Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

“Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү Кыргызстандын кризиске кептелген энергетика тармагын иликтөөгө алды.

“РусГидро” Жогорку Нарын каскадынын баштапкы курулуш иштерине 37 миллион доллар сарпталганын айтып, төлөп бергиле деп кыргыз өкмөтүнөн доолап келет. Эч нерсе курула электе эле ушунча каражат кеткенинен шек санаган депутаттар атайын комиссия түзүп, 37 миллион доллардын изине түштү. 12 депутаттан турган комиссиянын төрагасы Алманбет Шыкмаматов ГЭС курулушуна короду делген каражаттар бери дегенде эки-үч эсе жогору көрсөтүлгөнүн айтууда. Эл өкүлдөрүнүн эсебинде ГЭС курулушуна ашып эле кетсе 5 миллион доллар жумшалган. Ал ортодо деп комиссия алгачкы жыйынын өткөрдү. Анда 37 миллион доллардын кайда жумшалганын иликтей турган өкмөттүк комиссия түзүлөрү белгилүү болду. Көрсө, депутаттар эле эмес өкмөт мүчөлөрү өздөрү да "РусГидронун" эсеп-чотунан күмөн санап жаткан экен.

Баса, Орусия Нарын ГЭСтери менен кошо Камбар-Ата-1ди да бүткөрмөк. Аталган ГЭСтин багы 2009-жылдан бери ачылбай келет. Багы жокко дагы жок болуп Кыргызстан кайрадан инвесторго издөө салды. Жогорку Нарын каскады менен Камбар-Ата-1 президент Алмазбек Атамбаевдин бетке кармаган долбоору экенин эске алганда, мамлекет башчысы мөөнөтүнүн соңуна чейин жаңы өнөктөш табууга аргасыз. Ишенген кожобуз болгон Орусия “сууга акты”. Эми кайсы инвестордун алдына тал кармайбыз? 2 миллиард. долларга бааланган Камбар-Ата-1ди, 727 миллион доллар турган Жогорку Нарын каскадын ким курат? Энергетиктердин эсебинде, ГЭСке кеткен каражат 20-25 жылда араң өзүн акташы мүмкүн. Ошол себептүү инвестор экономикалык пайдадан мурда, геосаясий кызыкчылыкты көздөрү айтпаса да түшүнүктүү. Өзбекстан сыяктуу коңшулар ГЭС курулушуна ич күптүсүн уланта берсе, жаңы инвестор деле алардын кабак-кашын карабай кое албаса керек.

ГЭС курууга ыктымал инвестор өлкөлөрдүн катарында Кытай, Түштүк Корея, Түркия жана Араб өлкөлөрү турат. Бирок аталган өлкөлөр ГЭС курса, электр энергиясын карапайым элге киловаттын бир сом тегерегинде сатуусу эч мүмкүн эмес. Анткени электр кубатын 10 центтен башкача айтканда жети сомдон сатканда гана инвестордун чөнтөгүнө пайда түшүшү мүмкүн. Кыргызстандын электр энергиясына болгон муктаждыгы жыл сайын өсүп баратат. Кыш катаал болгон мезгилде өлкө миллиард киловаттка жакын электр кубатын коңшу өлкөдөн беш сомдон сатып алууга мажбур. Буга чейин Кыргызстан электр энергиясын экспорттоочу өлкө аталып келсе, эми импорттоочуга айланды. Орусия убадалаган ГЭСтер курулбай, Кыргызстан Борбор Азияда суу башы деген ураан суу кечпей турган убак.

Ал арада айрым эксперттер түйшүгү түмөн ГЭС курганча көмүр же газ менен иштей турган жылуулук борборлорун (ТЭЦ) салуу алда канча арзан экенин айтып чыгышты.

Газ демекчи “Газпром” Кыргызгазды бир долларга сатып алганда тоодой убадаларды берген. Алардын арасында Бишкектеги 22 жаңы конушту газдаштыруу планы да бар болчу. Өкмөт Орусия менен ГЭС куруу боюнча келишимди жокко чыгаргандан көп өтпөй премьер-министр Темир Сариев эгер жергиликтүү эл газ кошууга кайдыгер караса, “Газпром” конуштарды газдаштыруу долбоорунан баш тартарын айтып коркутту.

  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG