Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:27

Текебаев: Импичмент үчүн кошумча далил табылды


Президент Алмазбек Атамбаев айрым бир партияларга тартып, башка партияларды кас тутканы импичмент үчүн кошумча далил. Мындай пикирин бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Кеңештеги "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди:

- Президент бүгүн да өз ызасынын деңгээлинен көтөрүлө албай, жеке симпатия-антипатиясын билдирип, көзү ачыктык кылып жатат. Анын бул жүрүм-туруму, бир партияга жан тартып, экинчи бир партияга жамандык каалап, аны кас тутканы Конституцияга туура келбейт. Бул импичмент боюнча чогултулуп жаткан материалдарга кошумча далил болот.

Бүгүн добуш бергенден кийин президент Алмазбек Атамбаев КСДП менен "Республика" жеңишке жетишет деп ойлорун, “Өнүгүү-Прогресстин” шансы бар болчу, бирок Текебаевдин колдоосу алардын мүмкүнчүлүгүн төмөндөттүбү же жогорулаттыбы, айтуу кыйын" деген божомолун айткан.

Өмүрбек Текебаев учурда Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо демилгесине даярдык көрүүдө. (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG