чейин болуп өткөн сот процесстерине бизди чакырышкан эмес. Баары тымызын бүткөн. Арызданбаган жерибиз калган жок. Башкы прокуратурага эле 3 жолу кайрылдык. Эмдигиче майнап жок. Богатов баары менен жең ичинен сүйлөшүп коет. Ошондуктан соттор да ишти чоюп жатышат. Соттук териштирүүлөр аяктагыча мыйзамсыз курулуш бүтүп калмай болду.

Жердин көмүскө кожоюндары кимдер?

Биз аталган талаш жерге барганыбызда Богатовго таандык делген жер бийик калай тосмолор менен курчалып, курулуш иштери башталган экен. Ошол эле жерде “Ник XXI Ltd” аттуу жоопкерчилиги чектелген коом көп кабаттуу үйдүн курулушун кызуу улантып жатыптыр. Окуу жайдын жамааты маселенин төркүнүн түшүндүрүп жатканда куруучулар 3-кабаттын арматураларын байлап жатышты. 9 кабаттуу үйдү куруп жаткан KG group ишканасы курулушту жер ээлери менен биргеликте куруп жатканын, жер чырына тиешеси жок экенин билдирди.

Жогоруда аты аталган Александр Богатовго чалып, анын да жүйөөсүн уктук. Ал мэрия ага 4 бөлмөлүү үй карыз болуп, анын ордуна ушул жерди чегерип бергенин айтып ишендирүүдө. Бирок эмне болгон карыз экенин түшүндүрүүдөн баш тартты. Ал өзүн мыйзамдуу менчик ээсимин деп эсептейт:

- Аталган жер менин менчигим экенин тастыктаган кызыл китепче да, мага берүү тууралуу мэриянын чечими да бар. Эми алар далили жок мени араб шейхи деп айтышы деле мүмкүн. Бирок бардыгын документ менен тастыкташ керек да. Ооба, мен мэрияда иштегем, бирок ал жерди алып жатканда кызматта эмес болчумун. Керек болсо аталган жер тилкесин мэрия менен соттошуп жүрүп, тынчтык келишиминин негизинде алгам. Баары мыйзам чегинде.

Деген менен Кубанычбек Осмонов окуу жайдан тартылып алынган жерлердин чыныгы ээлери мурдагы башкы прокурор Чубак Абышкаев, Чүйдүн мурдагы губернатору Кубанычбек Сыйданов экенин, Богатов сыяктуулар алардын ишенимдүү адамдары деп ишендирүүдө:

- Бул курулуштардын артында таасирдүү адамдар турат. Мисалы Ник XXI Ltd Кубанычбек Сыйдановго, жанындагы жер мурдагы прокурорго таандык деген маалыматтар бар.

Осмонов атап өткөн адамдардан комментарий алууга болгон аракетибизден майнап чыккан жок.

Бул маселе боюнча Бишкек шаарынын башкы архитекторунун биринчи орунбасары Аскат Түлебердиевге кайрылганыбызда, жерлер кандай жол менен берилсе да кызыл китеби бар экенин, бирок курулуп жаткан курулуштарга уруксат кагазы берилбегенин билдирди.

- Чындап эле ал жердин кызыл китеби бар. Соттун чечими менен алган экен. Ал эми курулуштун архитектуралык пландоо шарттары, долбоору жасалган эмес. Бир сөз менен айтканда, үй курууга уруксат кагаздарын алган эмес.

Ал эми архитектуралык курулуш көзөмөл башкармалыгынын борбордук аппаратынын кызматкери Таалай Аширбаев музыкалык окуу жайдын аймагына мыйзамсыз үй курулушу мүмкүн эместигин айтууда:

- Мен билгенден шаар боюнча мыйзамсыз салынып жаткан курулуштар соттун чечими менен токтотулган. Окуу жайдын аймагына мыйзамсыз үй курулушу мүмкүн эмес. Анткени бардык курулуштар тыкыр көзөмөлгө алынган.

Оюн талаасынан айрылган окуучулар

Кандай болгон күндө да аталган окуу жайда музыканттар, башталгыч класстын жана дене тарбия сабагынан мугалимдер даярдалат. Учурда 5 факультет болсо, анда жалпысынан бир жарым миңге жакын окуучу билим алат. Алардын ичинде спорт аянтчасы абадай керек 200гө чукул дене тарбия бөлүмүнүн окуучулары да бар. Окуу жайдын 4-курсунун студенти Асылбек уулу Жыргалбек студенттердин маселесин кабыргасынан койду:

- Биз азыр жабык жайда машыгып жатабыз. Ал жер тар, балдардын баары батпайт. Жаз келгенде кайда барабыз, ал белгисиз. Жазында ары-бери чуркап, топ ойношубуз керек да. Ушул маселебизди чечип беришсе жакшы болмок. Баарыбыз айылдан келген балдарбыз. Машыкчу жайыбыз жок болсо, бизден кандай спортчулар чыгат?

Учурда көп кабаттуу жеке менчик үйлөр курулуп жаткан аянтта мурда футбол, волейбол жана баскетбол талаасы болсо, азыр анын ордун курулуш материалдары алмаштырган. Атүгүл 500 метрлик чуркоо аянты болоор эле деп эскеришет окуу жай мугалимдери. Буга чейин аталган аянтта келечектеги спортчулар футбол ойноп келсе, эми сот органдары жана менчик ээлери окуу жай жетекчилигин “футбол” ойнотуп жаткандай.

Жер талаш: кезек окуу жайларга жеттиби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:11 0:00
XS
SM
MD
LG