Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Жо Байден: Орусия либералдык тартип үчүн коркунуч


Жо Байден Давос форумунда. 18-январь, 2016-жыл.
Жо Байден Давос форумунда. 18-январь, 2016-жыл.

АКШнын кызмат мөөнөтү аяктап жаткан вице-президенти Жо Байден бүгүн Давостогу экономикалык форумда кеңири сөз сүйлөдү. Ал Орусияны мына ушул сөзүндө эл аралык либералдык тартип үчүн эң чоң коркунуч” деп атап, Москванын Батыш шайлоолоруна кийлигишүү аракеттерин алдыда да күтүүгө болорун эскертти.

- Быйыл Европанын көп өлкөлөрүндө шайлоо болот жана биз Орусиянын демократиялык жараяндарга кийлигишүү аракетин күтүүбүз керек. Бул кайрадан болот, мен силерге убада кылам. Мунун максаты кайрадан эле айкын: эл аралык либералдык тартипти кыйратуу”,- деди АКШ вице-президенти.

Жо Байден Кошмо Штаттарды жана Европаны либералдык баалуулуктарды коргоо боюнча күрөштүн алдыңкы сабында турууга чакырды жана НАТО трансатлантикалык альянстын чечүүчү элементи болуусу керектигин белгиледи.

АКШнын шайланган президенти, 20-январда кызматка киришүү алдында турган Доналдь Трамп буга дейре НАТО ал үчүн да али “абдан маанилүү” биримдик экенин, бирок ал “эскиргенин” терроризмге каршы күрөшкө жетиштүү каражат бөлбөй жатканын айткан. (UE)

XS
SM
MD
LG