Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Кытайда окуган кыргыздар эмнеден кыйналат?


«Kyrgyz Union» жаштар уюмунун жетекчиси Талгат Молдалиев (оңдо биринчи)
«Kyrgyz Union» жаштар уюмунун жетекчиси Талгат Молдалиев (оңдо биринчи)

Беш жылдан бери Шанхайда бизнести башкарууну окуп жаткан Талгат Молдалиев «Kyrgyz Union» жаштар уюмун жетектейт.

Кыргызстандык жүздөгөн жаштар Кытайда билим алып жатышат. Кытайдай саясый, идеологиялык, социалдык жагдайы такыр башка өлкөдө окуп-тарбияланган адистер кайсыл системага ыкташат? Ушулар тууралуу Кытайда 7 жылдан бери жашап, азыр Шанхай университетинде бизнести башкаруу кесиби боюнча билим алып жаткан Талгат Молдалиев менен маектештик.

"Азаттык": Шанхайга эки-үч күнгө келген адамга бул жактагы саясый системадагы, коомду уюштуруудагы, жүрүм-турумдагы чоң айырмачылык сезилет экен. Силер да ошону байкайсыңарбы?

Молдалиев: Беш жылдан бери биз көнүп калдык. Бирок жаңы келгенде башка улут, маданият, каада-салт болгондон кийин көнүш абдан кыйын болгон. Өзүңүздөр байкагандай, кытайлар эмоциясын көп билдирбейт, аябай токтоо, адамгерчиликтүү, конокко сылык жана иштерман келет.

"Азаттык": Бул жерде күн ысык, бирок күндүн бети көрүнбөй асман күңүрт тартып турат экен, абасы кандай?

Молдалиев: Көптөн бери жүрүп көнүп калдык. Башында мекенибизди, туулган жерибиздин абасын сагынып жүрдүк. Үйгө эс алууга барганда өпкөбүздү толтура кере-кере дем алып, күчтөнүп келебиз. Албетте, көнсө болот. Бирок бул жактагы кыргызстандыктар мекенибизге кайтып, өлкөбүзгө кызмат кылалы деген ниеттебиз.

"Азаттык": Шанхайда аба булганыч болгондуктан, оозу-мурдуна маска тагып алгандар да бар экен...

Молдалиев: Бул жакта абанын булганганы канчалык экенин так айта албайм. Бирок, өзүңүздөр билгендей, Кытай дүйнө жүзүн камсыз кылып жатат, завод-фабрикалар өтө эле көп, эли да көп. Ошого жараша абасы да булганбай койбойт.

"Азаттык": Силерге курбалдаш кытай жаштары менен мамилеңер кандай? Балким сиз кытай кызы менен сүйлөшүп калсаңыз...

Молдалиев: Кытайлык досторубуз бизге сабактан же башка зарыл болгон учурда дайыма жардам берип турат. Ал эми, сиз айткандай, кытай кызы менен сүйлөшүү планда жок. Өзүбүздүн кыргыз кыздарыбызга жетпейт.

"Азаттык": Кыргыз кыздарынын өзгөчөлүгү эмнеде?

Молдалиев: Маданияты жагынан. Баары бир кыргыз кыздары жүрөгүбүзгө жакын.

"Азаттык": Бизде, мисалы, саясий эркиндик бар. Адамдар өзүн ээн-эркин алып жүрөт, оюн ачык айта алат. А бул жактын саясий системасын, өзгөчөлүгүн эске алганда кыйынчылык жаралбайбы?

Молдалиев: Мен окуган университетте жүздөн ашуун улуттун өкүлү окуйт. Маданий өзгөчөлүк жактан алганда көп деле басым кылышпайт бизге.

"Азаттык": Интернеттеги көп эле сайттар, Facebook, Twitter бул жакта ачылбайт экен.

Молдалиев: Себеби мамлекет өз калкынын маалымат коопсуздугун коргойт. Маалымат менен адамдын жүрүм-турумун, ой-жүгүртүүсүн өзгөртүп коюу мүмкүн. Миллиарддан ашуун калкты коргоп, башкаруу оңой эмес. Ошондуктан Facebook, Twitter, YouTube сыяктуу социалдык тармактарды "кармап" турушат.

"Азаттык": Мындай чектөө силерге тоскоолдук кылбайбы? Себеби азыр кыргыздар дүйнөнүн булуң-бурчунда бар, социалдык тармактар аркылуу алар менен байланышуу оңой. Өзүңүздүн деле досторуңуз бардыр...

Молдалиев: Бул жакта баасы кымбатыраак программалар бар. Ошолорду жүктөп алып Facebook, Twitter, YouTube сайттарына чыга алабыз.

"Азаттык": Кытайдын окутуу системасы мурдагы советтик кездегиге окшоштой сезилет...

Молдалиев: Мен өзүм 90-жылдарда туулгандыктан, СССРди толугу менен көрө алган жокмун, бирок ата-энемден угуп калчумун. Бул жакта баары коммунисттик бойдон калды, ошол эле кезде өтө катуу болбосо да демократияга умтулуу бар. Баарын бириктирип турчу өзүнчө жаңы жол пайда болгон.

"Азаттык": Окууну бүткөндөн кийин кандай диплом аласыңар, ал башка өлкөлөрдө таанылабы?

Молдалиев: Кытайда бир нече ири университеттин дипломдору башка мамлекеттерде таанылат.

"Азаттык": Биздин студенттерде сабакты, өтүлүп жаткан теманы окутуучу менен талашып-тартышуу аркылуу үйрөнүү деген да түшүнүк бар эмеспи. Силерде ошондой сынчыл көз караш, кабыл алуу жок болуп калбайбы?

Молдалиев: Чын эле жаңы келгенде биз ошону да байкаганбыз. Мисалы, Бишкекте сабакта отурганда тема башталганда эле өтө катуу талкуулап жиберчүбүз. Ал эми Кытайда адамдар өз ой-пикирин башкаларга билдиргиси келбейт. Сабак өтүп жаткан мугалим суроо бергенде катуу талкуу чанда гана болот.

"Азаттык": Кыргызстанда студенттер кээде түнгө чейин эс алып, түнкү клубдарга барат. Силерде да ошондойбу?

Молдалиев: Шанхай шаарында 60 кыргызстандык жашайт. Биздин уюм башыбызды бириктирип, интеллектуалдык, спорттук иш-чараларды уюштуруп, өнүгүү, мекенибизге пайда алып келүү максатында түзүлгөн. Албетте, баары эле клубга барбайт деп айта албайм. Ал да бар. Бирок бизде, Шанхайда окугандарда баары чеги менен. Соңку төрт жылдан бери бул жакта патриоттук, кайрымдуулук, маданий, спорттук жана башка иш-чараларды өткөрүп келатабыз.

"Азаттык": Сиз бизнести башкаруу жагын окуп жатасыз. Кайсы өлкөлөрдүн мисалында окутулат?

Молдалиев: Көбүнчө Кытайдын. Башка мамлекеттердикин үстүртөн эле айтып кетишет. Өзүлөрү деле "силер Кытайда окуп жаткандан кийин баарын кытай тилинде үйрөнүп, Кытайдын тарыхын, маданиятын, системасын жакшы билиш үчүн баары ушул өлкө менен байланыштуу болушу керек" деп ачык айтышат.

"Азаттык": Кытайлык үй-бүлөдө бала менен ата-эне мамилеси кыргыздардыкынан айырмаланат бекен?

Молдалиев: Белгилүү болгондой, булар Конфуцийдин идеологиясына өткөн. Анда мекенге, ата-энеге кызмат кылуу, жакшы мамиле жасоо биринчи орунда. Бул жагынан алганда биздин маданиятыбызда окшоштуктар көп.

"Азаттык": Эгер беш маал намаз окуп, диний ибадат кылсаңар тоскоолдук болбойбу?

Молдалиев: Ар бир шаарда ар башка. Мисалы, Сиан деген шаарда мечит аябай көп. Себеби дунгандар арбын. Ал эми Шанхайда болсо мечит андай көп эмес. Беш маал намаз окуган балдар үйдөн окушат. Жума намазга мечитке барып турушат.

"Азаттык": Эч ким ал үчүн жектебейби?

Молдалиев: Жок.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG